ШАКИР Олжобай: СТАНИСЛАВ ЕЖИ ЛЕЦ: БИЙЛИККЕ ХАМЕЛЕОН КЕЛСЕ, АЙЛАНАСЫНДАГЫ ӨҢ-ТҮСТӨР ДА АЛМАШАТ

(1909-1966), поляк акыны, афорист

Жанаша бараткан кыздын юбкасын түрүп кеткен шамалдан өткөн жагымдуу шамал жок.

* * *

Кудай атеистердин да, динчилдердин да тилегин аткарган үчүн ал же бар, же жок.

* * *

Улуттун улуулугу – анын арбир өкүлүнө сиңирилет.

* * *

Өзүнүн диктатор экенин сезбеген диктатордун тагдыры кейиштүү.

* * *

Ар кандай ырым-жырымдын өзү күнөө.

* * *

Айрымдардын үндөбөгөнүнөн деле орфографиялык катасы көрүнүп турат.

* * *

Өз үнү жок элдин үнү – ырдаган гимнинен байкалат.

* * *

Интеллигенция – бул адепсиздиктен коргой турган катмар.

* * *

Бийликке хамелеон келсе, айланасындагы өң-түстөр да алмашат.

* * *

Шекспирдин доорунда Маданият министри ким болгон?

* * *

Түшүмө Фрейд кириптир. Бул эмненин белгиси?

* * *

Өзүң менен өзүң күрөшпө, барыбир жеңилесиң.

* * *

Сенин уруксатыңсыз эшик ачкан кишиге эшигиңди экинчи ачпа.

* * *

Китеби сатылбаган жазуучулар өздөрүн өздөрү тез сатат.

* * *

Макалдардын мааниси бири-бирине карама-каршы. Эл ошонүчүн акылман.

* * *

Бийликте коркоктор отурат, себеби аларга бийликтен ажыроо коркунучтуу.

* * *

Тирүү өлүктөрдүн саясый пикири тез алмашат.

* * *

Такта отурган шым деле сүрүлгөндөн жыртылат.

* * *

Өзү начар окуучу болгон айрым жазуучулар өз мектебин негиздеп алат.

Которгон Олжобай ШАКИР