АБЫКАЕВ Абийирбек: СОКРАТ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

АДАШКАН ЖОЛДО

Жада калса Афинанын эң акылмандары да, эч нерсе билбестигин айтышат.  “Мен эч нерсе билбестигимди билем”.  Бул философ Сократтын эң жакшы көрүп кайталаган сөзү.

Ал жөнүндө анын окуучуларынын айткандарын угалычы.

Сократты биринчи көргөн адам, ушул көөнөргөн эски плащчан жылаңаяк абышка атактуу философ экенине ишениши кыйын. Бир караганда курсактуу, башы таз, ийри тумшук Силенге окшошуп кетет. Мындай кудай момун адамды ар бир үйдөн эле жолуктурса болот.

Сократ эмнени окутат?   Кайсы илимге үйрөтөт?

Ал өзү эч кимди, эч нерсеге үйрөтпөгөнүн айтат.

Аристофан “Булуттар” деген комедиясында Сократты жөн эле асылган себетке отургузуп, асмандагы жылдыздардын кыймылын изилдетип койгон.

Сократ асманды изилдөөгө убакыт коротуп кереги жок деп эсептейт. Ал жаратылыш жөнүндөгү илимге ишенбейт. Эмне, ал илим  адамдарга бакыт тартуулайт бекен?  Адамдар баары бир күндүн кантип пайда болгонун эч качан биле алышпайт. Анаксагор бул маселени түшүнүүгө аракет жасаган. Бул алжыган абышка от менен күн окшош деп ишендирет. Бирок ал адамдар отко тике карап, ал эми күнгө антип карай албасын эске албаптыр.

Сократтын окуучулары бар.

Афинада акылмандуулукка үйрөткөн атактуу софист мугалимдер аз эмес. Алар өз окуучуларынан чоң акчаларды алышат.

Сократ болсо дайыма байбы, кедейби – аларга өзүнө бекер эле суроо беришке уруксат берет. Бирок ал жооп бергенден көрө,  өзү суроо бергенди жакшы көрөт. Ал окутпайт, окуйт, чындык издейт. Ал өзүнөн көп билген адамга жолугууну самап издеген.

Бир жолу анын жолдошторунун бири Дельфидеги Апполон храмынадагы көзү ачык төлгөчүгө барып:    “Бул дүйнөдө Сократтан акылдуу адам барбы?”- десе, төлгөчү аял андан акылдуу адам жок дептир.

Ал жөнүндө Сократка айтышат.  Буга абдан таң калган Сократ, өзүн ыңгайсыз сезип:

— Төлгөчү эмне деп жатат?   Мен эч качан акылман болгон эмесмин, — дептир.

Ал төлгөчүнүн эмне үчүн антип айтканын түшүнүүгө аракет кылат. Акыры ал накта акылманды издеп сапарга чыгат.

Сократ саясатчыдан акынга барат, акындан сүрөтчүгө аттанат. Бирок бардык жерде баары кайталанып жатты. Ар ким өз ишин мыкты билет: бири элдик жыйында акылдуу сүйлөгөндү ийине жеткизе өздөштүргөн, экинчиси сонун ырларды жазат, үчүнчүсү чебер айкелчи. Өзүлөрүнүн ишин мыкты билишсе болду, мурундарын көтөрүп баарын билген акылман болуп чыга келишет. Так, ошол нерсе аларга акылман болууга тоскоол болчу.

Ошентип Сократ Афинанын көчөлөрүн кыдырып, адамдарды сынап, суроо берип чыныгы акылманды таппай жүрдү.

Мына, Сократ гимнастика менен машыгып жатышкан жаштарга кирди. Алар эски досун кубануу мене тосуп алышты. Ал отургучка көчүк басты. Аны курчаган жаштар аңгемелешүүгө өтүштү. Адаттагыдай эле сөз ар бир адамга эмне маанилүү экендиги жөнүндө жүрүп жатты.

