АБЫКАЕВ Абийирбек: АБЫКАЕВ АБИЙРБЕК: ЭШИМДИН АЙТКАНДАРЫ

АҢГЕМЕ

Башка элди билбейм, биз – кыргыздар мейман тосконго, той бергенге жаралган эл окшойбуз. Жадагалса өлүк чыккан жерде да той кылып жибермейибиз бар. Заман өзгөргөн сайын тойдун дасторкону да башкача. Илгери тасмалды жайып, боорсокту төгүп, кант-момпосуюн чачып, ар кайсы жерине жалпак калай тарелкаларга дүкөндөн алган “ассорти” деген туздалган  помидор менен бадыраңды кенен-кенен туурап коюшчу эле. Оймоктой болгон шаардыктардын майда стакандарын жактырышпай, 250 граммдык мусулман стакандардын кап ортосунан куюлган “Московский” арактан соктурушуп, коногу да, тоскону да ыраазы болуп ырдап-чордоп тарап кетишчү.

Эмкилер беш киши тоссо деле кемпирдин ашын берчүдөй камынып, столдун үстүндө биринен-бири кооз  тарелкалардан орун тийбей, түркүн түстүү салаттар, таттуулар, жер-жемиштер шыкалышат.  Ошонун баары желип кетсе жакшы го, ачыган салаттардын кай бири чекеси оюлбай, жасалгасы  бузулбай төгүлөт. Куда тоссо достору, өзүнүн туугандары, аялынын туугандары, коллегалары,  кудалары, шеринелештери кайра-кайра түштөндүрүп, кудагыйлар улам алган устукандарын кытай пакеттерге салып,  тыңдары адаштырып албайлы деп ар бир пакетке аттарын жазып, иреттеп алганга үйрөнүшпөдүбү.

Башкасы калса дагы бизден устукан калбайт. Барган жерибизден эркегибиз болобу, катыныбыз болобу, бирден пакет көтөрүп чыкмай адатка айланбадыбы. Өгүнү сиңдиси дунганга тийген эжебиз айтат: «Уулу үйлөнүп, чакырганынан барсак биздикиндей 200-300 киши жок,  чакан эле туугандары келишти. Бир букачарды бата кылып союшту. Ичеги-карынынан калемпир-мурчун кошуп жасаган тамактары болот экен. Бир кеседен ошол шорпосунан нан малып жеп, таттуу менен чай ичишип тарап кетишти — дейт, – бир-эки сааттын ичинде».

— Букачарынын этин эмне кылышат экен?- деп сурасам айтып атпайбы:

— Тойго 11 кыргыз барганбыз. Эки күн баса жатып, түгөтө жеп, жей албай калганыбызды баштыктарга салып бөлүп кеттик, -деп.

Кыскасы, ошондой тойдун биринде,  тактап айтканда бир инисинин кызынын себи келип, Эшим куда тосушуп барган  эле. Үй ээсинин кайниси конокторго аялы чай куюп, өзү чай сунуп кызмат кылып жүрүшкөн. Бир кезде чай куюп аткан келин байкабай этегин түрүлгөн боюнча баса отуруп алган экен, ачылган этектин астынан, бир элидей сөгүлүп кеткен колготкисинен чытыраган аппак саны булая түшсө болобу. Эшимдин бир башкача сук көз карашынан шектенген келиндин эри, эч капарсыз отурган аялынын “косягын” көрө коюп, жап этегиңди дегенсип аялын бөйрөк тушка катуу нукуп алды. Илгертеден ата-бабалары чөп-чар деп чанып жебей, жесе да ичтерин көптүрүп жиберчү илдет алиге кетелек окшобойбу, кирип-чыгып улам бир салаттан ооз тийип отурган келин ичинин улам кулдурап ооруганын араң басып отурган экен. Байкоосуздан бөйрөк тушуна эринин каржайган сөөк колу тийгенде чочуп кетип, кыпчып отурган жерин бошотуп жибергенде чакан шарик жарылгандай “тарс” эткен үн чыкты. Уялган келин сыртка чыга качса, аялынан да катуу уялган жигитти карап Эшим:

— Олда иним ай, мурункусу эле жакшы эмес беле, — деп сооротуп коёт дейт.

