ШАКИР Олжобай: ЫЛГАНГАН ЫРЛАР

Олжобай ШАКИР 

 

АКТРИСА 

Сен жөнүндө ойлоп жүрүп асылым,
жашаптырмын канчалаган жашымы.
Көрелекмин о бир кездей күнүгө,
ажар тамган кирпигиңи, кашыңы.

Ошол күндөр нече жылдап баратат,
эстутумум кээде жүрөк канатат…
Унутайын дедим канча өзүңдү:
үйбүлөмдө болбос үчүн жаракат.

Токтоткомун сага жазган “Арзуумду”,
балдарыма арнап ата парзымды.
Ичте күйүт болсо дагы жашадым
телегейим тегиз, бактым бар сындуу…

Мына кайра оргуштаган булактай:
мен далай жаш өргүп калган куракта
капилеттен эстутумдан ойгонду
тынч сезимдер, тээ качанкы убактар!

Күйгөн сайын жаным сүйүү зарпына –
күйүт басты күйүтүмдүн артынан.
Эстутумду албайт кудай эмнеге!
Эстен баары өчсө гана жан тынар…
Январь, 2012-ж.  

 

МЕТАФОРА

Жарык тамган терезеңдин тушунда,
сени күттүм… калч калч этип түшүмдө.
Кычыраган кыш түнүндө ай жарык,
муз үйүңдү жүрүптүрмүн айланып.
Муздан үчүн төрт тараптуу дубалың,
муздактагы сенин ойлоп убалың,
кирейин дейм муз үйүңдү балталап,
жарык тамган терезеңди талкалап,
бирок сынбайт терезеңдин эч жери…
аяз кышта амалым жок эч менин:
кыяматтай башка түшүп ушул күн,
уяң жүндүү балапандай үшүдүм.
Кайдан-жайдан муз үйүңдүн капталын
бир убакта кызыл жалын каптады.
Эрисе да дубалыңдан муз тайып,
өрт койнунда отурдуң сен сустайып.
25.12.05. 

 

КЕЗДЕШҮҮ

Капилеттен кез келип,
бейтааныштай көздөнүп:
сен да, мен да бул жолу
баягыдан өзгөрүп…

Сен аздектеп тарачу,
мен суктанып карачу,
агарыптыр баягы
саамай чачтын арасы.

Баягы эмес ажарың,
барбы билбейм, баяның?
Илбериңки кезиң жок…
ич тыз этип карадым.

Санааң көппү тагдырда,
салып башты алдымда,
шарт бурулуп жөнөдүң,
бир кезигип, сан жылда…
Декабрь, 2006-ж.

 

БЕЙБАК

I.
Кыялкеч кезиңдеги
кылыгың эсиңдеби?
Жаныңда жөргөн жигит
жароокер сезилгени.

«Тарттырбас убайымды
таптым – деп, – жубайымды,
жеңилим жерден алаар
жедирбес убайымды…»

Алыскы чекте деген,
артынан кеткен элең.
Баёлук сезимиңде
бакытка жеткен элең.

Барынан кечкендегиң –
бактыңан шектенбедиң!

II.
Жыл өткөн соң саналуу
жыргалың жок баягы…
Кайтып келдиң кайрадан
каркырадай аялуу.

Кечээ жүргөн сүйүнүп,
келечегиң бүлүнүп…
Бүгүн минтип турасың,
жаш өмүрүң күбүлүп.

Кечээ жүрсөң күйүтсүз,
бүгүн болдуң үмүтсүз!

III.
Кыялкеч кезиңдеги
кылыгың эсиңдеби?
Жаныңда жүргөн жигит
жароокер сезилгени…
Январь, 2007-ж.

 

ОЙСОКЕ

Кумар кылып назданганы жаныңды,
куюнганы атыр эле жагымдуу.
Далбасташып аркасынан жигиттер,
далай сезим сууган эле жалындуу.

Далай мырза азгырыкты көрөлек,
далай жигит колуктуну өбелек,
колун сурап ал зайыптын алдында
корстон эле турганына чөгөлөп.

Зарласа ким – ал ансайын көшөргөн
зайып эле жасалмалуу жөтөлгөн.
Бир заматта ийкем кылып салуучу
мырзаларды боюн бийик көтөргөн.

Далайлардын кытыгылап сезимин,
дайын үчүн баркы-баасы өзүнүн:
«Аялдан мен бийик» деген эркекти
айландырчу агы менен көзүнүн.
2006-ж.

 

ПАСТЕРНАКЧА

Түш экен баары. Күз экен алтын сапсары.
Курбулар менен шарактап күлүп саптагы…
билектен алып жетелеп жүрөм өзүңдү
асманда шаңшыр акшумкар сымал таптагы.

Сапсары талаа… жалбырак жалаң көмүлүп,
сабынан топтун экөөбүз алыс бөлүнүп…
жадырап турдуң, жароокер жаным маңдайда
жайылган чачың колумда тал-тал өрүлүп.

Мөңгүдөн алыс жапсардын аңыз өрүндө
курбулар биздин кеп салат арзуу жөнүндө:
«Гүлзарын төккөн бейиштей жерде бетме-бет
кезикти – дешип, – дартызар экөө өмүрдө.»