— Сен айтчы, — дейт Сократ бул жерде тургандардын эң кичүүсүнө кайрылып, — бардык адамдар бактылуу болгусу келгени чынбы? Бул балким күлкүлүү суроодур? Бул жөнүндө суроонун өзү  келесоолуктур? Ким эле бактылуу болууну каалабайт экен?

— Чынында эле андай адамдар жок, — дейт Клиниас.

— Андай болсо бакыт деген эмне? Балким сен аны байлык деп айтарсың?

— Ооба, байлык бул – бакыт.

— Бирок бакыт бир кана байлык менен чектелбейт да, ден-соолук, ал-күч керек дегендей?

— Аныңыз да чын, бактылуу болуш үчүн ал нерселер да керек.

— А атак-даңк, кадыр-барк дегендерчи? Өз өлкөңдө даңкталып ардакталып турсаң жаманбы?

— Кантип жаман болсун.

— Эч нерседен тартынбаган эр жүрөк болуу жаманбы?

— Мен ал да жакшы нерсе деп ойлойм.

— Демек,  адамда байлык, ден-соолук, күч-кубат, атак-даңк, эрдик болсо бактылуу болот турбайбы? Анда айтчы, адамдын жашоосу кайсы убакта жеңил болот, жыйнаган нерселери пайдалуу болгондобу же керексиз нерселерди жыйнап алгандабы?

— Алибетте, пайдалуу болгондо.

— Эми айтчы, күнүмдүк жашоосунда колдонулуп, жашоосуна кереги тийбеген оокат пайдалуубу?  Мисалы, жыгач уста мык, тактайы менен керектүү шаймандарын камдап алып, бирок аны колдонбой жыйнап койсо анын пайдасы барбы?

— Жок, анын пайдасы жок.

— Андай болсо биз жыйнаган байлыктарыбыздын бардыгын керектейбизби?  Керектелбесе анча байлыктын пайдасы барбы?

— Жок, ал пайдасыз.

— Демек, байлыкты жыйнап коюп эле тим болбой, анын жашооңо пайдаланышың керек экен да.

— Сыягы ошондой окшойт.

— Ал байлыктары менен кандай пайдаланды, туурабы же туура эмеспи? Мисалга алсак, жанагы эле жыгач уста шаймандарды колдонгонду билбей; тактайдын баарын бузуп керектен чыгарып, эч нерсеге жаратпай салсачы? Бул аны пайдаланбай таштап салгандан да жаман го.

— Ооба, Сиздики туура.

— Жыгач устага араа, сүргү менен иштегенге, чоорчуга чоордо туура ойнош үчүн,  айкелчиге айкелин мыкты жасашы үчүн эмне керек? Өз ишин мыкты билиш керек, туурабы?

— Туура.

— Көрдүңбү, биз айтып жаткан байлык, ден-соолук, күч кубат, эрдик – буларың өз алдынча пайда деле бербейт турбайбы. Аларың аны билим менен башкарганда пайдасын тийгизет. Ал эми билимсиздик башкарса ал зыянга алып келет. Туура айтамбы?

— Чындыгында эле Сиздин айканыңыз орундуу экен.

— Жыйынтыктасак кандай болуп калат? Пайдалуу же зыяндуу деп так бөлүнгөн эч нерсе жок, эмнеси болсо да аны акыл башкарса – пайдага, ал эми караңгычылык башкарса –зыянга алып барат турбайбы?

Сократ окуучулары менен ушинтип сүйлөшөт. Ал аларды чындыкты жөнөкөйдөн жалпылап  татаал нерсеге алып барып, кайра татаалдан жөнөкөй нерселерге түшүп издөөгө үйрөткөн.

Чоордо ойной албаган чоорчу, статуяны кантип чеккенди билбеген айкелчи, шаймандарын колдоно билбеген жыгач уста – булар жөнөкөй учурлар. А жалпы жыйынтык: чооруң, балта, арааңдын болушу аздык кылат, ал буюмдарды туура пайдаланганды үйрөнүш керек.

