ШАКИР Олжобай: ЗАЙЫРБЕК ЖЕТИМ МЕНЕН ОҢБОГОН ОЛЖОКЕ АЙТЫША КЕТТИ ДЕЙТ

Биринчи айтыш

Олжобай Шакир:
Йе Закем, неге капасың?
Жүрөккө не сыр катасың?
Жүдөгөндөй түрүң бар,
Сырыңды качан ачасың?
Үңкүйүп кеттиң кийин сен,
Үшкүрүнүп не мынча
Убайымга батасың?

Зайырбек Ажыматов:
Жарк эткен жаштык жалгандын,
Жарыгы өчтү. Алдандым…
Жанына калдым бара албай,
Жайнаган далай жалжалдын…
Таз жору болуп, тарп аңдып,
Тамтаңдап жолдо калганмын.
Капчык да жука, чынында,
Каржалдым, байке, каржалдым…
…а бирок, бул сөз тамаша,
Күйүт көп азыр санаса…
Кыргызың кыркка бөлүнүп,
Ырыскы, куту төгүлүп,
Баратат чиркин, каякка?

Олжобай Шакир:
Жебегин анча кур кайгы,
Жетимим, Закем мындайды
Жеңээрбиз деймин акыры…
Жеп жүргөн ичте билинбей
Менде да толо муң-кайгы.
Агер мен төксөм күйүтүм –
Андале Кудай урбайбы…
Экөөбүз ыйлап шолоктоп,
Элдин да көөнү муңбайбы.
Бук кылар сендей АКЫНДЫ
Бул жашоо шундай турбайбы!

Менин да кетип дарманым,
Менин да толо арманым…
Менин да тартыш турмушум,
… айттырбай түшүн ар жагын…
Каат турмуш мерес экен деп
Кайышпай деле калгамын.
Агартуу ишке белсенип,
Арттырып сайттын салмагын:
Кыргыздын сендей ардагын,
Кыйырга сүрөп өтсөм дейм,
Кыргыйым, Закем, талбагын!
Тирилик ушул экен деп,
Тиштенип чыда бармагың.
Кайратың сенин бек үчүн –
Карлыгач кызың, балдарың
Каткырык үйүң шаң болуп,
Кайышпас болсун алганың.
Калганы жерге кирсин эй,
Калыбың ушул кармагын!
Капчыгым толгон күн болот,
Карап тур, жетим, ошондо
Карк кылар сени жардамым!

Түркөйлөр жайын айтасың,
Түгөткүр алар түмөндөп,
Турган кез азыр табалап
Тулпарды сендей жүгөндөп.

Зайырбек Ажыматов:
Мактоону байке чектейли,
Мерчемдүү чектен өтпөйлү.
Мен кантип “кыргыз ардагы”
Өткөндү дайым эстейли.
Короз менен маймылдай,
Ылакап болуп кетпейли…
Тулпарың эгер мен болсом,
Кыйналган экен кыргыз деп,
Душманың белге теппейби.
Эр Манас, Чыңгыз фонунда,
Зайырбек менен Олжобай,
Кашынган кашаң чобур да.
Жаманы менмин кыргыздын.
Жакшылар толо тобумда.
Ырыстуу жагым жок менин,
Ырым бар бирок, колумда.
Толубай чыкпай а мүмкүн,
Томсоруп турам жолуңда.
Айтпаңыз жардам берем деп,
Акча алсам сага төгөм деп.
Намыстуу болот жетимдер,
Кемсинтсе бирөө сөгөм көп.
Көр тириликке кейибейм,
Кеп айтсам кетет тереңдеп…

Маселе такыр башкада,
Айтканда аны кенен кеп.
Эдиреңдеп төш какпайм,
Элимди сүйөт элем деп.
Жоболоңдуу заманда,
Жол таппай калдым элеңдеп.
Кай жерде кантип жүрөбүз?
Кимдерди баалап, сүйөбүз?
Кай жерден ыйлап бүгүн биз,
Кай жерде жыргап күлөбүз?
Кай сөздү укпай таптакыр,
Кай кепке кулак түрөбүз?
Кимдерди такыр ээрчибей,
Кыйын деп кимди билебиз?
…азыр чын элге жаман аа-а?
Ашмалтай болду замана.
Акылдуу сүйлөп далайлар,
Ташташты бизди талаага.
Түркөйлүк түнгө жетелеп,
Түрткүлөйт айыл, калаада.
Жасалма азыр чындык да,
Жыртаңдап турат арада…
Үшкүрө турган иштер көп,
Санаада жүрөм…санаада…

