ШАКИР Олжобай: ТИЛЕМЧИЛИК: ПАДЫША МЕНЕН АКЫЛМАН ЖӨНҮНДӨ ПРИТЧА

Бир курдай улуу падыша акылманга кезигип калат. Сүйлөшө келгенде, акылмандын кеменгерлигине, такыбалыгына таң берет.

– Ыраакым этсеңиз, сизге белек ыроолоюн, – деген падышанын тартуусуна акылман көнбөйт:

– Менин азыгым – дарактын мөмөсү; ичээрим – тоонун мөңкүп аккан суусу; дарактын кабыгы – салынып жатар төшөнчүм; а тоодогу үңкүрлөр – шамал, жамгырда калтырбас калканычым. Сенден болобу, башкадан болобу – мага белектин не кереги бар?

Падыша жалбарат:

— Көңүлүмдү курсант кылып алып коюң белекти. Жүрү, чогуу барып төрүмдө бол, кансарайымды көрүп, сага ыроологон белегимди ал.

Падыша даанышманга чапкенедей жабышып атып, акыры көндүрөт. Падышанын өтүнүчүн кыялбаган акылман кансарайга келет.

Даанышманга белегин берер алдында падыша Теңирге сыйынат:

– О, кудуреттүү Теңирим, менден байлыгың менен жериңди аяба. Мага күч-кубат, ден-соолук бер!

Сыйынып бүтүп, даанышманга кайрылса, анысы жылт коюптур. Артынан кууп жөнөп кыйкырат:

– Белегимди албай кеткениң кандай?

Даанышман артына кайрылып дегени:

– Мен тилемчилердин колунан эч нерсе албаймын. Өзүң жакыр болуп туруп, мага эмнеңди тартууламак элең?

Которгон Олжобай ШАКИР