Бальтасар ГРАСИАН
(1601-1658), испан жазуучусу
Азчылыкка келгенде акылдуубуз, көпчүлүккө келгенде оомабыз.
* * *
Чычканга кебек алдырбаган сараң карышкырга келгенде алдырат.
* * *
Адам өмүрү пендечилик жорук-жосундар менен кармашып жүрүп өтөт.
* * *
Өкүмдарың мойнуңа жүк артарда айкөл көрүнүп, агынан жарылып сүйлөйт.
* * *
Товарыңды ким жамандаса, сатып алчу кардар ошол.
* * *
Акчаңдан күйсөң да, товардын сапатынан күйбө.
* * *
Эс-акылы жок үчүн көпчүлүгү эс-акылын жоготпой жүрөт.
* * *
Достордон айрылгың келбесе, алардын чоң ийгиликке жеткенин тилей көрбө.
* * *
Сенин көзүңчө бирөөгө «жок» деген адамдан бирнерсе суранба, демек, ал экинчи тилемчиге да оңой шылтоо табат.
* * *
Ишиң илгерилебегени – өзүңдүн эле макоолугуңдан.
* * *
Сага эчкачан каршы сүйлөбөгөн кишини мактаба, демек ал сени эмес, өзүн жакшы көргөн үчүн дудук болуп жүрөт.
* * *
Сага ишенбегендей түр менен караган киши карандай калпычы.
* * *
Калпычынын алдында эки кыйынчылык бар. Биринчиси: ага эчким ишенбейт. Экинчиси: өзү да эчкимге ишенбейт.
* * *
Жайнаган кирешени жалгыз чыгаша алып келет.
* * *
Аянтта айкырып аткан адамдын акылдуу же акылсыз экени арсар. Анткени ал аянттагы аңкоолордун акылы менен өзүнүн жүрөгүндө макул болбосо да, барыбир элдин атынан айкырат.
* * *
Эки жээкте туруп алып бирин-бири «акмак» дегендин баары акмак.
* * *
Сууга чөгүп бараткан адамдан абайла. Куткарганы кол берсең, сени кошо тартып кетет.
* * *
Жомоктогудай жашоого жеткениң – жашооңдун бүткөнү.
* * *
Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат.
* * *
Эх, десең… кептин баары – келатканыңды алдыңда жамырагандар көрүп кубанганында эмес, чыгып баратканыңды көрүп, өкүнүп калганында.
* * *
Келесоо көрүнгөндөрдүн баары келесоо, соо көрүнгөндөрдүн да жарымы келесоо.
* * *
Ким келесоону ажыратпаса, ал келесоо. А келесоонун келесоо экенин билип туруп жанында жүргөн андан бетер.
* * *
Ким жытчыл болсо, былыктын баары ошондо.
* * *
Бир арстанды көргөнүң, баарын көргөнүң; бир койду көргөнүң, баарын көргөнүң. А бир адамды көргөнүң, бир эле адам, бирок анын да заадисин көрбөйсүң.
* * *
Илимге ашкере башын сайган адамдар оңой алданышат, себеби, андайлар турмуштагы эң жөнөкөй, эң зарыл нерселерден алыс.
Кыргызчалаган О.ШАКИР