ШАКИР Олжобай: КАРЛ КРАУС: МЕНИН ТИЛИМ – КЫЗДЫГЫНАН АЙРЫЛГАН КЫЗДАЙ: УЛАМ ЖАМАЙМ, УЛАМ АЙРЫЛАТ

Карл КРАУС (1874-1936), австралиялык жазуучу

♦ ♦ ♦

Уятсыз сүрөтчү кыз байкушту өнөрканасына азгырып барып, сүрөттү ошол жерден гана тартат.

* * *

Айымдардын көзүнөн менин оюм окулуп турганын каалайм.

* * *

Көңдөй башка көп билим шыкалат.

* * *

Жашоосу токтоп калаар Атамекениң үчүн өзүңөн өзүң өлүмгө даяр болуп каласың.

* * *

Албетте, ит ардайым ишенимдүү. Бирок ал эмнеге бизге мисал болушу керек? Ал адамга ишенимдүү болгону менен бир ит экинчисине ишенимдүү эмес да!

* * *

Эгерде кимдир-бирөө иттик кылса, өзүнүн иттиги үчүн: «Кечирип койгула, иттик менден кетти» дейт. Агер ага итке жасаган мамилени жасасаң: «Кечирип койгула, мен деле адаммын го!» деп күйгүзөт.

* * *

Тарыхчы деген ким? Ал журналистикадан нан таап жеш үчүн да жазганды билбеген адам.

* * *

Дүйнө кандайча башкарылып, согуш кандайча кызыйт? Дипломаттар журналисттерге калп айтып, гезиттерден кайра өздөрүнүн калпын окуган үчүн.

* * *

Журналисттин бүйүрү кысталышта кызыйт. А убактысы кенен кезде сууган деми менен чиймелейт.

* * *

Балдар солдатты туураганын түшүнөм, а эмне үчүн солдаттар балдарды туурашы керек!?

* * *

Жалпы эл сындай турган искусство – театр искусствосу. Ага бир-эки сынчы сөрөй мурдун чүйрүгөнү менен жалпы эл мурун чүйрүбөйт. Ал эми адабиятта – теңирден тескери.

* * *

Медицина – капчык менен өмүр.

* * *

Менин тилим – кыздыгынан айрылган кыздай: улам жамайм, улам айрылат.

* * *

Парламентаризм – бул жалпылашкандардын саясый сойкуканасы.

* * *

Психоаналитиктер чөнтөгүбүздү аңтаргандай эле көргөн түшүбүздү аңтарат.

* * *

Мурдагы декорациялар – картондой, а актерлору жандуу эле. Азыркы декорациялар кадимкидей жандуу, бирок актерлору картондой.

* * *

Азыркы режиссерлор сценадагы көлөкө көрүнүп турушу керек экенин билишпейт.

* * *

Кызганыч – ууруну көрүп, баарына ажылдай берген иттей.

* * *

Аялдарды коргобойм, бирок эркектерди да колдобойм.

Которгон Олжобай ШАКИР