Бардык нерсенин башында турчу нерсе – бул билим.

Сократ кайрадан жөнөкөй нерселерге кайрылат: байлык, ден-соолук, күч-кубат, эрдикке ээ болуу менен бактылуу болалбайсың, аны туура пайдалануу үчүн билим жана акылмандуулук керек.

Суроо артына берилген суроодон улам сүйлөшүп жаткан адамдын ойлору чатышып,  мээсинде карама-каршылыктар пайда боло баштайт. Жана  эле күч-кубатты  пайдалуу деп жатса, эми ал зыян да алып келерин моюнга алып жатпайбы.

Эки карама каршы пикир кагышты. А чындык болсо күч-кубат пайдалуу да боло алат, зыян да алып келиши мүмкүн. Кеп аны билим башкарабы же караңычылыктын жетегинде калабы мына ошондо.

Сократ менен аңгемелешкен жаштар бир нерсени талдап,  ойлонгонду, анын ичинде катылган карама-каршылыктарды таап, чыныгы мааниси ачканды үйрөнүшөт.

Сократ чындыкты алар менен кошо издейт, бирок талдап эле кою ал үчүн максат эмес, ал максатка жетүүнүн каражаты гана. Анын максаты чындык менен жалгандын тамырын табуу. Кээде Сократка жер жүзүндө акыйкаттык деген нерсе таптакыр жоктой сезилет. Түз, таза  жүргөндөр сазга чөгүп, туура эмес жүргөндөр салтанат куруп жатышат. Кайда караба, ач көздүк менен ичи тардык. Чырылдаса да чындыктын үнү угулбайт. Адамдар жырткыч жаныбарлардай бири-бирин жеп жатышат.

Сократ кайрадан Чындыкты издейт. Ал көчөдөгү адамдардын ар бирине  кайрылып:

— Урматтуу замандаш! Сен өзүнүн акылмандуулугу, эркинин күчтүүлүгү менен атагы чыккан улуу шаар Афинанын тургуну экениңди унутуп,  жан-дүйнөңдү тазартып, чындык жөнүндө ойлоп да койбой,  түккө турбас жалган даңк менен акчанын артынан түшүп жүргөнүң болобу?

Ал бул сөзүн базарларда мээлеринде кантип арзан алып кымбат сатсам деген кишилерге, тойлордо бири өзүнүн кара жаак чечендигин көрсөткөнгө маашыр, экинчиси жакында болгон шайлоодогу жеңишине мактанып,  үчүнчүсү ат чабыштан аты чыгып өзүн деле  кишиге теңебей дердейип отурганда айтып жатты.

Бардыгы Сократтан качып,  анын сөзүн тыңшайын деген жан болгон жок. Бирок Сократ болбой эле  алардын артынан түшүп, элдин уктап жаткан абийирин ойготууну өз милдетим деп эсептөөчү.

— Жан дүйнөңөрдү ойлонгула. — дечү ал, — Өзүңөрдү таанып билгиле!Жок дегенде бир жолу өзүңөрдүкү  эмес, өзүңөр жөнүндө, шаарга тиешелүү нерселерди эмес, шаардын өзү тууралуу ойлонуп көргүлөчү.

Сократ өз шаарын жакшы көрчү. Башкалар сыяктуу ал дагы арт жагына кылчайып карачу, эмнегедир ага өткөн учурларда анын мекенинде жашоо жеңил болгонсуп сезилчү. Соода элди бузду. Кол өнөрчүлүк менен илим бакыт алып келбеди. Афиналыктар өз эркиндиктери менен сыймыктанышат. А өздөрү байлыкка кул болуп алышкан. Алдыда жылчык жок караңгы. Балким артка, ата-бабалардын жолуна – каардуу жоокерчилик менен жер иштеткен дыйканчылыктын жолуна кайтканыбыз жакшы болуп жүрбөсүн?

Сократ ушинтип ой жүгүртөт. Аны ак сөөк үй-бүлөлөрдөн чыккан жаштар көңүл коюп бүт дили менен угушат.

“Аталардын жолуна кайтыш керек!” Бул алардын чогулуштарындагы эң көп талкууланган маселе. Аталардын тартиби Спартада гана сакталган.  Ошондуктан булардын мекени менен согуш жүргүзүп жаткан Спарта бардык жактан үлгүлүүдөй туюлуп, анын жолуна түшүүнү самагандар көбөйөт. Алар спарталыктарга сырт келбетинен бери окшошкулары келип, жөнөкөй одоно плащтарды жамынышып, чачтарын коё берип, каштарын түктүйтүп өстүрүүгө аракет кылышат. Айрымдары душмандар менен жашыруун байланыштарда болушкан.

Сократ белгилүүлөрдүн тукумунан эмес. Ал кол өнөрчү, айкелчи Софроникстин уулу. Жаш кезинде уста болуп иштеген. Анын жасаган  эмгектеринин айрымдары  алигиче Акрополдо турат. Бирок ал ата кесибин уланткан жок. Ал кол өнөрчүнүн иши жан дүйнөңдү жакырлантып, мамлекеттик иштерге убакытты чектейт дейт. Ал Афинада маселелерди Элдик жыйында кол өнөрчүлөр, кумарачылар,  токуучулар, тери менен иштегендер чечишкенин туура эмес деп эсепетейт.  Теричи жакшы башкаруучу боло алабы?  Ал үчүн башкаруу илимин окуган адамдар гана жарайт.

Сократ окумуштууларды шылдыңга алат.

— Алар, — дейт — бири-бири менен эч качан келише алышпайт, бири-бирин жинди катары санашат.  Бирөөлөрү дүйнөнү бир бүтүн нерсе десе, беркиси аны чексиз көп нерселерден турат деп талашат. Бирөө бардыгы туулат анан өлөт десе, экинчиси тескерисинче, эч нерсе жаңы жаралбайт, эч нерсе жок болуп кетпейт деген ишенимде. Алар жаратылыш сырларын билгилери келет. Бирок алар каалаган убагында күн жаадыра алабы же шамалды чакыра алабы? Адам жараткандын ишине кийлигише албайт. Жараткан да адамдар анын жасай турган ишине кийлигишкенин жактырбайт. Анда эмнени изилдеш керек?  Жараткандын ишин эмес, адамдын кылганын, жаратылышты эмес, адамдын жан-дүйнөсүн изилде. Өзүңдү таанып бил! Ошондой билим гана адамдарга пайда алып келет. Адамдар жакшы менен жаманды, калп менен чындыкты айырмалап билбей калышты-ов.

Белгилүү жана бай үй-бүлөдөн чыккан жаштарга Сократтын айткандары майдай жагат.

Ушул эски жыртык плащчан кол өнөрчүнүн жакыр уулу, ушул ата мекени үчүн болгон согуштарга катышып, кан-жанын аябай нечен эрдиктерди көрсөткөн эски солдат, өз пайдасын эч качан  ойлобогон адам, өзү байкабай өздөрүн башкалардан өйдө көрүп кербезденген, өз көмөчтөрүнө күл тарткан чыккынчылардын тарбиячысы жана окутуучусу болуп калды.

Мына алар тилектерине да жетишти: Спарта согушта Афинаны жеңип алды. Тынчтык келишим түзүлүп афиналыктар аталарынын жолуна түштү. Бийликке Спартанын жактоочулары – ак сөөктөр келишти. Эми шаарды миң кол өнөрчү менен көпөстөрдүн ордуна отуз ак сөөк тиран башкарып калды. Алардын башында Сократтын окуучулары “отуз кесиптештин” мүчөлөрү Критий менен Харикл турду.

