ШАКИР Олжобай: ШАМАЛ БИР УЛУЙТ, КАЙРАДАН ДЫМЫЙТ


* * *

Айланам туман.
Арсар ой турам.
Алдымда жолдон
адашып улам…

Шамал бир улуйт,
кайрадан дымыйт.

Мен барар дарек –
турган бир терек.
Кыш келип бирок
кыйылса керек.

Жок башка белги:
жоготтум ченди.

Көктөгү ай да
көрүнбөйт кайда?
Түн менен туман
түгөттү айла!

Кайра артка болжоп,
кайтаар же жол жок…
25.01.15-ж.

 

* * *

О, Жараткан бер азапты башыма,
азабыңды көмөйүн көз жашыма.

Буюрсаң да мейли мага күйүттү,
буюргандай жакшы тилек, үмүттү.

Күйүнүчсүз сүйүнүчүң болобу,
күйүт тартыш керек экен оболу.

Башың канча батар болсо кайгыга,
бакыт өзү келет экен алдыга.
22.04.2015-ж.

 

ЖАНМААНАЙ

Өзүм менен өзүм болуп тунжурап,
айталаада капкараңгы түн жиреп,
тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.

Бир бурч мага жетет эле… Бул тапта
мен өзүмдөн кайда качып кутулам?
Жетер жерге жетип теним муздаса,
санаанын да жете турган учу бар.

Бейестердин арасында караңгал,
бейес мен да, ишенимге таянган.
Санаасы жок жашап өтүп кетсем дейм…
бирок санаа тартып калар балам бар.

Аза бойду азар басып турганда,
эгер жанда адам болуп сырдашар,
өрөпкүп бир өпкөм тийбей өпкөгө, —
жеңилденип албайт белем ыйласам.

Азап, азап жаш чыкпаса көзүңдөн, —
көөдөндө бир бук жетелейт озунган…
Көзүм жеткен көп нерседен алдандым,
көңүл сууду душманды кой, досумдан.

Кездер болду түз жол чыгып алдымдан,
келди-кетти кыялдарга алдырган…
кээде туруп өз башымда чоң азап
мага күйбөй тургандарга кайгырган.

Өзүм менен өзүм азыр тунжурап,
айталаада капкарагы түн жиреп,
тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.
21-февраль, 2004-ж.  

 

* * *

Айланат сыртта бурганак:
ак карды кумдай сапырып,
айдарым жерди жулмалап.

Электр зымы уңулдап,
жүрөгүм менен тыңшасам:
ааламдан келген – Муң…Үн…Дат…
20.01.15-ж.

 

ЖАНШЕРИК

Б.Н…

Таза, тунук күлкүң менен айыктым
таянычын таппай жүрүп жарыктын.
Жылдыз көктөн чачпай нур
жылдар сымал карып күн…

Ай, Күн суздай… Асман да сур мелтиреп…
тагдыр башка сыноо берип энчилеп,
көөнө ушул турмушка
көөнүм тартпай элчилеп…

Кирпик менен жерди чийип, көңүл – муң,
кирдеп дүйнөм, санааларга көмүлдүм.
Сенектикте бир күнү
сен жарк этип көрүндүң.
2013-2014-ж.ж.

 

ЖАТАКАНА

1.

Өзүм менен өзүм болуп бөлмөдө,
жатакана болучу жашаганым.
Кызыкканым китеп эле
жыйнап койгон дубалдын боорундагы,
нечен улуу кеменгер.
Үстөлүмдө жыйылчу эмес анан да
түрдүү, түстүү гезит-журнал дегендер.
Убакытка сараң элем,
башкачале дымагым,
көздөгөнүм алыс болчу…
түнү бою өчүрүлбөй чырагым,
башты тартып шаан-шөкөт сыйлардан,
мени алакты кылар дагы
музыка эле табак, табак жыйналган.

Алга коюп бир максат көздөгөндү,
жагар эле жалгыздык…
жашаганым туурабай өзгөлөрдү.
Коңшу турган бирөө менен ишим жок,
чуру-күүгөгө айланткан бөлмөлөрдү.