Жамандык менен жакшылык жалгыздап келбейт. Айылдан бирөө өлсө удаа-удаа 3-4 адам кошо кетмейи бар. Жан алгыч периште деле кайра-кайра келип убара болбой бир барган жерден биротоло алчуларды ала кетейин деп, спискалап чыгат окшобойбу. Жан алгыч антип атса жаштар эмне болуп калыптыр. Классташтардын бири үйлөндү дегиче, жакшылыктар улана берерин бөркүңдөй көр. Жума сайын классташтардын улам бири түн ортосунда көчөмө-көчө кызыл-тазыл байлаган машинелерин бапылдатышып,  ачылган терезелеринен белине чейин чыгып алышып, кудум токойдогу айбанаттардын арасында чоңоюшкан Тарзанча, Маугличе кыйкырышкан жаштардын үйүрү бир топтон бери тымып жаткан айылды шаңга бөлөйт.

Алчу аялын сүйүшүп, сүйлөшпөй эле бир айылды чаап колго түшүрүп келатабы деп да ойлоп кетесиң. Мына ошондой шаңдуу мезгилдин биринде Эшимдин мектепти жаңы эле бүткөн кичүү уулу:

— Ата мен да аял алам,- дебейби. Кечээ эле сийгиси келгенде чочосун чормойтуп калчу уулунун тез эле бой жетип калганына ишене бербеген Эшим:

— Тур, эшикке чыгып сийип келип укта,- деген экен.

Илгери ыраматылык СССРдин бир топ жакшы жактары бар эле. Жаман жагы динди танып, кудайсыздарды тарбиялоочу. Ошого жараша ичкиликти да кудайды карабай ичишчү эле. Жаш балдар менен оорулардан башкасы ичкиликтен калчу эмес. Дүкөндүн тегерегинде,  айыл арасында мерчемдүү жерлер болор эле. Ал жерлерге барсаң бактын бутагында, тал-теректин коңулунда дайым кырдуу мусулман стакан катылып турчу. Биринчи барган топ ичип бүткөндөн кийин ал стаканды кайра ордуна тыпыйтып катып коюуну унутчу эмес. Азыр андай жайлар да жок, мусулман стакандар да жок. Баягыдай ичкен эл да жок. Болгону, ар  айылда  бир ууч  “акыркы могикандар” кана калды.

Тытынып, жулунуп иштегендердин заманы келди. Бош жүргөндөрдөн ошол «могикандар» менен даабат айкан сакалчандар калды окшойт. Эшим тигинисине да, мунусуна да кошулбайт. Бирок эски адаты кээде эске түшүп, эски достору менен эски жайларга бара калмайы бар. Бүгүн да өзүнөн беш-он жаш кичүү калжың Куланга, теңтушу көк көз Садырга жолугуп калып, дүкөндүн артындагы илгерки калың бактан калган жалгыз талдын көлөкөсүнө барып отурушкан эле. Кытайдын бир куйма былбырак стаканына куюшуп, чымчый кармай бир сыйра айлантышты. Экинчи айлампа келгенде ичине 50 эле грамм киргенде ар кайсыны сүйлөп көңүлдүү боло баштаган Куландын калжыңы башталды.

— Кана, Эшим байке, шаарда иштеп келгем деп эле мактанасың. Кыйын экениңди билейин, тушканчик деген эмне? Ошону айтчы, айталбасаң сенин порцуңду өзүм ичем, — десе:

— Эй, айбан, тушканчик деп чөлдүн чычканын айтат. Ал эми чөлдүн эшегин Кулан дейт. Куй, көп сүйлөбөй, — дептир Эшим.

20. 10. 17