Бир кездердеги  Сократ Критий,  Харикл жана анын жолдоштору  менен бирге талкуулап акыйкаттык, чындык, жан дүйнөнүн жыргалчылыгынан арылуу тууралу самаган кыялдары эми орундалчу мезгили жетип, ошол маектешүүлөрдүн жемишин эми жыйнап алчу кез келгенсиди. Бирок акыйкат деген нерсе жөнүндө Афинада сөз да болгон жок.

Тирандар өздөрүнүн каршылаштарын аёсуз жазалап жатышты. Кээ бир эч күнөөсүз адамдарды,  анын менчигине ээ болуш үчүн эле өлүм жазасына тартышты.

Сократка төрт жаранды кошуп берип Саламин аралына, ал жакта качып жүргөн атактуу афиналык Леонтту алып келүүгө буйурушту. Леонт Саламин аралына өз өмүрүн сактап калуу үчүн барган эле. Ал Критий менен Харикл анын байлыктарын тартып алып, өзүн өлтүргөнү жатканын билген.

Көпчүлүктүн ичинен бир гана Сократ, бул мыйзамсыз буйрукту аткаруудан баш тартат. Ал ачык эле өзүнүн мурдагы окуучуларынын кылгандарын сынга алат. Алар жөнүндө: “Жаман малчылардай, өз короолорундагы малдын башын өстүрбөй кемитип жатышат”, — деген.

Тирандар Сократка жаштар менен сүйлөшүүгө тыюу салат. Алар аны чакырып: “Сократ, көзүңдү ач! Короодогу малдын башы дагы бир башка кемип калбасын!”- дешет.

Окуучулары окутуучусун өлүм менен коркутушту!

Сократка эми элди бир короо малга, өзүлөрүн каалаган жагына айдаган мал ээлери катары көргөн аристократтардын бийлигин жон териси менен сезүүгө туура келди. Анан тирандардын бийлигин Демократтар келип кулатышты.  Демократтар Элдик жыйында демократиянын душмандарына кең пейилдик кылып, аларды кечирүү тууралуу мыйзам кабыл алышты. Бир кана Сократка кечирим берилген жок.

Себеби ал жаштарды демократияны жек көрүүгө үндөөчү. Ал тоноп өлтүргөндөрдөн да коркунучтуу эле. Алар – эл ичиндеги жек көрүүлөр болсо, аны миңдеген адамдар ак көңүл, зыяны жок кадыр-барктуу адам катары билишчү. Тигилердин куралы кылыч эле. Анын куралы кылычтан да курч болчу. Ал угуучуларын өзүнө тартып, айтканына ишендирүү өнөрүн жана ар кандай түшүнүктөрдү айырмалай ала турган диалектиканы эң мыкты өздөштүргөн болчу.

Эл кабыл алган мыйзам боюнча Сократты демократияга каршы турганы үчүн соттой алышпайт эле. Ошондуктан ага жаштарды бузуп жүрөт,  жаңы кудайларды ойлоп таап жүрөт деген айыптарды чапташты. Буга Сократтын ар бир адамдагы тигил же бул жагдайларда жол көрсөтүүчү, жараткандан келген ички үнү жөнүндө айтканын “себеп” кылып алышты.

Сократ сот алдында турду.

Биринен сала бири айыптоочулар сүйлөп жатышты, ири байлардын бири, тери иштеткич – Мелит, сот чечени – Ликон жана трагедиялардын автору – Анит.

Бардыгы Сократтын актанган жообун күтүп калышты.

Ал кадимкисиндей сөзүн көбүртүп-жабыртпай, жөнөкөй сөздөр менен сүйлөп жатты.

Ал өзүнө кечирим берүү тууралуу ооз да ачкан жок.

