ШАКИР Олжобай: ИВАН ЖИНДИНИН КААЛГА КАЙТАРГАНЫ

Орус жомогу

Чал менен кемпир жашаптыр. Алардын үч уулу болот: экөөсү эстүү, бирөөсү кем акыл.
Үйдөгүлөрдүн баары талаага жумушка кетмей болушат. Иван да нандан бурдап, суудан жутуп, жумушка дүрбөп калат.
– Сен кайда бармак элең, отур, – дешет баары.
– Силер менен жумушка барайын.
– Эч кайда барбайсың. Сен каалганы эле кайтарып үйдө отур, уурулар шыпырып кетпесин.
Ошентип ал үйдө жалгыз калат. Кечке отуруп тажаганда, каалганы ашыктан ажыратат да, жонуна көтөрүп жөнөйт. Талаага келет. Бир туугандары сурайт:
– Сен эмне келдиң?
– Курсагым ачты.
– Эй, сени каалганы кайтарып отур дебедик беле!
–Каалга мына!

Карышкыр менен тоңкулдак
Авар жомогу

Жортуулдан жолу болгон карышкыр токойго козу көтөрүп келери менен тоңкулдаган катуу дабышты угат. Коркконунан, шыбагасын таштай салып качып жөнөйт. Кийин билсе, «тоңк-тоңк-тоңк» тоңкулдаткан кызыл ыштан (бул да тоңкулдактын бир аты. — которм.) чымчык экен. Ой бир ошондо кашабанын жини кашайды дейсиң!
– Эй, мээси жок, зыянкеч тоңкулдак! Эмне деген чымчыксың деги?! Сеники качан болсо ушу: тоңкулдатып узанасың. Эй, сенден баарыбир уста чыкпайт!
– Анык сенин мээң жок экен, карышкыр! – дейт тоңкулдак да: – Сен деле качан болсо кой уурдаганыңды койбойсуң же бир уурдап келгениңе тойбойсуң.

Которгон Олжобай ШАКИР