ШАКИР Олжобай: «Эртең» деген сөз чоң алдамчы

Сэмюэл ЖОНСОН
(1709-1784), англис жазуучусу, лексикограф  

 Ичилген шараптын жаман жери – кадыресе сөз деле ашкан маанилүүдөй туюлат.

* * *

Акын үчүн пайдасыз эчнерсе жок.

* * *

Кокус жаш улан же жаш курактагы бирөө чыгып баратып калпагын кайда чечкенин эстей албаса, ага эчкимдин деле көңүлү бурулбайт. А картайган бирөө калпагын унутуп көрсүнчү, аны баары байкайт да: «А-ап, бечара, таптакыр унутчаак болуп калыптыр» деп баштарын чайкайт.

 

* * *

Көзү тирүү автордун чоркок чыгармасын талкуулагандар ал автор өлгөндөн кийин өрнөктүү чыгармасына шыпшына башташат.

* * *

Эгерде ким бирөө Лондондон жадаган болсо, демек ал, турмушунан жадаган.

* * *

«Эртең» деген сөз чоң алдамчы. Эртеңки болор нерсеге алдана беребиз, алдана беребиз.

* * *

Өтө кызыктуу таржымалдын көбү чындыктан алыс, чындыкка жакыны чандале болот.

* * *

Мыкты башкарыш үчүн кээбир акылдуулар атайы бейакыл катынга үйлөнөт. Кийин андан көрбөгөн азапты көрүп, келесоого айланып тынышат.

* * *

Ирлан калкы абыдан чынчыл келет, себеби алар бири-бирине дегеле жакшы сөз айтпайт.

* * *

Эки англичанин маңдай-тескей келсе аба ырайын кеп кылат.

* * *

Эки аптадан кийин өзүнүн даргага асылып өлөрүн билген адамдын ойлонуу жөндөмү эң мыкты иштейт.

* * *

Төгөрөк менен аяктаган сандарга эчкачан ишенбегиле.

* * *

Шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм.

* * *

Аркимди мактаган, эчкимди мактабайт.

* * *

Адамдар сүйүүдө эмес, көралбастыкка келгенде туруктуу.

* * *

Белекке тартууланган китепти чандале бирөөсү окуйт.

* * *

Биз көп учурда мурда-кийин аралашпаган кишилерге оңой ишенебиз, себеби аларга алданып көрелекпиз.

* * *

Бийик атакка бирөөнү туурап эчким жеткен эмес.

* * *

Авторлордун убадасы – ойноштордун антына окшош.

***

Сүйүүсүз үйбүлө кургандан корккон адам – кайратсыз.

* * *

Экинчи нике – мурунку тажрыйбага чоң үмүт арттырган эле тобокелчилик.

* * *

Эх, мага даанышман менен бир жолу чогуу каткырганга, бай менен бир жолу чогуу тамактанганга мүмкүнчүлүк болсо!

* * *

Миң аялзатын даңазалаган акын ошолордун бирөөнеле үйлөнсө, көргүлүктү көрмөк.

* * *

Сөздүктөр деле сааттан айырмасы жок. Ал эмес сөздүктүн эң начары да, жоктон көрө жогору. Мейли, колуңда сөздүктүн мыктысы турса деле сыдыргыга тарткандай таптак болушу мүмкүн эмес.

* * *

Элден коркконубуз – шермендечилик, Кудайдан коркконубуз – ыйман.

* * *

Оңой-олтоң жазылган чыгармадан ыракат албайсың.

* * *

Мен жазыш үчүн жашап, жашаш үчүн жазам.

* * *

Калемакыга келесоо автор гана кызыкпайт.

* * *

Бир жума бирөөнүкүндө мейман болгон адам кулдай көзкарандыга айланат.

* * *

Абыдан жакындан билген адамымдан көптү күтпөйм.

* * *

Сөзүм жүйөлүү болсун десең, үнүңдү көтөрүңкү чыгар, айтканың ишенимдүү угулат.

* * *

Ыйманым периштеникиндей таза деген адамга караганда эки колу мунжу адам чөнтөгүмдү тинтип, акчамды албасына ишенем.

* * *

Мен көп окуган адамдан эмес, көп жазган адам менен сүйлөшкөндөн качам.

* * *

Баарынын кошоматына маарыган адам мага кошомат кылса, мендей бактылуу барбы?

Кыргызчалаган О.ШАКИР