— Балким силер “Сократ! Эгер сен философияңды таштасаң, биз Анитти укпай ушул эле жерден коё берелик”- десеңер, ал учурда менин жообум мындайча болмок: “Мен акыркы демиме чейин, ойлонууга чамам калбай калгыча карылар менен балдарды өз денелери менен акча тууралуу эле ойлобой, жан-дүйнөлөрү жөнүндө кам көрүп, аны тазартууга үндөй берем. Мен айтаар элем: Афиналыктар!Силер Анитке ишенесиңерби же ишенбейсиңерби, мени коё бересиңерби же камап коёсуңарбы – баары бир, бир эмес кайра-кайра өлсөм дагы мен башкача аракеттене албайм”.

Афиналыктар, чурулдабагыла! Менин сөзүмө ызы-чуу менен эмес, көңүл коюу менен жооп бергиле. Эгер мени өлтүрсөңөр, мага караганда өзүңөргө көбүрөк зыян кыласыңар. Мага окшоп аркаңардан түшүп,  тажатып акыл айтып, уйга тийген сайгактай уйкуңарды бузган адамды экинчи таппайсыңар. Балким, уйкусу бузулган ар бир адамдай эле жиниңер келип, мени өлтүрүп тынып, калган өмүрүңөрдү уйку менен өткөзөсүздөр.  Бирок менин милдетим ушул экен, өлгүчө өз ишимди таштап, силердин ишиңерди жасап, ар бириңер менен сүйлөшүп, ар  бириңерди жакшылыкка үндөп жүрө берем. . .

Мына соттор да өз сөздөрүн айтышты. Сократ күнөөлүү. Бирок кандай жаза колдонсок экен? Айыптоочулар ага өлүм жазасын сурап жатышат.  Мыйзам боюнча ал өз өкүмүн өзү чыгарып, жазаны тандап ала алат.  Соттордун иши айыптоочулар менен же айыпкер менен макул болуп, ошого жараша чечим кабыл алмай эле.

— Мен өзүмө кандай жаза сурайм?  — деген суроо коёт Сократ, — сүргүнгө айдагыла десемби? Анда баары бир кайда барбайын, кайда жүрбөйүн, сүйлөгөн сөзүмдү жаштар укпай коюшпайт.  “Ал жактан чыкканда балким жоошуп калгың бардыр?”- деп сурарсыңар.  Менин айтканымды жалган дээрсиңер, а мен андай жашоого эч качан макул боло албайм. Андай жашоо мен үчүн эмес. Адамдарды жакшылыкка үндөө, адамдарды изилдеп, алардын жан-дүйнөсүн таануу – мен үчүн бакыт алып келет десем аны да түшүнбөй, шылдың кыларсыңар. Мен үчүн ансыз жашоо жашоо деле эмес.

Соттор кайра кеңешкени кетишти.

Чечим чыкты. Сократ өлүм жазасына буюрулду. Ага акыркы сөз беришти.

— Мына, — дейт ал: — мага окшогон араң жан абышканы да өлүм кууп жетти. Кете турган убакыт келди: мага – өлүм, силерге – жашоо…

Сократты түрмөгө киргизишти. Ал жердеги Сократтын жолдоштору менен окуучулары ал эмне үчүн коргонгон жоксуң деп таңкалышат. Аларга ал туура эмес иш жасагандай сезилди. Ал кааласа өзүнүн абалын жеңилдеткенге алы келмек. Жок дегенде сүргүнгө барам десе соттор тез эле макул болушмак. Бирок ал өз өмүрүн сакташ үчүн эч нерсе жасаган жок. Эмне үчүн андай кылдың?  — деген суроолоруна ал мындай жооп берди:

— Мен жөн гана өлүмдү кааладым.

Ага түрмөдөн качууну сунушташты эле, ал болсо:

— Жок, андай кылсам акыйкаттык болбой калбайбы. Себеби адам кайда болбосун согуштабы, соттобу, мекени жиберген орунду таштап кеткени болбойт. Мен силер айткандай эски плащты оронуп, сырткы келбетимди өзгөртүп, түрмөдөн качып кетсем жакшы болобу? Андай кылсам эртең эле Сократ карып, төрүнөн көрү жакын болуп,  өлүмү жакын калганда ушундай тайгак жол менен өз өмүрүн сактоого аракет кылып, мыйзамды бузуптур, ага каршы туруптур дешпейби.  Анда мен какшап айтып жүргөн акыйкаттык кайда калат?

