ШАКИР Олжобай: Томас ФУЛЛЕР: “Жалкоонун тили эч чарчабайт”

(1654-1734), англис адабиятчысы

 Ашкана жыты жагымсыз болгону менен даамы кандай сонун.

* * *

Акчаны акча тууйт.

* * *

Үйлөнгөнгө чейин көздү чоңурак ач, кийин өзүнөн өзү үлүрөйөт.

 

* * *

Заардуунун заарынан качпа, аны менен мамиле күткөндөн кач.

* * *

Малайыңдын акысын жесең, ал бир күнү эки эсе өөнөйт.

* * *

Досуң маңдайыңа келип жосунсуз жоругун моюнга алса, демек артында бир калбыры бар дей бер.

* * *

Эгер бактылуу жашагың келсе, жашоого баш оорутпа.

* * *

Кур үгүт узарса, курсактын курулдагы күчөйт.

* * *

Акчаң жокто денсоолуктун жарымынан айрыласың.

* * *

Эркектен мурда аялдын бузулганы жаман. Себеби аялзаттын даңкы бийик.

* * *

Ар ким өз күнөөсүн өз заманына шылтайт.

* * *

Ар ким «меники чын» деп, башкаларды чындыктан тайыгандай көрөт.

* * *

Дайым эле аянычтуу көрүнгөн адамды эч ким аябайт.

* * *

Азды билген адамдар жаагын жана берет.

* * *

Өлкөсүнөн эшек менен чыгып кеткендерди кайра ат минип келет деп күтпөгүлө.

* * *

Мансабын сатып алгандар сот адилеттигин да соодага айлантат.

* * *

Кайгысын жан адамга айтпагандар кайышпас болот.

* * *

Досу жок жашасаң болот, кошунасыз болбойт.

* * *

Ыйлап төрөлөбүз, арыз-муңда жашайбыз, көңүлкайт өлөбүз.

* * *

Дос-тууган менен катташ, бирок бир түндүктүн алдында чогуу жашаба.

* * *

Колунда жоктор тыңыраак бата да кылалбайт.

* * *

Акча шуудураган жерде тилиңди тишиңе кат.

* * *

Тез келген атак тез өчөт.

* * *

Сокурга күзгү карматканың үчүн ыраазычылык күтпө.

* * *

Кудайга эмес, элге кызмат кылуу кыйын.

* * *

Адам алтындын сапатын, алтын адам сапатын текшерет.

* * *

Дүйнөнүн өзү ыплас, биз анын бөлүктөрү.

* * *

Жалкоонун тили эч чарчабайт.

* * *

Бул жылы ким өлөрүн айталбайм.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР