Жорж Бернард ШОУ
(1856-1950), англис драматургу
Адабияттын дөө-шаасы болуп калган себебим – окурмандар менен чанда жолугушканым жана жолугушууларга барарда чычайып кийинбегеним.
* * *
Өз көрөңгөмдү өзүм даңазалап турбаганда, жетимиштен өткөндөн кийин эшек такаламак экемин!
* * *
Демократия дегениңер мурдагыдай абийирдүү азчылык орноткон бийлик эмес, караңгы, түркөй көпчүлүк шайлаган бийлик.
* * *
Демократия – төбөдөгү тарсайган шар сыяктуу. Силер ага аңкайып тиктеп турганда, башкалар чөнтөгүңөрдү аңтарып аткан болот.
* * *
Адамды бийлик дөөгүрсүтпөйт, бийлик сересине жеткен даңкеселер дөөгүрсүйт.
* * *
Мамлекеттик кызматкерлер тантырап турбаса, аларга анык көргүлүктү көргөзчүлөр бар.
* * *
Такта аял олтуруп, бирок эркек башкарса, өлкө тагдыры оңбойт. Ал эми эркек такта олтуруп, аял башкарса, өлкө тагдырын оңдойт.
* * *
Соо адам эртең мененки саат 11де чече албаган парламенттеги маселе түйүнүн чечкенге түнкү саат 11де ичилген арактын күчү жардам берет.
* * *
Периштеге ишенгенден өткөн ишенчээктер – шайлоо жыйынтыгына ишенгендер.
* * *
Эшматтан алып Ташматка төлөгөн өкмөтүң, дайыма Ташматтан колдоо табарына да ишенет.
* * *
Эстүү адам турмушка ыктайт, эссиз адам турмушту өзүнө ыктатам дейт. Прогресс ошон үчүн дайыма эссиздердин колунда.
* * *
Революция эчкачан зулум төрөлөрдүн жүгүн жеңилдетпейт, тескерисинче, жүктү башкалардын жонуна артат.
* * *
Ханга сыйынган адам хан үчүн өлүп бергенге да, хандын түбүнө жеткенге да даяр.
* * *
Сокку жеп, сага жооп бербей калган адамдан абайла: ал сокку жеп калганы үчүн өзүн да, сени да кечирбейт.
* * *
Нике дегениң гүл үзүүгө кол сунган кыз-жигитти басып жыгылган кар көчкүдөй.
* * *
Вегетариандардын эң коркунучтуу жырткычы – бука.
* * *
Улуу сүрөтчүнүн душманы эл арасынан эмес, сүрөтчүлөр арасынан чыгат.
* * *
Ийгилик жолунан тайган сайын атагым дүңгүрөп турду, чиркин!
* * *
Жакыр адамдар көп. Алардын ичинен врачтардын жакыр болгону жаман. Жакырчылык айынан башкалар каракчылыкка барса да, врачтарды каракчылыктан сактасын.
* * *
Диний уюмдардын баары башкаларга байтурмушка жеткендей көрүнгүсү келет.
* * *
Атак-даңк көздөгөн аңкоолуктан эчбир майнап чыкпайт.
* * *
Жараткан кудай улам жарата берет.
* * *
Эң капчыктуу адам деле дайыма кардар болуп жүргөнүн колкоо кылып, алчусун арзанга түшүрөт.
* * *
Ырым-жырымга жакын адамды илимге жакындатсаң, билген ырым-жырымын илимге шыкайт.
* * *
Мага автору белгисиз пьеса жөнүндө кандай пикирде экениме кызыккан адамдардын суроолору кызык.
* * *
Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери.
* * *
Ата-энелер өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!
* * *
Эгер балаңды ургуң келсе, ур. Болгондо да жүрөгү кабынан чыгып кеткидей ачууң менен. Ачуусу жок урганың урганга окшобогону менен – бала аны кечирбейт.
* * *
Элге эбактан дайын сыр гана көпкө сакталат.
* * *
Үй – эркек үчүн түрмө, аял үчүн түйшүгү түгөнбөгөн ишкана.
* * *
Башкалардын оюнан чыгып калган аял ойчул келет.
* * *
Келесоо келесоолук кылса, анысын иштин пайдасына шылтайт.
* * *
Бирнерсе жасасаң эле бирнерсе биле баштайсың.
