НАСЫРОВА Самара: САМАРА НАСЫРОВА: ЖАНГА ТИЙГЕН КОҢУРУК!

Хыр-хыр-хыр

Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири-бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз…
Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган-уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой… Саналуу гана адамдар!.. Сиңдимдин кичинекейи да бар, ал го эми бала… ооруп-сыркап калат, ынжыңдап кээ түндөрү ыйлап калат, баланыкы кечиримдүү, кечирбешке айлаң да жок, уралбайсың, сөгалбайсың дегендей… «Ыйлабай жат, мен чарчадым, дем алам» десең түшүнмөк беле, кайра үйдү башына кийип ыйлаары турган кеп… Мени айтайын дегеним такыр башка маселе!
Кыргызстанга барып той өткөрүп кайра келсем, алысыраак бир туугандардын баласы келип жашап атыптыр бизде. Улуту да өзбек. Биздин туугандарга да аралашып кеткен өзү. Кайын журтум кашкарлыктар болгондуктан, өкүл энемдин туугандары болуп кетет, мага кайнаса каны кошулбайт. Келген күнү эле кеч биздин бөлмөгө аялы экөө жатып калган экен. Коңурукту кош тартып чыкса болобу.
Мындайга көнбөгөн жаным, таң аткыча бир уктасам кана. Аялын утуру түрткүлөйм: «Ботом, эриңди кырынан жат десеңчи, ушул эле уктаса да», — деп кобуранып койом… Ошентип такыр эле уктай албай калчу болдум. Түнүм күнгө алмашып, айла жок ноутбугумду кучактап алып ашканада отурам. Эки-үч күн мурун эки сменде иштеп аябай чарчаган элем, уктап бир дем алайын десем, дагы баягы кудай аткыр коңурук!
— Эй, уйку бересиңби деги кишиге? Коңурук деген музыкасы жок жатсак болбойбу? — деп эбиреп жебиреп тилимди агытып салдым мен да, жан кашайганда. Өзүн этиеттейби десем жоок, кайра беттен алып атпайбы:
— Нима, мен атайиляпами, уктап атып нимани биламан, керек боса менин дадам ушунака тартаар экан, уругумда бар да эжаа, кулагиңизга пахта тыкып алиң, — дейт кайра итиркейди келтирип.
«Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат болуп» бозоруп эле отуруп калдым! «Уругуң башыңда калгыр», — деп койом ичимен. Тышыман балээниби? Тууганчылыкты сыйлайм да, ошентип коңуруктан качып жүргөк кербезим, туугандар!..
Мына азыр эле дем алайынчы деп кире калып, үй коңуруктан жарыла жаздап калган экен, кайра качып чыгып, жели чыккан шардай болуп отуруп калдым шалдайып, шуу үшкүрө. Бирдеме деп катуурак айтсам уруша кеткидеймин. «Самара үйлүү, пулдуу болуп, тууган-урукту батышпай калыптыр», — деп чыгышаары анык! Арийне, мындай кепке калбаш үчүн айла жок, ошол тууган айтмакчы, кулакка пахта тыгып, «төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок» болуп жашайм да эми, анан кантмек элем?!
«Атың өчкөн коңуру-ук, сен кайдан пайда болгон экенсиң ээ, сага каргыш тийсин, мурдуң кесилгир «, — деп коңурукту каргап отурган кербезим! Ыйлайын десем күлкүм келет, күлөйүн десем ыйлагым келет… Айтор башым маң….
Асыресе мындай көрүнүштөр жаңылык деле эмес дечи, бирок “Байкуш ай, дагы канчага түтөөр экенсиң” деп өзүмө боорум ооруду бүгүн…..
Сөздүн ток этээр жери: же ал, же мен кетишим керек болуп турат. Алар квартира таба албай атабыз дешет, а менин күндөн күнгө нервим жукарып баратат…