АБЫКАЕВ Абийирбек: В & Д НАРИЖНЫЙЛАР: ГЕНИАЛДУУ АҢГЕМЕ

БИРИНЧИ БӨЛҮК

Украинанын президенти Леонид Данилович Кучма кара деңиз флотунун палубасында вертолет алып жүрүүчү «Козак Тарас Шевченко» кемесинде аскердик парад кабыл алууда.

Айта кетчү нерсе, кеменин сол тарабы эле ошондой аталчу, а оң тарабында флотту бөлүүгө мүмкүн болбогондуктан, орус тамгалары менен кооздолгон «Адмирал Ю. Лужков» деген жазуу илинип турган. Леонид Даниловичти карай, аныкындай эле мамлекеттик басык менен Россиянын президенти Борис Николаевич Ельцин келатты. Ал дагы парад кабыл алып жаткан.

Кеменин так ортосунан чегараны бөлгөн чаар-ала сызык жүргүзүлгөн эле; Ар бир он беш метр сайын чегара посту коюлган. Чегараны бойлой орус-украин формаларын кийген матростор бет маңдай какайышып, тизилип турушат. Кеменин капитаны аскердик кадам менен чыкчыя басып келип, бир убакта эки колун чекесине алып, эки президентке учурашты.

Ельцин мене Кучма ортого чыгып, жарыша кыйкырып салам беришти.

— Саламатчылык!.. Каалайбыз!.. Пан… Мырза… Президент!.. – деген үн чыкты жүздөгөн матростордун көмөкөйлөрүнөн. Кыйкырыктан чочуп учкан чайкалардын тобу чурулдашып, чоң, чоюн кеменин үстүн булут сыяктуу каптап учуп, дүр этип асманга көтөрүлүштү.

— Бош тургула! – деп хор менен жооп беришти президенттер, көздөрүнүн төбөсү менен чайкалардын учуп баратып таштап кеткен бокторунан сактануу менен карашып.

— Мыкты жооп беришти! — деди Борис Николаевич, Леонид Даниловичке карап.

Леонид Данилович бурулуп тилмечин көңүл коё укту да, маанилүү калыбын жазбай  башын ийкеп койду. Украин президентинин төбөсүндө улуттук медиктердин аракети менен сары түктөр чыга баштаптыр.

Оркестр, жалтырата жышылган сурнайларын күнгө чагылыштырып, бир эле убакта эки өлкөнүн гимндерин ойноп жатты.

Президенттер, белгиленген тартипке ылайык, эки элдин ортосундагы достуктун көрүнүшү катары колтукташкан боюнча тизилген аскерлердин алдынан өтүштү. Кучма басып баратып, Ельцинди бутунан тымызын чалууга, а тиги  Кучманын бутун басууга аракет кылды.

Мындай учурларда эл көзүнө жасалчу бардык иштерди аякташкан соң, капитандын каютасына көзмө-көз сүйлөшүү үчүн кирип, бекинип алышты. Прессага адаттагыдай эле жолугушуу бийик деңгээлде, бири-бирин жакшы түшүнүү менен өтүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

ЭКИНЧИ БӨЛҮК

— Кана эмесе, Боря, бирдеме ичесиңби? Же баягыдан кийин болбой калдыбы?

— Өх, иттики… Өзүм да билбей турам…

— Эч нерсе эмес, бир аз ичип койсо болот деп ойлойм. Мага ирандык шериктештерим бир партия мумия берип жиберишиптир, танкага алмаштым. Килине кил… Атасынын көрү, кыйналып калсаң клизма жасатып берем. Жакшы жардам берет.

— Мен, Россиянын президенти катары…

— Россияң эмне болуп калыптыр! Массандра меники болду! Бул эми тамаша… Карма стаканды. Эй, ким эшикти тырмалаган?! Жоголгула, көзгө көрүнбөй, блин! Хiба не бачите, державнi справи вирiшуються! (Пан президент кээде украин тилин билгени менен ушинтип мактана кетчү. Айтмакчы, бул массандралардыктардын чыгарган этикеткаларын тилмечсиз окуганга мүмкүндүк берчү).

— Мейли анда, куй, Данилыч…

Державанын башчылары бир топко чейин унчукпай ичип, артынан майпаңдашып  «кара доктор» жана майы куюлган кара деңиздин килькисин шашпай чайнап олтурушту.

— Сен ишенесиңби, Данилыч, мени ушул Колялар менен Клинтондор жаман тажатышты! – деп чыдабай кетип жымжырттыкты бузду, Россия президенти. – Бирөө менен адамча иче да, сүйлөшө да албайсың… Кел эмесе, куй, кайталайлы!

Ичкенден кийин эмне жеп жатышканын түшүнүп болбойт… Ал эми орустун жан-дүйнөсүн – түшүнүш керек… Ельцин, үшкүрүп койду да, жанында дайыма ала жүрчү  «ядролук чемодандын» бир нече баскычын чыканагы менен баса, кыйшая кетти.

— Ооба, кишинин баркын билген адамдар жок болуп баратпайбы, — деп макул болду Кучма. – Бардыгы эле шашкалактап жүрүшөт, тьфу! Майдаланып кетишти.

— А бул жерде кандай жакшы! – мойнун созуп, деңизди карап койду Ельцин. — А менин жиндилерим Мамлекеттик Думада…

— Аны айтпа, Боря, — деди кызарып чыккан Данилыч. Бөтөлкөнүн капкагын бурап ачып, бөтөлкөнүн оозун эрдине алып барды. – Жогорку Рада менин да кекиртегиме тыгылган сөөк болду,— ал колкосуна тыгылган  Раданы кошо жутчудай, бөтөлкөдөн чоң ууртап койду.

— Эртең кайра асыла башташат, – аларга дароо эле саммиттин жыйынтыгы керек… Айтмакчы, флотту эмне кылабыз? Бөлөлүкпү? Балким, чындап эле бөлүп салбайлыкпы, энеңди… деп туруп?!

— Бөлсөк — жолугушууга шылтоо жок болуп калбайбы, — Борис  Николаевич кадимкисиндей чекиндүү жана күтүлбөгөн жоопту берди, – Ошондуктан болушунча созо бериш керек… Кел, дагы бирден куй, өлбөгөн жанга… Ырдайлыбы?

Күн уясына баш бакты. Жумшак жел кеменин үстүндөгү жаңы сырдалып, кургаган курулуштарды назик сылайт. Батып бара жаткан күндүн алтын нуру, Севастополдун үйлөрүнүн сансыз терезелеринде чагылышып жаркырашат. Жээктеги маяктын оту улам барган сайын даана көрүнө баштады. Кереметүү сулуулукту эки державанын президенттеринин жан-дүйнөсүнөн оргуп чыккан обон көркүнө чыгара жаңырып жатты:

— Мен, ичемин бир тамчыны калтырбай… Деңиздеги сүзүп жүргөн эр үчүн, эй! Мен ичемин, толкун сүйгөн шер үчүн, ой!..

Которгон Абийрбек Абыкаев