АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: ЖАДАТКЫРДЫН ЖЕҢЕСИ

АҢГЕМЕ

– Каке, базарда уй беденин уругун сатылып жатабы?

– Билбейм жеңе,  сатылып жатса керек?

– Баасы кандай болду экен?

– Базарга күздөн бери каттай элекмин,  билбейт экенмин.

– Ошону билип бербейсиңби?

– Мейли жеңе,  сураштырып көрөйүн.

Аңгыча ар жакта жер сайып аткан кошуна кайниси басып келди:

– Ай жеңе,  баягүнү эле өзүң уй беденин уругун алдым деп жатпадың беле?

– Ооба, алгам.

– Канчадан алдың эле?

– Килограммын 65 сомдон алдым.

– Анан эмне Какемдин мээсин жеп атасың?

– …….

Каке, тигил ылдый бараткан атчан ким?

– Билбейм жеңе, өзүң билесиң көз начар.

– Ой ал менин кайним го, ошол турбайбы. Ал кайдан баратат ыя?

– Жеңе,  мага караганда кайниңдин үйү сага жакын го, мен аны менен чогуу жатпасам же ал келип тиякка барам, тигини кылам деп айтып кетпесе…

– Каке, менин 1 гектир жеримди айдатып бербейсиңби?

– Макул жеңе, акчаңды, майыңды даярдап кой.

– Каке, ушул жерди быйыл сен алып иштетпейсиңби?

– Мейли, анда арпа тукум артып калды эле, ошону сээп коёюн.

– Анан мага эмне бересиң?

– Күзүндө 5 мүшөк арпа берейин.

– Дагы кошпойсуңбу.

– Макул, 6 мүшөк болсун.

– Кой,  дагы кошо түш.

– Макул, 7 мүшөк берейин.

– Дагы болбой калды, Каке.

– Келе колуңду жеңе, мен айтайын ошону менен токтойлу.

– Жок,  колумду берсем сен 8 мүшөк деп койсоңчу?

– Макул жеңе, 10 мүшөк берейин, андан ашык десең жериң мына, өзүң эле сээп ал.

– Макул, макул. Эми ыраазымын. Бирок дагы бир чака арпа кошуп койчу.

– Ай жеңе, ансыз деле 10 мүшөк алып атпайсыңбы, дагы бир чаканы эмне кыласың?

– Тазасынан берсең талкан тарттырып алайын дегем.

– Макул эми аныңды да берейин.

– Каке, өзүң да талкан тарттырасыңбы?

– Ооба, талкансыз болмок беле.

– Анда жанагы мага берем деген бир чака арпаны деле кошо кууруп, тарттырып келип бербейсиңби.

– Ай жеңеке, күндө 1литр максым эле  берип турбайынбы.

– Ошентесиңби?…

Телефон чырылдайт:

– Каке, силердин арыкта суу барбы?

– Ооба, жеңе, мен көчүп келип үй салганыма 20 жыл болду, ошондон бери эле суу соолуганын көрө элекмин бул арыктан.

– Биздин арыкка кичине жыгып койчу.

– Макул, жеңе.

– Түүт– түүт….

Телефон бир аздан кийин кайра чырылдайт:

– Каке, күрөгүң барбы?

– Бар, жеңе.

– Кичине жердин арыгын суу жеп кетиптир,  күрөгүңдү ала келип оңдоп берчи.

– Макул жеңе, баратам.

– Каке, ырас болбодубу келгениң, алмага суу салып коюп,  тиги козуну союп бере салчы, кыз-күйөөм келиптир.

– Жеңе, күйөө балаңа сойдурбайсыңбы козуңду.

– Ой, карабайсыңбы мобу күйөө баланын кебетесин, ачарчылыктан чыккан немедей болуп. Ушунун колунан бирдеме келет дейсиңби. Эмики балдардын колунан бок келбей калбадыбы. Өзүң эле алеки саатта бүтүрө койчу.

– Бүттүм жеңе,   мен кетейин.

– Коё  тур ботом, куурдак жеп кет. Ал бышкыча тиги алмаларды сугарып бүтүрө кой.

– Жеңе, илгерки ата-бабаларыбыздын жашоосу сонун экен ээ?..

– Ии, эмнеге антип айтып атасың?

– Кошунасы жакпаса, журт которуп кетип калышчу да.

– Аа, ошентчү бекен….