ШАКИР Олжобай: Котормо: Сени артыкча сүйөмүн

Сьюзан МАСГРЭЙВ

Январь айдын асманында жымыңдаган, бийлеген
сен артыксың жылдыздардан тээ көктөгү ийрелең.

Февраль айдын күүгүмүндө гүлзарда жол жаркытса
анда деле байчечектен сени сүйөм артыкча.

Март суугунда жемканадан «пыр» деп учуп жөнөгүр
назик жандуу көк чымчыктан сени артыкча көрөмүн.

 

Апрель-майда муздак жамгыр түркүн гүлдөр чанагын
дыбыратсын, а мен сени сүйөм калбай жан-алым.

Сүйөм сени артыкча бир: июнь шамалы каргыткан
жашыл чөптүн арасында туулган түрдүү жандыктан.

Июль-августтун мезгилинде көктө шашып бараткан
булуттардан сени артыкча сүйөрүм чын адатта.

Саргайыңкы сентябрдын, октябрдын кезинде
күүлүп түшкөн жалбырактан сен артыксың сезимде.

Экөөбүздүн жылуу үйдү солкулдаткан бороону,
ноябрь да сенден артык, сенден сүйкүм болобу!

Декабрдын бубак кары кирпигиңе-кашыңа
консо дагы кыялкечим, сени сүйөм ашыра.

О, жантуйгум, сүйгөн сайын сүйүп улам барктаймын,
качан болсо сени сүйгөн сезимимди даңктаймын!

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу
Кыргызча ыргакка салган Олжобай ШАКИР