* * *
Билген билгенин жасайт, билбеген билбегенге үйрөтөт.
* * *
Эгер ким бирөөнү жакшы көргөнүң үчүн өзүңдү курман кылсаң, кийин ким үчүн курман болгонуңду билгенде, ошол адамга жек көрүүң күчөйт.
* * *
Бир эле жолу чын сөз айтсаң, кийин канча калп айтканыңдын бирине да ишенбегендер болот.
* * *
Адам жолборско кол салса – спорттун эле түрү демекпиз, а адамга кол салган жолборсту жырткыч дегенибиз калбайт.
* * *
Малайга адамдай мамиле жасасаң, аны кармап кереги не?
* * *
Кожоюн кыйынбы же малайбы? Малай. Себеби, ага кожоюн көбүрөк көзкаранды.
* * *
Алдыга канча душман салып алсаң да, артыңда бир душман калбасын.
* * *
Дени сак адам тулку-бой сөөктөн турарына маани бербегендей, дени сак улут өзүнүн улут экенине маани бербейт.
* * *
Биз адамдар кандайбыз? Жакпаган адамыбыз жардам сураса, толгон-токой «жок» деген шылтоо табабыз, а жаккан адамга «эмне жардам керек» деп жабышабыз.
* * *
Актер тырышып ойногондой эле сынчы да тырышып тиктеп, тырышып угат.
* * *
Сынчы алдындагы маанилүү нерсени эмес, башкалар көргөндү эле көрөт.
* * *
Сынчы көзүнө баары комсоо көрүнөт. Айталы, цирктеги маскарапоздун манежге чыкканы дагы.
* * *
Чылым чеккен менен чекпеген киши бир бөлмөдө бирдей эркиндикте болалбайт.
* * *
Тымпыйган эмес, кумарпоз аял жакшы дечи, бирок андайларды эркек дегениң бир күнү эле кокодон мыкчып калмайы бар. Же ажырашып тынбайт.
* * *
Өзүнүн көрүнүктүү адам экендигин сакташ үчүн ыпыластыкка барчулар толтура.
* * *
Жылына эки же үч жолу баш мыкчып ойлонгондор аз. Менин шооратым бүт ааламга таанылган себеби, аптасына бир же эки жолу баш мыкчып ойлоном.
* * *
Сөздү мен кайрап-бүлөп, кайталап атып курчутам.
* * *
Дүйнө алма быш, оозума түш деген, анан өз мээнети менен байыгысы келбеген бекерпоз, кем акылдардан турат.
* * *
Адамдардын акылдуу же акылсыздыгы тажрыйбадан эмес, жөндөмүнөн көрүнөт.
* * *
Узак жашоого тырышпа, барыбир эчнерсе чыкпайт.
* * *
Түрмөдөгү эң суужүрөк адам – түрмө башчысы.
* * *
Эгерде башкалардын шылдыңына кабылам деп музда коньки тепкенден корксоң, конькини эчкачан үйрөнбөйсүң. Турмуш да ошол.
* * *
Ийгиликтин туу чокусу – өлүм. Бир кадам жасасаң, туу чокудан кулайсың.
* * *
Адам эң бийик туу чокуга чыгалат, бирок ал жакта көпкө туралбайт.
* * *
Ырчынын үнүнө караганда угуучунун кулагы сезимтал үчүн сынчы.
* * *
Убактысын иш менен алектенип өткөргөн жалкоолор – илимпоздор.
* * *
Жакшы хирург бычак менен нервди чырпып өткөнүн даана сезгендей, жакшы сынчы колундагы калемдин койкоңдогонун да сезип турат.
* * *
Тиш оорудан жаны кыйналган адам тиши оорубагандарды бактылуу деп ойлогондой, ким жакыр болсо ал бечара да байлар жөнүндө ошондой ойлойт.
* * *
Адамды өзүңдүн эмес, анын дилиндеги дин менен гана башкара аласың.
* * *
Бирөөнүн биографиясын окуганда болгонун болгондой жазганына ишенбегиле.
* * *
Китеп окуудан Дон Кихот рыцарь болуп, бирок китептеги ишенимдеринин артынан көкмээге айланган.
* * *
Жакшы тарбияланган эрди-катындын кимиси ким экенин аныктоочу экзамен – экөөнүн уруш-талашы.
Кыргызчалаган О.ШАКИР