Акыры жазаны аткарчу күн да келип жетти. Сократ окуучулары менен акыркы жолу сүйлөшүп жатты.

Өмүрүнүн акыркы күнү жаштарга эмнени айтты экен?

Аларга өлүм жана өлбөстүк жөнүндө кеп урду. Кандай болбосун өлүм  анын жанын денесинен бөлүп жок кылып жибереби же андан ары жашоосуна мүмкүндүк береби – Сократ эч толкунданбастан аягын күтүп жатты.

Мына күндүн батар маалы да жакындады. Ал тоолордун кырынан ары кыңкаяр менен уу куюлган идишти Сократка алып келишет. Окуучуларынын бири ал көз ирмемди узарткысы келгендей, күндүн батышына дагы убакыт бар, тоолордун чокулары алиге күндүн нуруна бөлөнүп турат дей баштады.

Бирок Сократ акыркы көз ирмемге чейин өмүрү менен ажырагысы келбей,  ага кош колдоп  жабышкан коркок адамдарга окшошкусу келген жок.

— Эгер уу даяр болсо, — дейт ал — алып келишсин.

Колунда идиши бар адам кирди. Идиште – цикуттун уу ширеси.

Ал маңдайында Аслепия кудайынын кызматчы адамдары дарылаган дарыгердин бири тургансып суроо узатты.

— Айтчы, ак көңүл адамым, — Сократ желдетке кайрылып: — сен эми бул ишти мыкты билесиң да, эмне кылышым керек?

Желдет да оорууга дары берип жаткансып жооп берет:

— Ич да, буттарың чалыштай баштагыча басып, андан кийин жат. Уу ошондо денеңе бат таркайт.

Сократ идишти алып ээрдине тийгизди.

Колдору бир аз титирегени болбосо, кадимкисиндей эле жүзүнөн нуру чачырап, коркуунун белгилери  байкалбайт.

Эң кичүү окуучусу чыдабай көзүнөн жашы куюла баштады,  окутуучусунун өлүмүн көргүсү жок, башын плащы менен чүмкөнүп алды. Башкалары да көз жаштарын тыя алышпады.

— Эй, силер эмне жашыйсыңар!- дейт Сократ — Өлгөндө да жеңил, жакшы сөздөрдүн коштоосунда өлө билиш керек. Сабыр кылгыла, байболгурлар.

Аны угуп окуучулары көз жаштарын токтотушту.

Сократ желдет айткандай ары-бери баса баштады. Буттары оорлошуп, шилтөө кыйындай баштаганда келип көмкөрөсүнөн  жатты.

Уу берген адам оорулууну изилдеген доктур сымал, жакын келип Сократтын буттарын кармап сурады:

— Буттарыңды сезип жатасыңбы?

— Жок, — деди Сократ.

Санынан, андан улам өйдөлөп кармалап, тегеректеп турган жаштарга бутунан башталган муздак жүрөгүнө жеткенде баары бүтөрүн айтты.

Тилден калгыча окуучуларына керезин айтты. Эски салт боюнча  дарыгерлердин, дарылардын жана уулардын кудайы Асклепийге арнап курмандык чалууларын суранды.

— Биз Аскелипийге короз карызбыз. Берип койгонду унутпагыла.

Бул анын акыркы сөздөрү эле.

Көз ирмемдерден кийин анын көздөрү тунарып бир жерди тиктеп, эриндери кыймылсыз абалга келди…

Миң жылдан бери адамдар Сократтын окуучуларынын анын өмүрү жана өлүмү жөнүндөгү ушул аңгемени окуп келишет. Бирок Сократтын трагедиясынын тереңдигин эми гана түшүнө баштагандайбыз. Ал акыйкатчыл, чындыкты сүйгөн адамдарды тарбиялагысы келген, бирок бузукуларды жана чыккынчыларды тарбиялаган.

