АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: БӨТӨЛКӨЛӨШТӨР

АҢГЕМЕ

Ал экөө армияга барган эки жылды эске албаганда эс тарткандан ушул күнгө чейин чогуу ойноп, чогуу өсүп, чогуу окуп, чогуу иштеп келатышат. Элүү беш жылдык өмүрүнүн элүү жылында экөөнүн башынан нелер кана өтпөдү дейсиң. Жакшысы да болду, жаманы да болду дегендей. Бүгүн да чогуу ичишип, айылдагы дүкөнгө чогуу киришкен. Мына ушул жерден кичинекей, бирок эсте каларлык бир окуя болуп өттү.

Эртеден бери улам бир шылтоо табылып, дүкөнгө келген-кеткендер менен сого беришип, экөө тең биртоп кызып алышкан. Эми алып бермей кезек Каракойчуга жеткен эле. Ал соода кылып жаткан илбериңки сатуучуга кайрылды:

— Жеңе, мага бир бөтөлкө карыз бер, айлык тийгенде өзүм берип кетем.

Жанында турган Жаныбек ошол жерден Каракойчуну жакадан алды:

— Эй, энеңди урайын, көзүңдү ач, сен келесоо болуп калгансыңбы? Менин келиниме эмне тийишесиң? Өзүңдөн кичүү инибиздин келинчегин жеңе деп?

— Тарт колуңду сволуч, жеңем болсо жеңем дебейминби. Мени эмне жинди дейсиңби?

— Былжыраба, ал кандайча сага жеңе болот эле… Садык бизден эки жаш кичүү болсо?

— Кичүү болсо эмне экен, баары бир Сонун менин жеңем.

— Эй, оозуңа кара, бул менин келиним болсо кандайча сага жеңе болот экен?

Кызыл чеке болуп талашып, биринин сөзүн бири түшүнбөй, кайра-кайра башынан түшүп, бир чай кайнамча убакытка жаш короздордой үрпөңдөшүп, кудай жалгап Каракойчунун оюна Сонунга кайрылуу келе калды:

— Жеңе, бул жинди кайнагаңа түшүндүрүп койчу, кандайча жеңе экениңди.

Экөөнүн чырына ичинен күлгөн Сонун Жаныбекке уяла карап акырын үн катты:

— Аке, Каракойчунун келинчеги мага кайынсиңди эмеспи.

Маселенин маанисин эми түшүнгөн Жаныбек шылкыйыя түштү. Каракойчунун алып бермей кезеги күтүүсүздөн артка жылып, күнөөлүү Жаныбек Сонунга жаздырып бир бөтөлкө алды да, экөө ортодо эч нерсе болбогондой дүкөндүн арт жагындагы арык бойлой өскөн жапан талдын арасына кирип кетишти.