ШАКИР Олжобай: ОРАТОР БОЛЧУЛАРГА САБАК

ДЕМОСФЕН

Аалам алптарынын арасынан адам оюна келбеген тырышчаак, көкбет, апендилик мүнөзү менен өзгөчө айырмаланган инсандар урку жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. Өздөрүн өздөрү адамзат тарыхына тааныткан алардын тарыйкаларын кыргыз үйрөнсүн, ардансын дейбиз. 

 

Эмесе, кыргызга үлгү болор ошол каармандарыбыздын бири – Демосфен. Ал биздин д.ч. 384-жылдары жашап өткөн байыркы грек ораторлорунун бири. Бул ысым эмнеси менен тарыхта калган? Шоркелдей тагдыры өзүнүн акыйкатсыз доорунда көргүлүктү көрсөтсө да азоо кыялында – саясый аренада оратор болуп көрүнгүсү келет. Бирок жаратылышынан жеткен чулдур болуп калганы аз келгенсип, башкаларга берген шаңшыган үндөн да кудай айтпаптыр. Анан калса кебете-кешпири келишкен кемчилиги менен бирге бийге түшкөн дубанача ийиндери да токтоосуз сүлкүлдөп турганы оратор болууга чоң тоскоолдук жаратат. Акыры эмне кылат? Арданганынан шоокумдуу дарыянын боюна барып, дарыя менен атаандашат…

Дарыя добушунан бийик добуш чыгарып сүйлөөгө өзүн-өзү мажбурлап, акыры үнүнүн кубаты обо жарып чыгат. «Р» тамгасын чулдурап айткан неме оозуна таш толтуруп сүйлөгөн машакатты миң кайталап жүрүп, тилин ийкемге келтирет. Эми сүлкүлдөгөн ийнин токтотуп сүйлөш үчүн шыпка мизи жалтылдаган кылычты салаңдатып асып коюп, анын учуна эки ийнин такап, көз алдында кылкылдаган адамдарды элестетип сүйлөй берген өжөрлүктүн аркасы менен боюн зыңкыйтып кармаганды үйрөнгөн. Андан соң күзгүнүн алдына барып өзүнүн кыймыл-аракеттерин (мимикаларын) түзөп, баардык кемчилигин жойгондон кийин акылынан шоола чачыраган даанышман болуп чыга келген.

Анын эң биринчи саясый аренадагы ораторлугу – македондук падыша Филлип II өкүмдардын баскынчылыгы астында колго өтүп кетер Афина шаарын көзкарандылыктан коргоп калган. Жылуу сөз жыланды ийинге киргизгендей, Филлип II канчалык жаагер болгону менен Демосфендин камырдан кыл сууругандай сөзүнүн маанисин, формасын, кооздугун тыңшагандан кийин тизгинин кайра тарткан экен.

Карачы замандаш, бул эми качанкы доордогу сөөгү сөпөт болгон инсан. Ал эми бүгүнкү саясый ораторлорубуздун кебин тыңшагылачы. Канчасы дөөдүр, канчасы чулдур! Алардын оозуна таш тыга турган гана киши жок.

Олжобай ШАКИР