2.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Шаар ичи болсо да даңылдаган,
тоонун суусу акчу эле шарылдаган.
Сайды бойлоп чарчасам, дем алчумун
шаар үнүнөн кулак, мээ заңылдаган.
Жадасам да шаардын куу турмушунан,
жаңы келип айылдан
кымбат болуп жеталгыс айыл мага…
кусалыктан көөдөндө айырбаган,
ошол кез-ай, ошол кез…
жадатты эле шаар мени, жадатты эле,
траллейбус, автобус каршы-терши
канжолдогу каттамы жаңылбаган.

Жатакана шар суунун боюндагы,
мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
эстегеним: ошондогу көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!

3.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен айылга биротоло камынып
кете турган болгондо
мени кармап калды элең,
далай жолу толгонгон.

Бойлоп басып сай жээгин,
зырп-зырп этип сай сөөгүм…
кыялбадым кыялда максаттарды,
өзүмдү өзүм турмушта аксатканды.
Анан дагы кыйбадым:
кылыгы бар мага коңшу келинди,
анда-санда башбагып кирип турган,
не ыр жаздым, жазбадым билип турган.

4.

Өз алдымча турмушка беталгамын.
Бирок жадап шаардагы тириликтен,
айыл жакка камынып, жеталбадым.
Үйрөнгөн соң жалгызбой тириликке,
керме тартып керилте,
кир-кечегим өзүм жууп, өзүм жайып,
түнөгүмө айланып биротоло,
сени кыйып айылга кеталбадым.
Чемоданым көтөрүп,
дегдеп жүрүп айылга жеткен менен,
бир аз күнчө өрүш алып жөнүгүп,
кайра өзүңдү сагынып, жатакана,
кайтар элем,
туулган жерден сен артыктай көрүнүп…

Сенде жашап жүргөндө:
убакытым сая кетпей күнү-түн,
иш үстөлдөн баш көтөрбөй үйрөнгөм.
Анда жалгыз билим экен үмүтүм.
Дүйнөсүнөн китептердин чыгалбай,
бири сала биринен,
уч-кыйры жок биригер…
пир тутканым: Фрейд, Фромм,
Юнг, Сартр, Камю, Ницше, Кант эле.
Окуу, билим мен үчүн
баш тартпаган ант эле.

5.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Чарчаганда дем алып (күргүштөгөн)
суу жээгинен ой издеп басар элем.
Ой кармалса, олжо тапкан немедей,
өз бөлмөмө кайрадан шашар элем.

Каршы-терши, каршы-терши канча ирет,
тар бөлмөдө кадам шилтеп кайчылаш,
көрүнчү эмес мен көздөгөн жол учу…
Тар болсо эгер, тар болгондур ал бөлмө,
дүйнө бирок тардыгы жок болучу,
ой чабыттын кенен эле өрүшү.

6.

Өзүм менен өзүм анда эндекей,
катышым жок тууган менен жатындаш,
бул дүйнөдө коколой баш бөлүнгөн,
далайларга мен кесел жан көрүнгөм.

7.

Жатакана жашоосу күү-шаң эле,
шаңдуу ошол жатакана ичинде
жантуйгу бир коңшу келин бар эле,
мээрим төгүп, мени аяган жароокер
коңшу келин тырс-тырс кагып эшикти
кирип келсе, көзү күйгөн шам эле.
“Азгырыгың келдим, – дечү – кечиргин,
келгендигим: сени ойлондум, эзилдим…
бирин мага бөлгүн – дечү – кечиңдин…”

8.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Канчалаган кыял, тилек, ырларга
учкан уя сен элең…
Жаштыгымдын жалын кези
өттү сенде жашап жүргөн жылдарда,
калды сенде көкүрөктө эң аяр
купуялуу сырлар да…

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы…
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
Эстегеним: аттанарда өзүңдөн
алыс, алыс көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!..
Февраль – март, 2004-ж

 

ЖҮРӨК

«Оорутпа, – деп айтасың – жүрөгүңдү…»
Жүрөк кантип оорубайт?
Жүрөк оору дегендин
канча бир себеби бар!
Жүрөк ооруп, жүрөк сыздап турбаса –
эт жүрөктүн анда эмне кереги бар?
«Жүрөгүңө баарысын алба» – дейсиң.
Кантип албайм?
Кабыл албай жүрөктүн тереңине,
жүрөктү аяп жашаштын кереги не?

