ШАКИР Олжобай: Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат

Жан Франсуа РЕЦ

(1613-1679), француз саясатчысы  

 Улуу иштер аткарыла элегинде улуу иштерди аткарууга чамасыздар үчүн майнап чыкпачудай көрүнөт.

* * *

Министрдин туура эмес иш жасаганынан да, туура эмес дөөдүрөгөнү опурталдуу.

* * *

Кромвель: «Кайда барарын билбеген адам баарынан алыска барат» деген.

 

* * *

Мурдунан алыска көзү жетпегендерге так ошол мурдунан алыс маселени айтсаң, катуу ишенет.

* * *

Партияңдын зоболосун сакташ үчүн өз пикириңди тез-тез өзгөртүп турушуң керек.

* * *

Чоң иштин башында турган адамга карама-каршы көзкараштагы партиялардан мурда өз партиялаштарынын арасында жолтоо болчулар көп.

* * *

Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат.

* * *

Өзүнө ишенбеген адам башкаларга дегеле ишенбейт.

Жозеф АДДИСОНaddison-joseph

(1672-1719), англис жазуучусу  

 Барыбыз жаш өткөн сайын токтоло баштайбыз. А мен айтар элем, токтоло баштаганыбыздын өзү акмакчылык.

* * *

Биринчи никесинен өзүн бактылуу сезген аял экинчисине да дайым даяр.

* * *

Аялга ашкере урмат-сый жасаган эркек өзү жасаган сыйды аялдан анда-санда көрсө көрөт, көрбөсө жок.

* * *

Биз ардайым укум-тукумубуз үчүн бирнерсе жасасак дейбиз, а мен укум-тукумубуз биз үчүн бирнерсе жасаса дейм.

* * *

Суужүрөктөр опурталдуу учурда баш эмес, буту менен ойлонот.

Кыргызчалаган О.ШАКИР