ТӨКӨРОВ Азамат: АЗАМАТ ТӨКӨРОВ: КАР ЖААП ЖАТТЫ

АҢГЕМЕ

Түнү эшикке чыкканда жылдыздар жымыңдап турган. Эрте менен чыкса кар лапылдап уруп атыптыр. Эшик алдын кызыл ашыктан өткөрө коюптур. Узун, тизеден келген чапанынын этегин кайырып, белиндеги курга кыстарды да, кар малтап үйдүн сол жамбашындагы бастырмага жөнөдү. Күрөктү алып чыгып, эшик-эликти күрөп койбосо болбойт: бата кылабыз деген адамдар кар жаап койгонуна карап отурмакпы. Бирин-сериндеп келе берет.

Күрөгүн алып чыгып карга сайып, сабына жөлөндү да, чөнтөгүнөн тамекисин алып түтөтө баштады. Чылымын чегип болуп, «Яппирималла!»- деп карды шилей баштады. Темир күрөк үйдүн алдындагы бетонго тийип, «кырт-курт» дейт. Ансайын болбой күрөйт. Бар азабын, бар арманын, бар дартын ушул кар менен кошо сузуп ыргыткысы келет.

«Кырт-курт, кырт-курт, кырт-курт»… Итабар жердин карын күрөп салбады. Көкүрөгү көөп, бышылдап чыкты. Маңдайынан чыпылдап тер кетти. Далысы, бели терден нымшып чыкты. Ага да болбой күрөйт. «Кырт-курт, кырт-курт»… Бири кем дүйнө. Элден калбай, эл катары иштеп келем деп кеткен баласынын алыскы орус жеринен жасаты келгенине беш эле күн болду. Эх, дүйнө!.. Ушул жерде кар күрөп жүрсө болбос беле? Балдары токтобой, отуздан оогондо тапкан баласы минтип… Көзү карайлап отурат. Балаңдын алдында алсын экен. Асти балаңды алдыңда албасын экен.

Үйдүн эшиги ачылып, элүүгө чыккыча түптүз жүрүп, кечээги баласынын күйүтүнөн бүкчүйө түшкөн аялы чыкты.

— Тиги Шариптикине барчы. Үйүндө болсо бизди балнисага алпарсын.

— Тынччылыкпы?

— Ой, тиги келиндин толгоосу башталды.

Колундагы күрөгүн ыргытып, маңдайындагы терин да сүртпөй, балбалактап жааган карга, жагжайып ачылып калган жакасына, маасынын көлөшүнөн кирген карга карабай Шариптикине чуркады. Чуркап да баратты,сүйлөп да баратты.

— Йэ, Кудай! Йэ, Жараткан! Туягымын туягы аман-эсен төрөлсүн! Бу жарыкка аман келсин, ээ, Кудай!…

Кар балбалактап жаап жатты…