ШАКИР Олжобай: ЗАЙЫРБЕК МЕНЕН ОЛЖОКЕНИН ЖАҢЫ АЙТЫШЫ

Зайырбек Ажыматов:
Өткөн жолу эбиреп,
Өйүгөн жүрөк кеби деп:
Темтеңдеткен турмуштун
Терс жагын айттык көрүнөт.
Оң жагын эми айталы:
Өндүрүштүн көп ирет,
Өрнөгүн жайып жүрөсүз,
Ошондон кепти баштаңыз,
Оңолор элдин ичинде
Ошого көңүл бөлүнөт.

Олжобай Шакир:
Өкүттү эми унутуп,
Өндүрүш ишин санайлы.
Өлкөбүздө көрдүң го:
Экспорт товар ордуна
Өндүргөнсүп малайды,
Тексиз чоңдор о канча
Тентитип ийди далайды!
Мекендеш деген уул-кыздар
Мекенден көөнү карайды.
Санап бүтө албаспыз,
Салып көрсөк абайды.

З.А.:
Сап башында оболу,
Сатып «Максым-шорону»,
Сакалын сылап Табыке,
Өлкөбүздө биринчи
Өндүрүш жаатын оңоду.
Эбегейсиз зор ишке
Эмгеги канча короду.
Эл камын ойлоп эртелеп,
Эр Манас окшойт тукуму
Ээрчитпей эч кырк чорону –
Ээрчитип жалгыз инисин,
Экспорт товар эсебин,
Көтөрүп койду жогору…

О.Ш.:
«Шоросу» менен чектелбей,
Бүркүттөй бийик көк мелжей,
Бүтөрү менен «Супара»
«Чуңкурчак» болду жуп ага.
Билгендей таштап карасаң,
Бизнесте узун арканды:
Кыргыздын максым-жармасын
Кытайга чейин алпарды.
Шоросунун артынан,
Шоколад жасап талканды,
Шооладай акыл нурунан
Шон үчүн бийик барк алды.

З.А.:
Баса айттың ырас белгилеп,
Шоколад жасап берди деп.
Эсиркеп кыргыз жүргөндө,
Эгемендик келди деп,
Эгембердиев Табылды
Этностук бааны көтөргөн –
Эмгегин калың эл билет.
Элине сыймык жараткан:
Эр жүрөк экен, эр жүрөк!

О.Ш.:
Калтырып мурас артына –
Капитал кылды калкына.
Кадимки аппак боз үйлөр
Карачы жагып жалпыга:
Курдуруп канча жайларды,
Кулпуртуп каада-салтына,
Кутун элдин көтөрдү.
Кыраан кайран Табыке,
Кыргыздын жетип баркына.

З.А.:
Илгертен ата-бабалар,
Курут-май болчу жегени.
Таттысы кошкон май болуп,
Талкандын эле кебеги.
Табыке керээз калтырган,
Тарых деп мунун себеби,
Жаңылык кылып өткөндө
Жазыпсыз Жаңыл[1] жеңени.
Суктанткан даамы шумдук деп,
«Супара» конфет дегени.

О.Ш.:
Бал менен жасап андан да,
Жегендер калбас арманда.
Курамы кургак жемиштен,
Белекке сатып алганга.
Базарлык десең жарашат
Башка эл-жерге барганда.
Кадимки талкан-кошконмай,
Калышпас ширин балдан да.

З.А.:
Жакшы айтыш болду бу жагы,
Олжоке кепти буралы.

О.Ш.:
Буйтаңдатпай кебиңди
Бурсаң бур кана, угалы.

З.А.:
Андай болсо келиңиз,
Алым сабак куралы.

О.Ш.:
Эп бали, Заке, ошентсең,
Кетпесин сөздүн кунары!

З.А.:
Сүйүнчүм анда бар менин
Сүйүнөр элдин кулагы.

О.Ш.:
Күйүнтө бербей кыргызды,
Сүйүнтүп деле туралы.

З.А.:
Ыр жыйнагым басмага
Даяр болгон убагы.

О.Ш.:
Даяр болгон кеп эмес,
Акчаңдын барбы булагы?

З.А.:
Ал жагы кыйын, байкеси,
Акчаны бирөө сунабы?

О.Ш.:
Кадырды салып биз анда,
Кайрылууларды кылалы.

З.А.:
Э коюңуз, Олжоке,
Жетим деп мени сыягы…

О.Ш.:
Бас азыр Заке, оозуңду,
Байкеңдин тийбейт зыяны.

З.А.:
Дем берген менен сиз мага –
Демөөрчүлөр чыгабы?

О.Ш.:
Сендей уяң талантка,
Ортомчу түшсөм, быягы…

З.А.:
Ортомчу болуп, Олжоке,
Бекерге шагың сынабы?

О.Ш.:
Сен үчүн шагым сынса да,
Бу деле тагдыр сынагы!

З.А.:
Колжазмалар сандыкта,
Кор болуп жатып чыдады.

О.Ш.:
Сенден көрө чоң бүгүн,
Арзыматтардын дымагы.

З.А.:
Ортомчу түшүп мен үчүн,
Убара болуп калбагын?..

О.Ш.:
Оңой эмес кадырым,
Ойлоно бербе ал жагын.

З.А.:
Өзүм чынын айтканда,
Өтүмдүү боло албадым.

О.Ш.:
Сенин билем: болгону
Кыздарга жетет дарманың…

З.А.:
Берешен азыр адам жок,
Берер бизге жардамын.

О.Ш.:
Аларга Заке, оң болот,
Сени ээрчите барганым.

З.А.:
Карматар байке акчасын,
Кайсы барар жериң бар?

О.Ш.:
Өз чөйрөмө менин да
Өтө турган кебим бар.

З.А.:
Өзүңүз сүрөп турганда,
Өчпөс менин демим бар.

О.Ш.:
Чычканга кебек алдырбас,
Досторуң көп дегиң бар…

З.А.:
Олжоке, бирок бир кебим:
Кыйшайбас оюм бул менин…

О.Ш.:

Айт, айта гой, а бирок
Кыжырыма тийбегин…

З.А.:
Кайырчы эмес акындар,
Хандары ички дүйнөнүн…

О.Ш.:
Ха-ха-ха… ыя де жетимим,
Кур намыс беле билгениң…

З.А.:
Байкеси, антип күлбөгүн,
Өзөктүү кепти сүйлөдүм.

О.Ш.:
Керсейип анан “ханмын” деп,
Болбойт да минтип жүргөнүң…

З.А.:
Ортого түшөм мага деп,
Башыңды байке ийбегин.

О.Ш.:
Керсейгендерге барбайбыз,
Кең пейилдерди жандайбыз.

З.А.:
Коррупционерлерге барбаңыз,
Миллион берсе албаңыз…

О.Ш.:
Болду эми жетим, акырын,
Өзүмө жетет акылым…

[1] Жаңыл Турганбаева – Т.Эгембердиевдин ишин улап келаткан жубайы.