КАЗАКОВ Түгөлбай: АЛТЫН БАЛАЛЫК: ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВДУН «ЭСИМДЕ» КИТЕБИНЕН

Кеп башы

Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү. Абасы да, суусу да таптаза. Бизден өйдө кийиктер эле жашайт. Тоолор бийик, жылдыздар жакын. Жылдын жарымы кыш. Ал кезде кар калың түшүп, кыш узак болор эле. Кыш чилдесинде, январдын алгачкы түнү кыштоодо, боз үйдө төрөлүпмүн. Жылым – Коён, жылдызым – Текечер, дарагым – Пихта.

* * *

… Чоң калай кашыктагы өлгүдөй ачуу сары дары жана мени киринткени жаткан тегерек темир чылапчын. Бул өмүрдөгү эскерүүм ушул эки нерседен башталат.

* * *

«Анда үчтөн өтүп калгансың. Катуу тумоолоп ооруканада жаткансың. Эки сабактын ортосунда санаам тынбай чуркап келдим. Мени көргөндө дайыма көзүң бакырайып, сүйүнүп кетчү элең. «Түкү, мен келдим», – десем мойнуң шылкыйып тааныбай калыптырсың. Терезеден кетенчиктеп, ыйлап жибердим» – дейт байкем. Он сегиз жылдан кийин оорукананын терезесинен: «Күкү, мен келдим», – десем, дайыма эки колун сунуп талпынып турчу тун кызым үлдүрөп, мени тааныбай калганда тамды айланып, колуман эч нерсе келбесине ыза болуп ыйлап жибергем… Ызанын көз жашы жаман. Бирок ыйлабаган жакшылыкты билбейт…

* * *

Атам өмүрүнүн эң акыркы күнү (жайлоодо) таң атпай туруп отуруп, беймарал уктап жаткан бизди карап: «О, шордууларым ай, шордууларым!» – деп бир өксүп алган экен. Элүү биринде кетип баратса, энесинин көзүн караган чиедей жаш балдары калып жатса, алардын маңдайын жөлөр жатындаш тургай аталаш да, чоң аталаш да, бабалаш да жакын тууганы болбосо, «кулакка» айдалып же кайын-журттан киши калбаса…

Бала кезде туугандан да көңүлү калган жайы бар экен. Бир эсирген уруулашыбыз: «Бу жетимди Суусамырга баратканда Өтмөктүн белине корумдап салгыла!» – деп буйрук бериптир. Аны угуп калган бир чоң апабыз атамды качырып ийип, ал тээ төмөндөгү кыйыр туугандардын колунда жүрүп чоңоюп, эр жеткенде кайтып келген экен. Балким, балдары да ошол зөөкүрдүн урпактарынан кордук көрөт деп санааркагандыр, ким билет…

Балким, туулгандан өксүбөй, өлгөндөн өксүгөн ата-бабаларын, жетимдиктин жети кабат кайышы мойнун кескен, жалгыздыктын жанга баткан азабын тарткан өз өмүрүн ойлоп, капарсыз уктап жаткан балдарын карап, эми булар да көрбөгөн азапты көрөт турбайбы деген арман менен ташкерең тагдырдын алдында майышкандыр, ким билет…

Айтор, ошол күнү көөдөнү толо күйүт, алкымы толо арман менен көз жумган экен. Аны жакага апкелип жайына коюп, баш-аякты жыйгыча жайлоодогу жылкыларын, уй-койлорун «топурагы алтын морадерлор» талап кетишиптир. Малды ким карайт эле, апам боз үйдө отурса, эки агам чыйылдап үй түбүндө өкүрүп турса…

Атам өлгөндө сары бээси боз үйдүн эшигинен башын салып, көз жашын буурчактатып, кадимкидей ыйлаптыр. Айрым адамдарга караганда ошол жылкы күйүмдүүрөөк болгонбу дейм. Ошо сары бээни да сайга алпарып союп кетишкен экен, апам башын көтөрүп келиптир. Кийин кимиси канча мал жетелеп кеткени угулат. Айылдан нени жашыраласың. Бирок эч кимиси чычкак улак да кайтарган жок. Неге десе: «Токтогул бизге мал карыз болчу» – деп чыгышыптыр. Малдуу киши үрөргө ити жок кишиден карызга мал алат дегенге жинди киши да ишенбейт ко дейм.

Атам, балким, ушундай болорун сезип, ишенип дайындар жакыны жок ичтен зилдесе керек, ким билет… Кыскасы, «атанын малы балага мал болбойт» тура.

Атамдан айрылганда апам 32де, Эсен байкем ондо, Аман агам алтыда, мен беш айлык экенбиз. Ал киши: «Кудай ушу үч баламан айтсын» – деп турмушка чыккан жок. Өмүрүн, жаштыгын бизге арнады. Тирилике үйрөткөнү менен ыбырсыган көртирилике бастырган жок. Дайыма: «Окугула, адам болгула. Силерге арам жакпайт. Тукумуңарда жок. Сиңбейт. Бирди алсаңар бештен ажырайсыңар. Дүнүйө эмне экенин көрбөдүкпү…» – дечү.

Атам: «Бир кезеги келгенде, казы, карта, жал жедим. Бир кезеги келгенде, жата калып кар жедим…» – деп «кулак» болуп кетиптир. Адам өмүрү ушул төрт сапта турган жокпу? Ак менен карадай, күн менен түндөй, бар менен жоктой жалгашкан бул таамай төрт сап кимди гана күтүп турбайт да, кимге гана жолугуп, кимдерди гана эсине келтирбейт!

Таятам казал жазган, комузду, анан эмнегедир казактын домбурасын безилдете черткен киши болуптур. Ырдабаптыр. Жазган казалдарын жыйнап-жыйнап, уукка кыстарып койчу экен. Кийин аны кулакка тартабыз деп эки жигит келбейби. «Байсың, Совет өкмөтүнө каршысың, камайбыз, тап душмансың», тара-пара дешкен го. Ошондо таятам балдарын сооротуп: «Мени Олуя-Атага чейин (азыркы Тараз, биздин айылдан 200 чакырым алыс) айдап баргыча бу жигиттердин курсагы ачат, тамак даярда» – деп таэнеме казан астырат. Аңгыча жигиттердин бири: «Тигилер эмне?» – деп ууктагыларды көрсөтөт. «Ал менин казалдарым» – дейт таятам. «Совет өкмөтүнө каршы жазылган да, ээ?» – дейт тиги. Таятамдын ачуусу келип, ууктан бир түрмөгүн жулуп алып: «Каяктагы совет өкмөтү?! Ме, окубайсыңарбы» – деп тигилерге сунат. Ал экөө тең кашайып кат тааныбаган немелер экен: «Тиякка алып барып тапшырабыз, ошондо көрөбүз эмне жазылганын» – дешет.

Таятам аларга өмүр-өлүм жөнүндө бир-эки казал окуп берет да, машиненин фарасын тиктеген койдой маңырайып отурган кебетелерин бир аз карап туруп, анан ырларын жыйнап, күйүп жаткан отко бир барактан таштап отуруп өрттөгөн экен. Артында: «Кат тааныган бир урпагыма жетсе болбойт беле» – деп үнү каргылданып кетти дейт. Балдарынын маңдайынан жыттап-жыттап алып кете бериптир. Ошону менен казалы да калбай, домбурасынын да үнү өчүптүр… Каерде атылып, каерде көмүлгөнү белгисиз…

Таэнем болсо замандын түрүн көргөн соң бир бала, бир кызын жетелеп Бишкектин үстүндөгү төркүндөрүнө келет. «Кулактын тукумдарына» камдалган катаал турмуш акыры үчөөнүн тең өмүрүн алып тынат.

* * *

…Тагдыр эки адамды кошпойм десе, жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе, жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура…

Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөр элем. Аерде таанышым деле жок.Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок.Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок.Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: «Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?» – деп калды. «Ала кетейин, отуруңуз» – дедим. Жетимиштерге барып калган экен. Турмуш сыртын жулмалаган менен көкүрөгүн алалбаптыр. Жупуну кийинип алып эл аралап жүргөн падышадай эле сүйлөп келатат. Сөз арасында:

– Сенин да акең Ленинби? – деп калды.

