ШАКИР Олжобай: Барабан дүңкүлдөгөн жерде сыбызгыган чоор үнү угулбайт

МУСУЛМАН САНАТЫНАН

СААДИ

(1203 же 12101292 ж.ж. аралыгы), перс акыны жана даанышман

Адатта, арстанды эшектен жогору коюшат, бирок адамга кол салган арыстандан көрө кулагы узун эшек артык экени кеп кылынбайт.

* * *

Пайдасыз жан үрөгөн эки адамды билем: бирөөсү байлыкка ээ болуп, бирок жыргалын көрбөйт, бирөөсү турмушка керексиз илимдин артынан түшүп алат.

* * *

Алсыз душманды тоотпостук – кенедей учкун алоолонгон өрткө айланып кетерин күтпөгөндөй кеп.

 

* * *

Эгер акмактар отурган жерге акылман келип, ошол отургандардын арасынан бирөө туруп сый көрсөтмөк түгүл, акылмандын жаагын жап кылып койгон болсо, буга таңгала турган эчнерсе жок, арийне алмазды да таш менен койгуласа болот.

* * *

Эгер акылман акмактардын арасында отуруп бир ооз кеп айталбаса, таңгалба. Арийне барабан дүңкүлдөгөн жерде сыбызгыган чоордун үнү угулмакпы?

* * *

Адам сүйлөө касиетине ээ болгон үчүн айбандан бийик, бирок ал тил кудуретин пайдалана албаса, айбандан өткөн айбан.

* * *

Табият адам уулун туптунук жаратат, болгону ата-энелери гана иудея, же христиандыкка, же отко сыйынууга көндүрүп таштайт.

* * *

Эгер башкалардын кайгысына кайдыгерлик кылган болсоң, адам сыягынан айрылгандагың ошол.

* * *

Эр-жигиттик сапат – билегиңдин каруусун же кылыч ойното билген өнөрүңдү көрсөтүү эмес, өзүңдү кармана билүү жана адилетчил болуу.

* * *
Баардык иштин түбүнө – не арам ой көмөсүң,
Өзүң кыйып тамырын, алалбайсың мөмөсүн.

* * *
Эстүү төбөл дайым тутуп сабырды,
Сыртта эмес, ичте кармайт жалынды.

* * *
Жумшак айтсаң ийип кызыл тилге эле,
Жетегиңе көнөт алп дээр пил деле.

* * *
Карманалбай кындан суурган кылычын
Бармак тиштейт кийин ачуу жини үчүн.

* * *
Канкор үчүн берчү жандар шыкакты,
Билип ал: шол элге малат бычакты!

* * *
Көтөралбайт каруусуз кол кылычтын оор салмагын,
Кара кылды как жаралбайт кайраты жок жан дагын.

* * *
Кумурскалар каптап кетсе биригип,
Айбаты курч арстан качат жинигип.

* * *
Кур чечен киши болгондон көрө эбиреп,
Отурган жакшы үн катпай бурчта мемиреп.

* * *

Кекиртек мажбурлабаганда бир да куш торго түшүп, бир да адам кушка тор жаймак эмес.

* * *

Калптын артында калган так деле кылычтын соккусу тийген тиликтей кала берет.

* * *

Даанышмандын көөдөнү нарк-насилге жетик толгон үчүн үнү басаң чыгат, а түркөйдүн көкүрөгү көңдөй болгондуктан үнү бийик жаңырат.

* * *

Жолунда жаткан коко тикен менен ташты ким алып койгон болсо, ошону досум деп сана.

* * *

Ким чыгарса ойлонбостон жалааны,
Өз башына үйөт өзү балааны.

* * *

Митайым душманыңдын тилине кирсең, торуна түшөсүң; жанын жеген кызыл кулактан буюм сатып алсаң; бармагыңды тиштейсиң.

* * *

Өз кемчилигиң туурасында досторуңдан сураба, алар ооз ачпайт. Кемчилигиңди душмандарың гана көзүңө такап көрсөтөт.

* * *

Душманыңдын кеңешин угуу – жаңылыштык, бирок аны угуп, тетирисинче жыйынтык чыгар. Иш аракетиңди ошондо гана туура багытка бурасың.

* * *

Адегенде эр жеткениңди аныкта, анан үйлөн.

* * *

Түркөй менен илим жаатында баарлашуу – таштак жерге үрөн сепкендей кеп.

* * *

Кептин баары шык-жөндөм, кайраттан мурда мээнетти сүйгөндүктө.

* * *

Байыркы грек жазуучусу Лукиандан «Асыл сапаттарды кимден үйрөндүң?» дешсе:— «Наадан кишиден – дептир, – себеби анын келжирек кебине, жүрүм-турумуна кыжырым кайнап турчу».

* * *

Коюн-колтукташ дос сыяктуу көрүнгөн душманыңдан сак бол.

* * *

Чыдамкайлар гана ишти аягына чыгарат, а шашма адамдар суй жыгылат.

* * *

Каалоосу жок туруп билимге байланган адам, – уча албай турган кушка окшош.

* * *

Аракети жок илимпоз – мөмө бербеген дарактай.

* * *

Пас адамга жакшылык каалап жол көрсөтүү – жарыкты көрбөгөн сокурга чырак кармап бергенден айырмасы жок.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР