АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖАН ДҮЙНӨҢДҮ КЫТЫГЫЛАГАН КЫСКА АҢГЕМЕЛЕР

Аз сөз — саз сөз, эжеси дейт таланттын,
Аз саптарда терең маани катылган.
Маалыматтын заманында будуң чаң,
Маанилүү ойлор, кызык, кыска жазылган!

Кымбаттуу досум! Бул жерден сиз кичинекей же өтө эле чакан, жан дүйнөңдү ойго салган салмактуу аңгемелердин топтому менен таанышасыз. Кээ бир аңгемелер 4-5 саптан, кээси андан көбүрөк. Канчалык кыска болсо да ар бир аңгемеде өтө чоң бир окуянын эшиги ачылат. Кайсы бир аңгемелер жеңил жана тамашалуу болсо, кай бирлери акылыңа акыл кошуп, терең философиялык ойлорго түртөт, бирок баары тең жан дүйнөңдү аралап өтөт. Кыска аңгемелер жанры аз сөз колдонуп, чоң окуяларды чагылдырырып, ой жүгүртүүңдүн чабытын кеңейтет. Бир бетке толбогон аңгемени окуп бүтүп, бир китепти окуп чыккандай таасир алган учурлар болот.  

Көңүлдүү окууну жан дүйнөңдү козгогон жаңы сезимдерди каалайм!

Абийирбек АБЫКАЕВ

Станислав СЕВАСТЬЯНОВ

Станислав СЕВАСТЬЯНОВАялдардын бактысы…

Маша Скворцова жасана кийинди, катыра боёнду, күрсүнүп алды да бир чечимге келип, Петя Силуяновго конокко барды. Тигил аны жакшы тосту, даамдуу токоч менен чай берип сыйлады. А Вика Телепенина жасанган да жок, боёнгон да жок, күрсүнгөн да жок, ал жөн гана Дима Селезнёвдун үйүнө кирип барды. Тигил аны арак жана жакшы колбаса менен сыйлады. Көрсө, аялдардын бактысын табуу жолу эсепсиз көп экен да.

Роберт ТОМПКИНС

Роберт ТОМПКИНС: Чындыкты издөө

Акыры ушул жан адам басып келбеген, түнт айылда ал издегенин тапты. Жыртылган эски алачыктагы оттун кашында Чындык отурган эле.

Ал буга чейин ушунчалык карыган, кебетеси суук аялды жолуктурган эмес эле.

— Сиз, Чындыксызбы?

Бүт денесин бырыш басып, уйпаланган  карган кемпир башын ийкеп койду.

— Айтыңызчы, сиз жөнүндө элге эмне деп айтышым керек? Кандай кабар айтам?

Кемпир күйүп жаткан отко түкүрдү да жооп берди:

— Мени жаш жана абдан сулуу экен деп айт!

Бред Д. ХОПКИНСКүмүш ок

Сатуунун көлөмү акыркы алты кварталдан бери төмөндөп кетти. Ок-дары чыгарган Фабрика чоң жоготууларга учурап, банкрот болуунун астында турган.

Аткаруучу директор Скотт Филипс анын себебин түшүнө албады, бирок акционерлер баардык күнөөнү ага оодара салышарын  ойлоду.

Ал столдун тартмасын сууруп чыкты, тапанчаны алды, чекесине такап курокту басты.

Бред Д. ХОПКИНС

Тапанча от албай калды.

«Та-ак, продукциянын сапатын көзөмөлдөгөн бөлүмдүн ишин караш керек экен.»

«Илгери-илгери сүйүү жашаптыр»

Улуу топон суу жүргөнү жаткан. Ошондо Нух пайгамбар айтат:

«Ар бир жандык пары менен кирсин! Жалгыз келгендерге орун жок!!!»

Сүйүү өз теңин издей баштайт — Намыс, Байлык, Даңк, Кубаныч бардыгы өз теңдерин таап алышыптыр.

Ошондо Ажырашуу ага келип: «Мен сени сүйөм.” —дейт.

Ошол замат Сүйүү аны менен Ковчегке секирип түштү.

Ажырашуу чындыгында эле Сүйүүгө ашык эле, ошондуктан ал кургакка чыкканда да андан ажырагысы келген жок.

Азыркыга чейин Сүйүүнү Ажырашуу ээрчип жүрөт…

Владислав ПАНФИЛОВ: Эне

Эне бактысыз эле. Ал күйөөсүн, балдарын, неберелерин, чөбөрөлөрүн биринин артынан бирин одүйнөгө узатты. Ал балдарынын кичинекей кездерин, чоңоюшканын, карып ак чач болуп, бүкүрөйүп калгандарынан бери унутпай эстеп жүрчү. Эне өзүн убакыт аёсуз күйгүзүп жок кылган тойкойдон калган жалгыз түп кайыңдай сезчү.

Эне өз өлүмүн тилечү: ага кандай кыйын өлүм берсе да макул эле. Анткени ал жашоодон чарчады! Бирок анын жашоосу уланып жатты… Анын жалгыз кубанычы – көздөрү аталарыкындай бадырайган неберелеринин неберелери эле. Аларды бапестеп багып, өзүнүн өткөн өмүрүн, өтүп кеткен балдары жана неберелери, чөбөрөлөрү  жөнүндө узак аңгеме куруп берер эле… Бирок бир жолу асманга чейин көтөрүлүп көздү уялткан, ысык аппак жарык энени курчап алды да, анын кыбыраларын тирүүлөй куйкалап кетти, өзү ысыктан куйкаланган терилеринин ооруганына араң чыдап, күйүп кургап калган алаканын асманга жайып, өз тагдырын каргап жатты. Асман ага ышкырган ысык абанын жаңы толкуну жана жарк-журк жанган алоо жалыны менен жооп кылды. Жер титиреп, толкунданып, миңдеген жан космоско сапар тартты. Планета ядролук соккудан жабыркап, өлүм алдында тыбырчылайт…

Кичинекей күлгүн түстүү периште шамалга ыргалган янтарь бутакчада  отуруп алып, теңтуштарына мындан көп жылдар мурда аалам кезип учуп келатып, космос нурларына чагылышкан көгүлтүр-жашыл планетаны көрүп калганын айтып берип жатты.  «Ах, ал кандай гана керемет эле! Ах! Ал кандай гана сулуу эле!» — деп айтарга сөз таппайт периште. «Керээлдин кечке жапжашыл талаалардын үстүндө калкып учуп жүрдүм! Көпкөк көлдөр! Күмүш түстүү дарыялар! Мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сездим, көңүлүм көкөлөп, бир жакшы иш жасагым келип турду!»  Ошол кезде  тайыз көлмөнүн жээгинде жалгыз отурган баланы көрүп жанына учуп бардым да, ага шыбырадым: «Мен сенин каалаган кыялыңды ишке ашыргым келет! Мага айтып эле кой!» Бала мага бакырайган татынакай кара көздөрүн бажырайтып карады да: «Бүгүн менин энемдин туулган күнү. Кандай күнгө туш болсо да, мен анын түбөлүккө жашашын каалар элем!» «Ах,кандай аруу кыял! Ах,  кандай гана дилден чыккан ак тилек! Ах, кандай бийик сезим!» «Ах, ушундай баласы бар, кандай бактылуу аял!» — деп ырдап жатышты кичинекей периштелер.

(Уландысы бар)

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