– Жок, Курманалы аке, – дедим. (Ошо кишини айылдагылардын баары аке дешчү). Анан барып казактар атаны аке дээрин эстедим. Аңгыча:

– Ленинди көрдүң беле? – дейт мен таң калып карап калсам.

– А мен көргөм, – деп коёт.

– Каерден? – деп кызыга түштүм.

– Меркеде, Жамбылда, Шымкентте турат ко колун сунуп, элден бир сом сурап! – дебеспи…Анан көпкө сүйлөгөн жок. Оо, бир кезде мени жаңы байкагансып ата-тегимди, эл-жеримди сурап кирди. Айткандарымды ыңгыранып көңүлсүз угуп отурган. Айылымды айтканда жандана түштү. Анан атасы атактуу бай болгонун, жайкысын Суусамырга баратканда биздин айылдагы атасынын Кыштакбек деген досунукуна бир-эки күн өргүп,анын казалдарынан угуп, домбурасын эшитип жүрүшкөнүн айтып, ал кезде тестиер бала элем деп калды. Жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Нечен жылдан бери ушу кишини күтүп жүргөн турбаймынбы! «Оо, карааныңан айланайын, таятамды көргөн киши!» – деп кыйкырып жибере жаздадым…

Машинени токтотуп, сыртка чыккандан кийин Кыштакбектин небереси экенимди айтсам, кайран карыя кайра-кайра бооруна кысып, улам тиктеп, улам кучактап бирдеме айткысы келип айталбай, үнү каргылданып, жашып кеткен эле…

Совет өкмөтү булардын да талканын чыгарыптыр. Атасын камап, малын ортого алып, бала-бакырасын Өзбекстандын чөлүнө ыргытып, өзбектердин малын кайтартып коюптур. Аяктан 62-жылы араң дегенде Чымкентке келишиптир.

– Мага баары түш сыяктуу болду да калды, карагым! – деди, аягында.

* * *

Ошентип кечээ эле бакубат турган үй-бүлө кыйрап, үч кыз калат – Мыскал, Бермет (менин апам) жана Мөөркан. Улуу таэжем менен апамды мектептен кулактын тукумдары деп кууп чыгышыптыр. Алар окубай калышты. Апам: «Окубай гана калдым да…» – деп кийин арман кылып жүрдү. Ал мектепте класстын алдыңкысы болуп, латын алфавитин баштап калган экен, кийин кириллицаны өз алдынча үйрөнүп, карыганга чейин китеп, гезит-журналдарды окуп жүрдү. Мага кичинемде «Жолборс терисин кийген баатырды» обонго салып окуп бергени эсимде. Мөөркан эжем (биз ал кишини эже деп калдык) мектепти бешке окуп, Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болуп, Оштун Лаглан, Лянгар, Отуз-Адыр айылдарында орус тил мугалими болуп иштеди.

* * *

Эсен байкем өнөр аркаласа чоң акын болмок. Болгондо да жанды кыйнап ыр курабаган, турган жеринен төгүлгөн акын болмок.

Тоо башы мөңгү агарат,
Суурулуп суулар салаалап,
Көөдөнү жашыл тукаба,
Көл-Төрдү келем аралап.

Сумсаят зоолор мунарык,
Сур булут менен уланып.
Башынан улар үн салса
Байкалбайт көзгө тунарып…

Ушул ырды он алтыдагы бала жазган десе ишенесизби? Бизди окутуп киши кылам деп жүрүп, кайран талант ачылбай калды.

* * *

Ортончубуз Аман эле. Ал төрөлгөндө атам: «Ушул балам билим көздөп, мугалим болор бекен?..» – деп койчу экен. Дегинкисинде баарыбызга эле мүнөздөмөнү так бериптир. Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыгалбадык. «Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок» – деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем.

Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман:

– Бол, жат, киши келелекте, – дейт.

