ШАКИР Олжобай: ЖУЛИЯ АЛЬВАРЕС: АРБАКТАР КАЙДА КЕТИШЕТ?

Ким бирөөлөр өлгөндө,
Жан кайда учат – бир арман?
Сураштырсам мен муну
Чыгар бекен билерман?
Шамал менен кошо куушуп кетеби?
Шамал жеткен жерге алар жетеби?

Арбактар да тамчы болуп себелеп,
Жаным ачып мен ыйласам чыңырып:
Көктөн жааган ак жамгырдан калышпай,
Шорголойбу көз жаш менен сыгылып?

Булут болуп кубулуп
Алар мүнөт, сагатта:
Турна,
Мышык,
Бийчи,
Гүлгө
Айланабы заматта?

Дарыяга бой таштап,
кошулабы деңизге?
Таманымды бүлкүлдөп
Кытыгылап толкундар
ойготобу күрпүлдөп?

Алар эрип оболу,
Жуурулушуп кар менен
Муңдуу, муздак болобу?

Арбактар да ак бубак кардай конуп тилимде
Кыл кыяктай үн менен козгошобу дилимди?

Кыялдансам көктөгү жылдыздарга барууну,
Алар мага көз кысып, жымыңдашып жыбырап:
«Төгөрөгүң төп келген идиректүү жансың» деп
Мага арбактар дамамат турушабы шыбырап?

Купуялуу сырларды алар угабы?
Касиретке кабылганым туябы?
Датым жетип, арбак колдоп турабы?

Жан учкан соң – канатын кагышабы асманга?
Көктө руху колдойбу мени күйүт басканда?

Менин түмөн суроомо арбактар жооп береби?
Колдорумдан кармалап чогуу убай чегеби?
Түшүнбөсөм эгерде алар нускап турабы
«Чочуба» деп шыбырап түркүн турмуш себебин?

Алар тирүү жүргөндөй
Сезгенимди сезеби?
Билээр бекен бир экеним муңканып,
Арбак менен айрылгыстай эзели?

Жатышкансыйт жашынып…
Тепкич, чатыр, сарайды
Карап чыксам табармын?
Салып жакшы абайды.

Мен аларды күнүгө
Күтүүсүздөн табамын:
Пешенеме шоргологон жамгырдан,
Адамдардын жүздөрүнөн жайдары,
Төбөдөгү ысык күндөн жайдагы,
Күкүктөгөн дарыядан сайдагы.

Алар мага калтырган бу дүйнөгө суктанып
Турганымда туямын – кудуретин арбактын:
Тынч калдайган тигинде адыр-адыр тоолордон,
Түнөрүңкү асмандан бурганагы боолонгон.

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу
Кыргызча ыргакка салган Олжобай ШАКИР