ШАКИР Олжобай: НАКЫЛ МЕНЕН БИЙЛИК ТИРЕШИ

Акылман Мум жөнүндө Александр Бэллдин притчасы

Падышаларга өмүрүндө кеңешчи болгусу келбеген акылы даркан Мумдан сурашкан экен:

– Зулумдукка, катачылыкка белчесинен малынган өкүмдарлар эмнеге акылмандардын кеңешин угушпайт?

– Кээси өзүн баарынан акылдуу эсептеп, кеп-келеңге муктаж эмесмин деген үчүн эч кимдин кеңешине кулак какпайт. Кээси акылман кеңешчинин кеп-келеңин эшкенге кудуретсиз. Кээси кеңештүү кепке келишкени менен, кеңешти кантип керектешти билбейт. Андайлар кеңешти угат да, өзүн өзү ашкан акылмандай көрсөтөт. Ошон үчүн акылмандар бийликтен оолак жашайт, – деген экен Мум.

Айырмасы эмнеде

Сопулардын притчасы

Мүрзөлөрдү аралап жүргөн календерден сурашат:

– Бу жерде не кылып жүрөсүң?

– Сөөгү сөпөт болгон маркумдардын айырмасын ажыратып жүрмүн, – дейт календер. – Элди башкаргандардын жана аларга кызмат кылгандардын дене түзүлүшүндө кенедей айырмачылыкты издесем, таш балакет да жок. Алардын бири-биринен эч айырмасы болбойт экен, – дептир.

Булуттар сүйгөн бийлик

Христиан притчасы

Булут күндү каптап, айлананы бүркөө басат. Баары түнөрөт. Чымчыктардын сайраганы басылат. Булуттар буга сүйүнөт:

– Бүттү! Эми менин заманым, менин бийлигим түбөлүккө орнойт!

Ангыча бороон чапкын башталып, булуттарды айдап жөнөйт. Асман жаркырап ачыла түшөт. Канаттуулар кайрадан сайран курат. А тургай күндүн көзү эч качан жабылбай турганына кужулдаган куштар мурдагыдан да катуу сайраганга өтүшөт.

Аалам падышасы

Христиан притчасы

Падыша календерге кайрылат:

– Менден каалаганыңды сура, баарын аткарам!

– Болуптур, анда мага өлбөс өмүр, түбөлүк жаштык, түгөнгүс байлык жана эч бир күйүнүчкө эңдирбес да, жеңдирбес сүйүнүч бериң, – дейт календер.

– Э койсоңчу, мындай өтүнүчтү аткарыш менин колумда эмес, – дейт падыша.

– Андай болсо тынчымды алба. Сен мага бере албаган суранычты ааламды жараткан күчтөн тиленейин, – дептир.

Кансарай жанындагы алачык

Сопулардын притчасы

Зулум падыша өзүнө кансарай курдурат. Азып-тозгон бир кемпир пайда болуп, ал кургур падышанын кансарайына жөлөнтүп өзүнө алачык орнотот эптеп. Күндөрдүн биринде өкүмдар өз кансарайын айланып келмек болуп, кокусунан алачыкты көзү чалып калып сурайт:

– Бу кимдики?

– Бул алачык карып-мискин бир кемпирдики, ал бечара ушунда баш калкалап жүрү, – деп жооп беришет.

Каары кайнаган өкүмдардын буйругу менен алачыктын кыйраканын чыгарышат. Кемпир кайтып келсе, алачыгы кыйрап жатат.

– Ким буздурду муну? – дейт кемпир.

– Падышабыз кыйсыпыр кылып, буздуруп салды, – дешет.

Айласыз кемпир ошондо Көкө Теңирге жалбарган экен:

– О Жараткан, мен темселегир алачыгымды кароосуз калтырып кетсем да, сен кайда жүрдүң?!

Кемпирдин үнү жеткен экен: Кудайдын буйругу менен кансарай астын-үстүн аңтарылып, анда жашагандардын бири да аман калбай, чамгарактын чалдыбары чыгыптыр.

Которгон Олжобай ШАКИР