– Эмне болду? – десем.

– Карабайсыңбы алдагыны! – дейт.

Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр.

Мектепте драма ийрими уюшулуп, Аман бир хандын ролун аткарып калды. Мен эң алдында отургам. Чалдын чапанын кийип, аппак сакал тагынып, олуттуу басып келатса, тааныбаптырмын. Үнүн укканда: «Э-э, Аман!» – деп кыйкырып, каткырып жиберип, кайра уялып, кыпкызыл болуп, эки колум менен оозумду баса калып, коркуп, бир кызыктай болуп отуруп калдым. Бир кезде, ролу ошондой экен, ачууланып, каарданып, өңү кубарып, жанындагыларды каарып кирди. Мени урушуп жаткансып, томсоруп эле отуруп калдым. Ал акыркы сөздөрүн айтып, этектерин далбактатып, шарт-шарт басып чыгып кеткенде залдагылар дуулдатып кол чаап жиберишти. «Картайса ушундай чал болот турбайбы» – деп мен отурам, сыймыктанып.

Кайран жигит, картайбай калбадыбы…

* * *

Мен анда алтыга чыга элекмин. Аман рогатка алып келиптир. Сурасам бербейт. Байкеңен барып отуз алты тамганы үйрөнүп келсең берем дейт. Мен байкеме келип асылдым. Ал мугалим болсо да мыкты мугалим болмок. Наяты чай кайнамда тамганын баарын жаттатты. Чуркап Аманга келип, бадырата айта баштадым. (Эсимде, «ц» тамгасын айталбай койгом). Рогаткасын бир жолу аттырды, талаага кетти. «Бар, эми жазма түрүн үйрөнүп кел» – деди. Кайра байкеме келдим. Ал болсо жадабайт.

Шашпай үйрөткүчө түн кирди. «Ата», «Апа», «Меш» дегенди жазып алганыма сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Байкем улам мактап коёт. Өпкөсү жок жаным, балдырап окуй баштабадымбы! Ошол күндөн тартып мага сонун «оюн» табылды. Эки агам эки жагыман жөлөп отуруп, алтыга чыкканда окуганды, санаганды үйрөтүштү. Анан жомокторго алып киришти. Эң керемет дүйнө ушул экен. Качан болсо акыйкаттык жеңет! Качан болсо актын иши ак! Качан болсо кара ниеттер жазаланбай койбойт!

Туңгуюктан жарык дүйнөгө алып чыккан эки агама, эки дүйнөдө ыраазымын! Мени оюндан окууга буруп кеткендин укмуш жолдорун табышар эле. Мен кежирленгенде агаларым эч качан күчкө салчу эмес. Эстүү кишилер да, качан болсо акыл менен ийге келтирип коюшчу.

Үч кылы түрлүү үн каткан,
Комуз элек бир кезде.
Кош кылда кыйла сыр жаткан,
Домбура болдук бул кезде.

* * *

Эрте жазда, айылдан обочороок талаага көчүп келдик. Апам боз үйүн тикти. Талаада иштегендерге ысык-аш жасамай болду. Бу тракторчуларың кол жууйт дегенди билишпейт окшойт, карамай-сарамай бойдон эле тамак иче беришет экен. Үйдүн түбүндө шаркырап суу агат. Оңой менен жуунушпайт. Апам бир-эки айтып көрдү. Болушпайт. «Өзүбүздүкү өзүбүзгө дары» – деп коюшат.

Бир күнү калдайган чоң тактаны алып келип, үйгө жөлөп коюшту. Окусам: «Доска показателей» – дейт. Күнүгө ким канча жер айдаганы жазылат экен бор менен. Анысын бирөө жазат, кечинде башкасы келип текшерет. Жүрдүм-жүрдүм да бир күнү баарын өчүрүп туруп, оюма келген сандарды жазып салдым. Ызы-чуу эле түшүп калышты. Кечинде:

– Ким жазды? – деп «текшерүүчү» менден сурады.

– Мен, – дедим акырын.

– Ийе-ата, сен жазганды билесиңби?

– Билем.

