АБЫКАЕВ Абийирбек: ГРИГОРИЙ ГОРИН: «КИРПИ» — ТЕККЕ КЕТКЕН АРАКЕТ ЖӨНҮНДӨГҮ ОКУЯ

АҢГЕМЕ

Атасы кыркка, Славик — онго, кирпи — андан да аз жашка барган.

Диванда бетин газета менен жаап жаткан атасынын жанына, тумагына кирпи салып алып, жүзү бакытка толгон Славик жүгүрүп кирип кубанычтуу кыйкырды:

— Ата, карачы!

Атасы газетаны ары койду да, кирпиге көз жүгүрттү. Мурундары чуштуйган, сулуу кирпи экен. Анын үстүнө атасы баласына жаныбарларды сүйүүгө үйрөтчү, анан калса атасы өзү да жаныбарларды жакшы көрчү.

— Жакшы кирпи экен! — деди атасы. — Супсулуу  экен! Кайдан алдың?

— Короодо чогуу ойногон бала берди,— деди Славик.

— Белекке бердиби? — атасы тактап сурады.

— Жок, биз алмашып алдык, — дейт Славик. — Ал мага кирписин берди, мен ага билетимди бердим.

— Эмне болгон билет?

— Лотерея, — деген Славик кирпини жерге коё берди. — Ата, буга сүт бериш керек.

— Сүтүңдү коё тур! — деди атасы үнүн бийик чыгара. — Лотерея билетин кайдан алдың?

— Мен аны сатып алгам, — деди Славик.

— Кимден?

— Көчөдө бир байкеден… Ал андай билеттерден толтура сатып аткан. Отуз тыйындан… Ой, ата, кирпи дивандын астына кирип кетти…

— Кирпиңди коё турчу! — жинденген атасы Славикти жанына отургузуп алды. — Ал балага лотерея билетин кантип берип койдуң?.. Балким ал билет бир нерсе утуп калсачы?

— Ооба, ал уткан, — деди Славик, кирпиден көзүн албай.

— Кантип? Утту дейсиңби? — Үнү каргылданып, атасынын мурдунун учунан тер чыга түштү. — Эмне утту?

— Муздаткыч! — деп Славик күлүп койду.

— Эмне дейсиң?! — Атасы бир башкача титиреп кетти. — Муздаткычпы?!.. Эмне деп келжиреп атасың?.. Утканыңды кайдан билдиң?!

— Кантип, кайдан? — Славик таарына кетти. — Мен аны газетадан текшергем… Биринчи үч саны туура чыкты… калган сандары… Жана  сериясы так ошол!.. Ата, мен текшере алам! Мен эми чоңойбодумбу!

— Чоңойдуңбу?! — Атасы тамагы айрылгыча бакырды эле, дивандын астындагы  байкуш кирпи коркконунан топтомолок болуп калды. — Чоңойдуңбу?!.. Муздаткычты кирпиге алмаштырыппы?

— Мен ойлогом, — Славик бүжүрөй түштү,— мен биздин муздаткычыбыз бар, ал эми кирпибиз жок деп…

— Бас жаагыңды! — атасы кыйкырып, дивандан секирип турду. — Ким ?! Ким ал бала?! Кайда жүрөт ал?!

— Ал кошуна үйдө жашайт, — Славик ыйлап жиберди. — Анын аты Сеня…

— Бас! — кайра кыйкырган атасы, бир колуна кирпини мыжыга кармап алды. — Бат бас!

— Барбайм, — деп бышактады Славик.  — Мага муздаткычтын кереги жок, мага кирпи керек!

– Бас, шалапай, — деп кырылдады анда атасы, — билетти кайра алалычы, мен сага жүз кирпи сатып берейин…

— Жок…— бакырып ыйлады Славик. — Сатып бербейсиң… Сенька  алмашпайм дегенде араң макул кылгам…

— Аның да бир ойчул болсо керек! — дейт атасы жинденип. — Бол эми, батыраак бас!..

Сеня сегизде болчу. Ал короонун дал ортосунда бир колуна Славикти, бир колуна кирпини кармап, жулкунуп келаткан каардуу атаны көрүп, коркуп карап калды.

— Кана? — деди тигинин атасы Сеняга жакын келип. — Билет кайда?  Кылмышкер, бул тикенегиңди ал да, билетти бер!

— Менде билет жок! — деди Сеня коркконунан тизеси титиреп.

— Анан кайда?! — деп кыйкырды тиги. — Сүткор, эмне аны сатып жибердиңби?

— Мен андан көгүчкөн жасагам, — деди үнүн араң чыгарып бышактаган Сеня.

— Ыйлаба! — деди ачуусун басууга аракеттенген Славиктин атасы, — Ыйлаба, бала… Демек, көгүчкөн жасадың. Ал көгүчкөн кайда?.. Кайда ал?..

– Тиги чатырдын кырына илинип калды…— деди Сеня.

— Кайсы кырга?

— Тээтиги! —  Сеня экинчи этаждын кырын көрсөттү.

Атасы пальтосун чечти да, жаандын суусу куюлуучу кернейге жабышып өйдө чыга баштады. Балдар анын чыгып баратканын маашырлана карап турушту. Атасы эки жолу ылдый шыпырылып барып оңолду, акыры кырга чейин жетип, кичинекей сары кагаздан жасалган, бир аз суу тийип нымдалышып калган  көгүчкөндү колуна алды. Жерге түшүп, бир аз демин басты да көгүчкөндү жазып, билетке көз жүгүртүп, анын эки жыл мурда чыгарылганын көрдү.

— Сен муну качан сатып алдың эле? — деп сурады атасы Славиктен.

— Экинчи класста окуп жүргөндө, — деди Славик.

— А качан текшердиң?

— Кечээ.

—Бул башка тираж турбайбы… — деди атасы чарчаңкы.

— Эмнеси бар экен? — деди Славик. — Сандарынын баары туура чыгып жатпайбы… Атасы унчукпай барып нары жактагы отургучка көчүк койду. Анын көөдөнүндө жүрөгү ээ-жаа бербей, сыртка чыга каччуудай дүкүлдөп, көзүндө кызгылт тоголок кичинекей шарлар уча баштады… Башы көтөрүлбөй, ылдый салаңдайт.

— Ата, — деди  Славик атасынын жанына акырын келип. — Сен капа болбо! Сенька баары бир кирпини ала бергиле деди…

— Ырахмат! — деди атасы. — Ырахмат, Сеня…

Ал туруп үйүн көздөй жөнөдү. Көңүлү чөгүп, маанайы суз. Ал эч ойлонбостон кирпини муздаткычка алмашкан бактылуу учуру андан эбак эле кайрылбас болуп кеткенин эми түшүндү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