Эзилет шакта аярлап желден терип жээр
эрдиңдей кызыл бүртүйүп бышкан жемиштер.
Ажайып андай жер жоктур жердин үстүндө
айлансын андан керемет деген бейиштер.

Жорудум түштү: кезикпес жанбыз оболу…
түштөгү көргөн о андай күнүм болобу.
Түш эмес билем, бейиштен сага кезикпейм,
бейишиң эмне, ал диндин жалган жомогу.
30-сентябрь, 2007-ж.   

 

АК КАРЛУУ КЕЧ

Чачың кара кундуздай. Меникичи…
Айыбы жок көзүңдү кадабачы.
Садагасы, таңгалып, аяр сылап
буурул түшкөн чачымды тарабачы.

Ак кар тышта сампарлап. Сен экөөбүз
маңдай-тескей олтурган маанайы суз…
жеңилдесек о, кана үшкүрүнүп
кыштын ушул кечинде таалайы сыз.

Сырттан кирип, кар салып моюнума,
оюнуң да кандыбы? Бубак кардай
агын санап чачымдын муңайасың,
бирибизге бирибиз чукак жандай.

Улайм кантип муңайган көңүлүңдү?
Келдиң мага күтүүсүз ала таңдай.
Эркелетип жүрөйүн карындаш деп
балапандай жөн гана, балапандай.

Каргылданба, кайгы бар менде дагы…
кар жаай берет ушинтип жер бетине.
Карлар эрип, жаз келет табиятка
жаштык келбейт а менин келбетиме.

Жантуйгу деп санаба, мерес кээде
өз кыялым өзүмө дайын эле:
аппак кардай көңүлүң кирдейт бир күн,
ысык болбос мээримим дайым эле.

Сен жалынсың алоолоп. Мен от эмес.
Терезедей муздакмын. Алаканым
ысык болуп ээгиңде турган менен
а ичимде суз тартып баратамын.

Ажарыңдай ажайып айланабыз.
Үндөбөгөн сырттагы теректердей
үндөбөйбүз биз дагы үй ичинде.
Үшкүрүнөм бар үчүн себеп менде…
Январь, 2009-ж.  

 

«Сүйгөн адам сезим үчүн бактылуу
Болбойт аны бактысыз деп айтууга»

Мухтар ШАХАНОВ

Биз жээгинде тыңшап көлдүн шооратын, –
түшүнүп да, түшүналбай олтурдук
келди-кетме бул өмүрдүн ооматын.

Көл жээгинде шарп-шурп майда толкундар –
жүрөктөгү толкундарды жаратты
экөөбүздүн үнсүз муңдуу олтурган.

Төнүп ойго… Үндөбөдүк мелтиреп.
Көөдөнүмө сен баш жөлөй калганда:
тыным ала түштү бир маал берки жээк…

Көл толкуну өтүп биздин жүрөккө,
көргөн жандар ойлогондур: «Арзууга
азыр гана кабылды, – деп – бул экөө».

Кучагыма кыса тартып сени мен,
көөдөн кере үшкүргөнүм эмнеси?
Толтурчудай бакытымды кемиген…

Жээкте көпкө тыңшап көлдүн шооратын, –
түшүнүп да, түшүналбай бейпаймын
келди-кетме махабаттын ооматын…
Май, 2011-ж.

 

ДИАПОЗОН

Айым десем, Айымсың:
үн катпай мелтиреген.
Күнүм десем, Күнүмсүң:
нуруңду мен тилеген.

Жылдыз десем, түгөнгүр…
бийикке оболодуң.
Периштеге теңесем,
жаныма жолободуң.

Көп асылга теңесем:
көөхарсың өмүрдөгү.
Гүлүм десем, гүлдөйсүң,
көз артчу көрүнгөнү…

Жер үстүндө жүрсөң да,
жетпестен өзүңө түк –
окшоштуруп баарына
кетеби көзүм өтүп!
1-декабрь, 2011-ж.

 

СТАКАТТО

Көздөрүңдө турат тагдыр окулуп,
көөдөнүңдөн чыкпаса да үшкүрүк…
(Кирпигиңде калган жазуу токулуп).

Көз алдабайт. Ташка тамга баскандай
жазуу турат: муң, шат, кайгы тепчилген.
Турмушта бу зирек чыгат азган жан.

Жонуңда жүк… А жаштыгың солкулдап
жаңылдым деп эрден издеп бактыны –
таалайыңа буйруп ушул жол турган.

Ажарыңа артып көзүн далайлар,
мөлтүрөгөн карегиңе кадалат,
менден жаштар, мен сыяктуу карайлап…
3-август, 2014-ж.

 

* * *

Карманууга эрким жетпей калган күн,
турдум көпкө сырт жагында каалгаңдын.
«Ачкын» десем: «Неге кайра келдиң?» – деп,
мен жалынып, а сен мага жаалдандың.

Жаалың бирок кайнаса да канчалык,
жароокерлик кылгандыгың байкалып…
жаанга калып шөлбүрөгөн түрүмө
мерес мүнөз болалбадың анчалык.

