АБЫКАЕВ Абийирбек: ВЛАДИМИР КОРОЛЕНКО: ОТТОР

АҢГЕМЕ

Качандыр бир өткөн убактарда, кеч күздүн караңгы түнүндө, мага Сибирдин бир албууттанган дарыясы менен сүзүп өтүүгө туура келген эле. Дарыянын имерилишинен бурула бергенде, алдыдагы карайган тоонун этегинен капилеттен от жарк дей түштү. Оттун жарыгы тунук, күчтүү чыгып, кол созсо жеткидей жерде эле…

— Кудайым берди!—деп кубана кыйкырып жибердим, — буюрса жатагыбызга келип калыптырбыз.

Кайыкчы башын буруп, арт жакты бир карап койду да, калакты көңүлсүз шилтегенин улантып күңк этип койду:

— Дагы бир топ жер бар!

Мен ага түк ишенген жокмун: От түбү жок караңгылыкты жиреп өтүп, так тике маңдайыбызда жаркырап турган. Бирок кайыкчынын айтканы туура болуп чыкты: отко чейин чындыгында алыс экен.

Бул түнкү оттордун касиети — караңгылыкты көсөп өтүп, так жаныңдан жарыгын чачып жаркырайт, ошол жакындыгы менен улам алдыга ээрчитип, азгырып, алдайт. Калакты бир-эки шилесең эле — жетээр жериңе жетип, жаның жай алчудай сезесиң. Балакеттинби — барчу жериңе дагы бир топ бар!…

Биз, сыядай капкара болгон дарыя менен дагы бир далайга сүзүп бараттык. Капчыгайлар менен уркуйган аскалар астыбыздан акырын жылып тосуп алышып, сылык узатышып, андан ары эч бүтпөстөй созулган караңгы түндүн коюнуна сиңип кетип жатышты, ал эми от дале болсо астыбызда сыйкырдуу жарыгын чачып, бирде кол сунсаң жетчүдөй жакында тургандай, бирде тээ алыстан жангансып сезилет…

Мен ошол аскалуу тоолордун көлөкөсүнүн чагылышынан улам карайган дарыяны жана ошондогу  кичинекей жаркыраган жандуу отту көп эстөөчү болдум. Көп оттор андан мурун деле, кийин деле мени, мени эле эмес бөлөктөрдү деле өзүнүн жакындыгы менен канча жолу алдап азгырбады. Ал эми, жашоо дагы эле ошол эле албуут дарыя менен сүзүп баратат, а оттор баягыдай эле алыста жылтылдайт. Калакты кайра-кайра шилтөөгө туура келет.

Анткен менен…анткен менен баары бир алдыда оттор күтөт!…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