Ал адамдарды акыйкаттыка чакырса эле, акыйкатчыл адамга айланат деп ойлогон. Бирок Критий менен Харикл жакшылык деген эмне экенин жакшы түшүнүшкөн, а жасагандары жалаң жамандык болгон. Алар Сократты өзүлөрүнүн арам иштерине аралаштырышкан: ал эми аларды өзү окутпады беле!

Ошентип,  “эң кең пейил” адамдардын бири адашкан жолго түшүп,  ал жол аны туңгуюкка камаган. Ага өлүмдөн башка жол калган эмес.

Сократтын окуучуларынын Сократтын өлүмү тууралуу жазган аңгемелерин окуган соң,  анын соттордон жалдырап жеңилдиктерди суранбаганы, түрмөдөн качканга аракет кылбаганы, анын “мыйзамды бузганча өлгөн жакшы” дегени,  негедир  биздин эркибизден тышкары ошол карыган философго боорубузду ооруткан сезимдерди чакырат. Бирок биз ойчулдарды алардын жеке адамдык сапаттарынан эмес,  алардын кылган иштери, адамзаттын алга жылышына таасири тийдиби же артка сүйрөдүбү – ошого жараша баа беребиз.

Сократ жөнүндө эмне айта алабыз?   Ал адамзаттын өсүшүнө, анын  алпка айланышына көмөгү тийдиби?

Адамзат эркиндик жолу үчүн күрөш жүргүзүп келген. Афинадагы демократия ушул жолдогу бир кадам. Чынында, ал биздин азыркы түшүнүктөгү демократия эмес эле; ал бир нече миң афиналыктар үчүн эркиндик алып келсе, он миңдеген кулдар менен чет элдиктер эч бир укукка ээ боло алышпай, эзүүнүн астында калышкан. Ошентсе да аристократиянын бийлигине караганда ошол кездеги алдыга кеткен бийлик системасы эле. А Сократ демократияга каршы адам эле. Ал эркиндикти суу кошулбаган виного салыштырып,  “демократтарды” ошол вино менен чөмүчтөп элди сугарып жатышкан жин урган вино куючуларга салыштырып айыптаган.

Адамзат чындыкка, жаратылыштын сырларын үйрөнүп, аны башкарууга умтулуп келди.

Сократ жаратылышты үйрөнүүгө каршы эле. Ал жан-дүйнө жаратылыштан, бул дүйнөдөн  өзгөчө сыртта тургандай:

— Өзүңөрдүн жан-дүйнөңөрдү үйрөнгүлө, — деп үндөгөн.

Ал өз окуусу менен ошол кездеги замандаштарына эле эмес, андан кийинки ондогон муундарга зыянын тийгизген. Анын окуусуна артка карай, “аталардын жолуна, аталардын ишенимдерине” кайра баргысы келгендер кайрылышкан.

Сократ диалектиканы – каршылаштарынын ой толгоолорунан карама- каршылыктарды таап, талаштарда жеңип чыгуу икусствосун эң мыкты өздөштүргөн. Аны менен аңгемелешкенден кийин окумуштуулар түшүнүктөрдү так аныктаганга үйрөнүшкөн. Ал өзү болсо дүйнөнү изилдеп,  чындыкты издөөдө бул куралды пайдаланган эмес. Диалектика Сократтын жана анын жолуна түшкөн адамдардын колунда формасы бар,  маңызы жок нерсе эле.

Ошентип Сократ адашкан жолго өз окуучуларын эле эмес, андан кийинки жашап өткөн көптөгөн ойчулдарды да ээрчиткен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

М.Ильин жана Е.Сегалдын «Адам кантип алпка айланды» аттуу китебинен.

(Кийинки бөлүм Сократтын окуучусу Платон жөнүндө)