Каалгаң «шырт» деп, көрүнгөндө улагаң,
маңдайымда турган сага кулагам.
Көздөрүңдөн жаш мөлт эте түшкөндө,
көөнүң мендик экенине ынагам.

Биздин тагдыр эки айрылыш болучу,
мен мейманың бир түн гана конуучу.
Сен эртеси ыйлап кала берчүсүң,
башка жакка мени азгырып жол учу…

Экөөбүз бир түтүн булап калганга,
тилек кылып, болдуң канча арманда.
Кол-жолум бош жүргөн үчүн тек гана
адат эле сага жетип барган маа.

Ошол кездер – туш келдиге жетелээр,
оюн менен өтүп шаттуу кечелер…
бу дүйнөнүн бир бурчуна камалбас,
жаштык экен бардыгына текебер.

Көп жылдан соң кезигиштик кайрадан,
бой ургандай күр-шар аккан дайрага:
о качанкы кучагыма куладың,
мен да эчкимге минтип кулач жайбагам…

Сен экөөбүз жан кыйбастар окшойбуз,
эмне мынча алоолонгон оттойбуз?
Тирүүлүктө жүрүп канча көрүшпөй
эми неге сүйүүбүздү жоктойбуз?…
Май-июнь, 2011-ж.

 

ОКШОШТУК

Тунжурап турат асман туман чалып,
бозоруп жер караган жетим сымал.
Теребел шамал дуулдап, улам чаңып,
от жанып коломтодо бийлейт цыган.

Отундан таштап коём. Чарт-чурт үндөн
жадабай. Жалын отко көздү кадап:
жалындын ортосундай дуулдап күйгөн
отурам тээ бир өткөн кезди самап.

Сырттагы шамал үнү аңылдаган
ыйындай Дон Хозенин кулагымда.
А Кармен маңдайымда жалындаган –
кызыл от бийлеп аткан. Дубалымдан

киралбай сырттан үйгө боздоп шамал
(Дон Хозе ойсокесин кысканып тур,
Карменин имерүүгө таппай амал)
жулкунат улам-улам кабагы сур.
Март, 2012-ж.

 

* * *

Кең ааламда жашап жүрүп кысылып,
келди мага мамындай бир түшүнүк:
кемчонтой кеп салып турса эп экен
кеменгердин зоболосун түшүрүп!

Чым жаздантып кара жерге бергис дээр,
тентип жүрүп өлүп кеткен дервиштер…
Жүзүң куруп калсын ушул кең аалам
Хафис, Саади, Жами, Руми келгис жер…
27-август, 2015-ж.

 

* * *

Саркеч кийип, жаңылантып оо дагы
адамзаты кууп жашайт моданы.
А табият мода куубайт. Түбү өнүп,
анын жаз, жай, күз, кыш көркү түбөлүк.
17-июнь, 2014-жыл

 

ТҮН

Көрпөчөнүн айрыгындай булуттун
аркасында ай жашынып туруптур.
Жылымтыксыз ай нурунан көктөгү –
«жарк» дей түштү сокур көзү кудуктун.
3-июнь, 2013-ж.

 

САПАР

Жолдой мейли тапталайын кордолуп,
бирөөлөргө берсем болду жол болуп.

Өмүрүмдүн сапарына келет күз,
кыйшык жолдо жашап өтүүм керек түз.

Достор курчап турса бүгүн туш жагым:
билбейм эртең кимиси кас-душманым…

Ошондо да доско, каска, баарына
жол болоюн чыдап турмуш заарына.
Декабрь, 2010-ж.

 

МИНОР

Чакмак таштын учкунундай бул өмүр
бир жылт эткен жарык экен болгону.
А көктөгү жылдыздардын өмүрү
балким андан узак тиги жондогу…

Мен тиктеген жондон ары кулады
азыр эле жылдыз зуулдап асмандан.
Дал ошондой биздин өмүр бийиктен
куласа ээ, тажагандан, шашкандан.
2-март, 2011-ж.  

 

ОКТАВА

Жаштык эмне?
Түркөйлөргө – агуу бирге сел менен,
эстүүлөргө – дайра артка келбеген.
Карылыкчы?
Түркөйлөргө – ызгаардуу кыш кейиштүү,
а эстүүгө – күзгү терим жемиштүү.
Өлүм эмне?
Түркөйлөргө – бейиш-тозок ылайым,
эстүүлөргө – Теңир берген ырайым.
21-ноябрь, 2011-ж.

 

* * *

Бака үнүн угуп түндө чардаган –
өз үнүмдү таппаганга арданам.

Өзөгүм өрт, өмүрүмө актай бу…
кайран өмүр сая кетип жатпайбы!
2-июль, 2010-ж.

 

* * *

О, Жараткан бер азапты башыма,
азабыңды көмөйүн көз жашыма.

Буюрсаң да мейли мага күйүттү,
буюргандай жакшы тилек, үмүттү.

Күйүнүчсүз сүйүнүчүң болобу,
күйүт тартыш керек экен оболу.

Башың канча батар болсо кайгыга,
бакыт өзү келет экен алдыга.

22.04.2015-ж.