Олжобай Шакир:
Бара-жүрө турмушта
Балээнин баары башталып.
Келди бийлик төрүнө
Кемчонтойлор баш багып.
Тазбайматтар эл башы
Таскактары таш жарып,
Такаат кылсаң каш кагып,
Камаласың түрмөгө
Карегиңди жаш чайып.
Калп казаны кайнаган,
Калпыс заман келди окшойт,
Каяша кылсаң бийликке
Камакты көздөй айдаган!
Опузалар күчөдү
Ооз ачсаң эле жайлаган.
Чала сабат чоңдор көп,
Чар көпкөнчө тайралаң…
Чала молдо андан көп,
Чаңкылдап үнү сайраган.
Чаңдатып мээсин улуттун,
Чалма оронуп башына
Арапкул чыкты жайнаган.
Караламан калкыңды
Караңгы доорго айдаган.
Азыркы кыргыз дооруна
Арданам Заке, арданам!

Зайырбек Ажыматов:
Курсагым үчүн ыйлабайм,
Кур кайгы тартып кыйнабайм.
Каржалткан башка арман көп,
Көңүлдү бузуп, булгаган.
Кыйкырып аны айтсак да,
Кимдер бар бизди тыңдаган?
Куу тумшук акын сөрөйбүз,
Көз жашы эчак кургаган…

Себеби бөлөк санаамын,
Селейип кээде каламын.
Ач болсом деле мейли эле,
Адилет болсо заманым.
Бийлиги сүйсө мекенди,
Билишип мезгил талабын.
Бир мыгын элдин уурдабай,
Жайнатып турса жамалын.
Коррупция дегендин,
Көрбөсөк такыр караанын.
Көтөрсө башын Кыргызстан,
Күн, Айга айтып саламын.

Эмнени айтып нетейин,
Аттиши 600 доллар,
Мындайдын уктук неченин…
Анан мен кантип күлөмүн,
Тонолуп жатса мекеним.
Өчөт да анан жылдызым,
Өчөйүп турса кыргызым.
Өлкөнүн азыр кейпиндей,
Менин да жеке турмушум.

Айтканды элим эп көрсө,
Акыйкат болом деп көнсө.
Бул заман болмок башкача:
Эл ырысын жегенди,
Арам оокат беренди,
Чыгарып элден таштаса.
Жийиркенип салам бергенден,
Чакырып тойго келгенден.
Андайларга кошулбай,
Бир тасмалда отурбай,
Тууганым деп барбаса,
Белек берсе албаса…

Олжобай Шакир:
Жакшынын албай өрнөгүн,
Жамандын алган жөндөмүн,
Жолуң болгур кыргыз көп,
Жоругун сындап алардын,
Оңолор түрүн көрбөдүм.
«Калпак кийбейт значит»
Калмак деп мени бөлгөнүн:
Каткырык кылып жүрдүң го,
Таянып күлүп бөйрөгүң…
Таарынбайм бирок кыргызга,
Тартпай тилим чындыктан
Тайманбас болуп көнгөмүн.
Себебин Заке, билесиң:
Салижан[1], Алым[2], Табылды[3],
Дооронбек[4] менен Талиптин[5]
Таалиминен өнгөмүн.
Наркы бийик алардын
Накылына төнгөмүн.
Кашайат жаным ушуга
Кайрандар кетип ээрчишип
Катар-катар өлгөнүн!
Алар өлүп калсале
Чындыкты болбос көмгөнүң.
Эмки айтышта шолордун
Элге айталы көйгөйүн…

[1] Салижан Жигитов

[2] Алым Токтомушев

[3] Табылды Эгембердиев

[4] Дооронбек Садырбаев

[5] Талип Ибраимов