ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ЭЭРЧИТМЕ ТҮШТӨР…

«Иши оңолордун түшү оңолот» дечү эле кыргыз. А меники кандай түш билбейм…

Өлүм кирди түшүмө жарык кабак,
өмүр кирди түшүмө үңүрөйгөн.
Экөөнө тең тиктеймин талып карап.

Жер менен жер гүл дөбөм.
Мүрзөм үстү жылмаланган жалпак таш.
Жашоо сыртта – дүрбөлөң.

Жайымда тынч жатыпмын
кабыр ичи – мүшкүл жок.
Тирүүлүктүн жолуна
о кайрадан түшкүм жок.

14.12.17.

Түшүмө өлгөндөр көп кирчү болду. Ыраматылык атам менен апам кирет. Атам тегирменчи эле. Жанында ээрчип жүрөм, артынан калбайм. Алыкем менен Салижан аке да көп кирет. Аларды ээрчип жөнөйм. «Бу жакта силердики эле сонун турбайбы, тынч», – дейм. «Сонун көрүнсө, кал», – дешет. «Калам силер менен», – экөөнү ээрчип жөнөйм…

Төрт жыл мурда көзү өткөн колуктум Сажирага о дүйнөдөн кезигип, минтип ыр окуйм ага:

Сен жок жалгыз… Сени салар эсиме
турат баары. О, курусун турганы:
тирликтеги колуң тийген буюмдар
калган окшойт көз жашыма жуулганы.

Сен жок үйдө колго урунган буюмдар
текче, бөлмө, бурчтан көзгө илинип,
элесиңди эске салып дамамат
тирлик өтүп жатат жүрөк тилинип.

Аларды да бир кезекте чаң басар,
сынып кээси, эскиргени эскирер.
Чыканактай уул-кызыңа бу турмуш
арка жетим калгандыгын сездирер.

Тозор өңдөн сен кармаган буюмдар,
мен кайгымды жеңип, тараар бук дагы…
Жылдар өтөт. Өзүң бардай бир кезде
ким аярлайт сен кармаган тутканы…

Мурда жазылган ушул ырымды окуп берип аткан болом. Төрт жылдан берки турмушумдан отчёт берем. Төшөк жаңыртып башка катын алганымды айтам. Анын санаасын тындырмакка минтип да кошумчалайм: «Жаздыгым жакшы экен, азыркы алганым да өзүңдөй айжаркын мүнөз. Уул-кызыбызды капа кылган жери жок…» – буга анын санаасы тынып калгансыйт. «Жакшы жашап жүрсөңөр эле болду», – дейт көңүлү тынчып…

Азыркы колуктума батасын берет… Алкышын жаадырат…

Ал экөөбүз анан те качанкы кезибиздегидей бирибизге-бирибиз бой уруп эзилишебиз. Түшүмдө ыраматылык мурунку келинчегим менен жарыктык азыркы келинчегим Назгүл менен Сажиранын ортосунда чаташып калам. Кимисин ээрчип, кимиси менен калышты билбейм…