Ал экзаменди аябай алды да:

– Өй, ырас болбодубу. Сен эми тракторчулардын айтканын доскага жазып, анан мобу дептерге момундай кылып көчүрүп коюп тур, макулбу?

– Макул.

– Ойноп кетип мени кашайтып жүрбө?

– Антпейм.

Ошол күндөн «учётчик бала» деген атка кондум. Бирок бир топ күндөн кийин башкарма келип урушуп, чыныгы учетчике жаздырып койду. Гектар дегенге эле акылым жетпейт. Акыры байкем алгач метрди, анан сотукту, анан гектарды түшүндүрдү. Чуркап ойногондо «бир метр, эки метр» деп санап отуруп, жүз болгондо «сотук» деп коём. Туурасынан да ошондой чуркайм да, «гектар!» деп кыйкырам. Же аны уккан киши жок.

Жакында апам алып келген ак козу артыман калбайт. Анын менден башка караан тутары жок, менин андан башка «досум» жок. Ээрчишип жүргөнүбүз жүргөн. Кичине эле адаштырып койсоң, сулунун арасынан ушундай бир муңканып маарайт, чуркап барып кучактап калам. Туткактаганы туткактаган. Мага аябай үйүр болуп кетти.

* * *

Апам Аманга деп татынакай, чыкчыйган көк кепка сатып келди. Ал мектепте болчу. Бир чети мектепти, экинчи чети Амандын сүйүнгөнүн көргүм келип, кепканы алып, мектепти көздөй урдум. Козум кошо келатат. Келсек эч ким жок, баары сабакта экен. Ар кайсы айнекти карап жүрсөм чуулдап танаписке чыгып калышты. Чуркап барып колуна бердим. Кийип көрдү. Уш-шундай жарашты дейсиң! Сүйүндү. Балдар менен чуркап ойноп кетти. Көпкө карап турдум да, окугум келди.

Эртеси козум экөөбүз мектепке келдик. Бут жылаңайлак. Балтырлар жарылган, сүйкөгөнүм солидол. Баш болсо турат, калжайып. Көчөлөш бала көрүндү. «Жүр, биздин класска» – деди. Бардым. Оосурак эле жыттанат. Эң арткы партада отурат экен, эки бала. Үчүнчү болуп отуруп алдым. Козум жанымда. Балдар сырттан чуулдап киришти да, мени бири көрсө, бири көрбөй отуруп калышты. Мугалим кирди. Аздан соң доскага жаза баштады эле козум маарап жиберди. Класс дуу түштү. Мугалим:

– Бу кайдагы козу? – деди.

– Меники, – дедим.

– Сен кимсиң, тур ордуңдан! Эмне отурасың биерде?

– Окуюн деп келдим.

– Козуң да окуйбу?

Балдар каткырып калышты.

– Жок, бул окубайт.

– Келчи бери. Эмне билесиң?

– Баарын билем, – деп жибердим, шашканыман. Козум жанымда турат.

– Эмне дейт! Бу кайсы тамга?

– Мен гезит окуйм.

– Ыя, де. Кана, мобуну окучу, – деп ачылган китепти берди.

Окуп бердим. Кара-ап турду.

– Жазганды билесиңби?

– Билем.

– Жазчы, доскага билгениңди – деп колума бор берди.

Мен: «Апа. Ата. Меш. Окугум келет» – деп жаздым. Күлдү. Балдар тынчыбайт. Алардын эрмеги эле козу.

– Канчадасың?

– Алтыдамын.

– Оо кокуй, болбойт. Жетиге чыкканда кел. Ага чейин сага да, козуңа да уруксат жок. Бар эми.

Чыгып кеттик. Ыза болуп калдым. Жолдо ойлодум: окусам, жазсам, санасам эмне үчүн албайт?

* * *

Кайран гана козум! Сүннөткө союлуп кетпедиби. Эрназар кескичти өзүм чакырып келгенимди кантейин. Алданып калдым. Келсем териси жайылып калыптыр. Жылкы соё тургансып, беш-алтоо мени качырып сала беришти…