ШАКИР Олжобай: ШАХ-КОРОЗ

Татар жомогу

Койкоңдогон бир короз болуптур. Көйрөң экен. Тиякка бир өтүп, биякка бир өтүп, көкүрөгүн жайып, короодогу тартипке көз салганы жанда жок экен. Бир күнү ал коргонго секирип чыгып үн катат:

– Ку-ка-ре-ку! Ку-ка-ре-ку! Мен – шах-корозмун. Хандардын ханы, шахтардын шахы, султан-корозмун. Мага караштуу тооктордун баары сүйкүмдүү, апапакай, капкара, чаарала, сапсары. Дүйнөдө кай жаныбар сулуу? Баарынан коркпогон кайсы жаныбар?

Жамыраган тооктордун баары жүгүрүп келет алдына – карасы, агы, чаараласы, күрөңү, сарысы бар. Баары улуу урматтуу хандардын ханы, дөөлөттүү-сөөлөттүү султан, шахтардын шах-корозуна жол бошотуп ырдашат:

– Ко-ко-ко-ко-куй, жарык чачкан ханыбыз, ко-ко-ко-ко-куй, укмуштуу султаныбыз, ко-ко-ко-ко-куй, нур чачкан шахыбыз, ко-ко-ко-ко-куй нур төккөн улуу паашабыз, сизге ким теңгеле алсын! Бу дүйнөдө сизден алдуу-күчтүү жан барбы? Бу жашоодо сизден акылдуу да, сизден сулуу да эч жан жок.

– Ку-ка-ре-ку! Ку-ка-ре-ку! – короздун үнү мурдагысынан да катуулайт. – Дүйнөдө кайсы жандуунун үнү арстандыкынан да айбаттуу? Кайсы жандын буттары жоон, көйнөгү ала-була?

– Биздин улуу урматтуу падышабыз сиздин гана көйнөгүңүз ала-була, сиздин гана буттарыңыз жоон, шахтын шахы, биздин султаныбыз сиздин үнүңүз арстандыкынан да айбаттуу, – деп какылыкташат тооктор.

Короз ансайын кербезденет. Төрөпейилдик менен таажысын тикчийтип, болгон күчү менен үнүн созот:

– Ку-ка-ре-ку! Ку-ка-ре-ку! Жаныма жакын келип жаңырта кыйкыргылачы кана: кимдин төбөсүндөгү таажы баарысыныкынан бийик?

Жамыраган тооктор сылаң короз конуп отурган коргонго келип баштарын ийип ырдашат:

– Сиздин чокуңуздагы таажы жалындай жарык чачат. Сиз бирден бир шахсыз, бирден бир падышасыз!

Күлтүйгөн ашпозчу акырын келет да, корозду шап кармайт.

– Ку-ка-ре-ку! Ко-куй эле, ко-куй!

– Ко-куй, ко-куй! Ко-куй! – тооктор чуру-чуу салат.

А ашпозчу өзүн шах санаган корозду колго түшүрдү да, улуу урматтуу падышаны мизи жалаңдаган бычак менен мууздап салса болобу! Ашпозчу шахтын шахынын ала-була көйнөгүн тытмалап жулду да, ченде жок кубаттуу султандын этинен шорпо кайнатты эле, аны жеп отурган адамдар минтип макташты:

— Ой-бай, бу короз укмуштай семириптир го. Даамын айтпа!

Которгон Олжобай ШАКИР