ШАКИР Олжобай: РАЛФ УОЛДО ЭМЕРСОН: ТАРЫХТА ЭҢ УЛУУ АДАМДАР КЕДЕЙ БОЛУП ӨТКӨН

(1803-1882), америкалык жазуучу

 Менин кечки меймандарым саатка карабаса да, сааттын канча болгонун кабак-кашымдан сезүүгө тийиш.

* * *

Жаратылыш бир нерсе жаратарда генийди жаратат.

* * *

Тарыхта эң улуу адамдар кедей болуп өткөн.

* * *

Биз укум-тукумдагыларыбызга караганда замандаштарыбыздын кыялын көбүрөк тартабыз.

* * *

Коом – бул айыкпагандардын ооруканасы.

* * *

Жакшы билимдин шоораты – терең ойлорду да жөнөкөй тил менен жеткирүү.

* * *

Мектепте, университетте эмнени окусак, – ал билим эмес, тек, билимге болгон гана далалат.

* * *

Баламдын мугалимине акча төлөйм, бирок аны мугалими эмес, парталаштары окутат.

* * *

Дүйнө жүзүн чарк айланып сулуулук издесең да, сулуулук көкүрөгүңдө болмоюн аны таппайсың.

Эдгар ХАУ
(1853-1937), америкалык жазуучу

 Шайтанды алдасаң мейли, коңшуларды алдоого болбойт.

* * *

Дыйкандар талаа түйшүгү башталган мезгилде наалыса, усталар жылы бою наалыйыт.

* * *

Кыла турган эч иши жок кезде деле дыйкандар менен короздор ымырт таңда ойгонот.

* * *

Сүйүү, оюн – экөө бирдей алдамчы.

* * *

Сүйүү албетте бар, болбосо ушунча ажырашкандар кайдан чыкмак?

* * *

Аялдарды «О, кудая тобо!» дедирткен жаңылыкты жаңылык деп эсептейм.

* * *

Колу-жолу бош эмес адам гана өз салмагын билбейт.

 Оливер Уэнделл ХОЛМС (улуусу)
(1809-1894), америкалык жазуучу

 Тарыхта мыкты окуучулардын бирин-серини, а начар окуучулардын көбү улуу адам болуп чыкканы белгилүү.

* * *

Ишиң түшкөн убакта эле адамдардын көбү наалый баштайт.

* * *

Тааныш адамың сен жөнүндө кандай ойдо экенин билгиң келсе, кыжырын кайнат.

* * *

Эрди-катын акыр аягы бири-бирине окшошуп калат.

* * *

Ыйлаак жесир тез сооронот.

* * *

Талаш-тартыш акылдуу менен акмакты теңеп коёрун акмактар билген үчүн чыр чыгарат.

Которгон Олжобай ШАКИР