Согуп турган жүрөгүң оорубаса,
сыздабаса, кайгырбаса, толгонбосо…
дүк, дүк этип
булчуң эти серпип-серпип турбаса,
мерес болуп катып калар,
кайгы-капа, ыза-муңду туйбаса.
Бул жүрөктү жүрөк деп эсептебейм:
өзгөгө эмес,
жалгыз гана өз кайгыга туйласа.

Өзүм гана жүрөк оору болбостон,
жүрөктөрдү оорутуп да, сыздатып,
жүрөктөрдү дүргүтүп
ойготкум келет менин.
Демек анда,
оорлуу болсун дайыма жүрөк демим.

Жүрөктөрдүн каалгасын кагыш үчүн,
ошончолук жүрөктөрдүн кайгысын
жүрөгүмө эң жакын кабыл алам,
кезинде ушул: дүк-дүк деп талыбаган.

Жароокерим, сенден бир суранычым:
мени мындай аёо менен караба.
Мени аясаң аягын,
жүрөгүмдү аяба!
4-февраль, 2003-ж.

 

* * *

Бөйрөк майдай булуттарды апаппак
сызгырды да чала-була батаар күн
кирди уяга. Калдым кечти бүгүн да
узаталбай санаа менен катар бир.

Ай эндекей жалгыз бүткөн бөйрөктөй
ажыраса курчоологон булуттан:
а мен жерде Айды тиктейм кусалуу
ажырабас ойлор курчап буюккан.

Туш-туш жакка тарап эчак булуттар
айланасы Айдын тыптынч мунарык
болгон үчүн көлмө турат тушумда
менден бетер көктү тиктеп муңайып.
Сентябрь, 2009-ж.

 

ӨКҮТ

Арбын түшкөн жемишинен түбү көң
арааласам карт даракты түбүнөн:
асман бетин чийип барып кулады
жүрөк «селт» деп аянычтуу үнүнөн.

Жерге тийип качыраган бутактар
бутак эмес, жер таянган кучактай…
тирүү жандай үн чыгарып акыркы
жүрөгүмдү тилип өттү бычактай.

Жемишин жеп жүрдүм канча мактап да
акырында ушул эле максаттай,
карап турдум кулап жаткан даракты
бир өмүрдү кыйып салган акмактай.
30-сентябрь, 2009-ж.

 

* * *

Жаманчылык-жакшылыкта каттаган
айылым бар Атбашыда – Акталаа.
Чурулдашып салам айтып алдыман
чуркап чыга калган балдар жат мага.

Айда-жылда келсе келет экемин…
Келбесем жок. Шаарда турмуш кечемин.

Бир кезекте мен ойногон көчөнүн
алик алып саламын,
ичим тыз деп өтөмүн…

Жакшылыкта-жамантыкта каттаган
айлым сага Акталаа,
куса менен келдим бүгүн
көөдөнүмө батпаган.

Өткүчөктү далай айыл-кыштактан
өрөпкүтүп кусалыгым туш жактан…
билбейм мага сезим келди кайдагы:
мүрзөдөгү шыбак жыты сагынтат
атам жаткан жайдагы.

Айылыма келген күнү негедир:
үйгө эмес тартат бутум адатта
атам, апам жаткан күмбөз тарапка.
2006-2010-ж.ж.

 

АПАМДЫН ЭСТЕЛИГИНЕ КЕЛИП…

Чымчык сайрап сага келип ыраактан
булак көзү токтоп калбай шыр аккан…
тегерегиң биз курчабай курчасын
турпагыңдан өскөн гүл, чөп, шыбактар.

Жамгыр төксө төксүн жашын ар жылда
жаш төкпөйлү арбагыңдын алдында.
Бейиттерди бейубакта аралап
шамал боздоп турсун ушул айдыңда.
Сентябрь, 2009-ж.   

 

БЕШИК

Төрөлгөндө наристе
эне бөлөйт бешикке.
Наристени терметкен
эне өлсө, табытты
чыгарарда эшикке:
бешик сымал термелип
узайт сөөгү табытта…
жер эненин койнунан
оюп койгон тешикке.
Февраль, 2009-ж.

 

* * *

Берген эмес кудай артык жанды маа,
өлсөм көмүп салбай жердин алдына:
кар чүмкөгөн же шыбактуу талаага
сөөгүмдү бүт өрттөп чачып салгыла…

Олжобай ШАКИР

20-11, 2006-ж. 

ЫЛГАНГАН ЫРЛАР