ШАКИР Олжобай: МОЛДОҢ ДӨДӨЙ БОЛСО, КУДАЙДАН ДА ШЕКТЕНЕСИҢ

ВОЛЬТЕР

(1694-1778), француз жазуучусу, философ  

 Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт.

* * *

Эркектин миң акыл калчаганы, аялзаттын бир сезимине да татыбайт.

* * *

Бакытты издеген адам тамтаңдаган маска окшош: үйү бар экенин билет. Таппайт. Издей берет, издей берет.

* * *

Атеизм – айрым акылдуулардын кемчилиги, акылсыздардын кемчилиги – ырымчылдык.

* * *

 

Молдоң дөдөй болсо, Кудайдан да шектенесиң.

* * *

Кудай жер жайнаган аскер тарапта эмес, мылтыкты мыкты аткандар тарапта.

* * *

Жашоодо кудайга ишенүүгө мүмкүн эмес, ишенбей койсоң, ал да балээ.

* * *

Өзүм жөнүндө: Мен Кудайга, Кудай мага жүгүнөт, бирок сүйлөшпөйбүз.

* * *

Эс-акылым «Кудай бар» дейт. Бирок кайрале ошол учурда: «Ал эмне экенин эч качан аңдабайсың» дейт.

* * *

Турмуштагы ырым-жырымга ишенген адамдар армиядагы суужүрөктөрдөй: өздөрү менен кошо башкалардын үрөйүн учуруп турат.

* * *

Кудай астында ким күнөөгө батса, ал тигил дүйнөдөн жазасын алууга тийиш. А ким адамзат астында күнөөгө батса, бу дүйнөдө жазасын алсын.

* * *

Эгер Кудай көкүрөгүңдө болбосо, аны эчкайдан издебе.

* * *

Эгер атактуу болсоң, сенин наркыңды көтөрөр касиет – жупунулук.

* * *

Акча жөнүндө сөз болгон жерде ишенимдер окшош.

* * *

Теория чычканга окшош: тогуз тешиктен өтүп, онунчу тешиктен тыгылат.

* * *

Эртең менен план түзүп, керээлден кечке теңирден тескери иштерди кылам.

* * *

Жакшы кабар ташбакадай, жаман кабар куштай жетет.

* * *

Ашказаныбыз ой жүгүртүүбүзгө да таасир этери ырас. Ошондой болсо да ашказаны жакшы иштегендерден жакшы акыл чыкпайт.

* * *

Аялзаттын ажары төгүлүп, аккөңүлү кармап турганда, акыл-эске кайылмын.

* * *

Бүтүндөй тарых барыбыз макул болгудай ойдон чыгарылган.

* * *

Анык сынды кулак түргөндө эмес, көз жүгүртүп окуганда гана бересиң.

* * *

Котормону ким сөзмө сөз жеткирем десе, котормо өлдү. Сөзмө сөз ташылган котормо жансыз тамгаларга айланат. Маселе – ойдун өзөгүн бериште.

* * *

Бозойдун акылы жетилгенче, секелектин сезими серпилет.

* * *

Көпчүлүгүбүз бир кемчилигибизди түзөйбүз деп, аны башкасына алмаштырабыз.

* * *

Бирөөгө бирөөнүн сырын айтуу – наадандык, өзүбүздүкүн айтуу – кемчонтойлук.

* * *

Аял өзүнүн жаш курагын гана сыр кылып жашыралат.

* * *

Медицинанын кудурети эмнеде? Жараткан өзү оорууну айыктырганча эптеп-септеп кармап турушта.

* * *

Гомер менен Гесиоддун убагында китеп аттууң аз болгондой эле, биздин заман жакшы китепке таңсык.

* * *

Жеке кызыкчылык сүйүүдөн өткөн сокур.

* * *

Адамдар өзүнүн тетири кылган ишин жашырууга акылын, акылдагысын жашырууга кызыл тилин пайдаланат.

* * *

Чоң арабадан көрө кичинеси ылдам кыбырайт. Себеби, улам кийинки жасалган үлгү кичирейтилет. Мамлекет деле ошол сыягында.

* * *

Кичинекей булак эмне үчүн тунук? Себеби, түбү көрүнүп турат.

* * *

Теңсиздиктен мурда көзкарандылыкка кабылганың оор.

* * *

Аялдар менен падышалар кылган жакшылыкты катуу жар салган болбойт.

* * *

Кийим бой-келбетти гана эмес, жандүйнөнү өзгөртөт.

* * *

Сот адилеттиги атамзамандан бери эле саясаттын кыянатчыл экендигин даттанып келген.

* * *

Прозага караганда аз сөздүн жардамы менен поэзия көптү туюнтат.

* * *

Сөздүк сөздүктөн түзүлөт.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР