ШАКИР Олжобай: ТҮЛКҮ МЕНЕН ТУРНА

Украин жомогу
Күндөрдүн бир күнүндө Түлкү менен Турна токойдон кезигип, достошуп калышат. Түлкү Турнаны конокко чакырат:
– Кел, – дейт, – Туке конокко. Сый көрүп кетиң. Колуман келишинче сыйымды кылайын. Сенден аянат белем.
Муну уккан жан конок болгусу келбей коёбу! Турна конокко барат. Түлкү буламык бышырган экен. Анысын жалпак табакка шыбап-шыбап алдыга тартат.
– Айланып кетейин, Туке, алып отуруң, – дейт.


Турна табакты тумшугу ченен чокулап, чокулап отуруп калат, жумуруна жук жетпейт. Түлкү болсо жаланып-жуктанып буламыкты калтырбай шыпырып жейт. Жаланып болуп Турнага айтып турганы:
– Кечирип кой, мейманым, – дейт. – Колумда болгонун бердим, башка эч нерсем жок эди.
– Эч нерсе эмес, Түкөш. Рахмат, – дейт. – Эми сен конок болуп кет маган.
– Келем буюрса, келем, Туке досум!
Ошол ошо болду.
Түлкү бир күнү Турнаныкына конокко жөнөйт. Турна укмуш даамдуу тамак камдайт: эт, кызылча, картөшкө – эми укмуш. Кооздогонучу! Анан баарын мойну ничке-узун кумурага салат да:
– Алың, – дейт, – Түкөш, тартынбаң!
А Түлкүнүн башы кумурага батмак беле! Тиягынан, биягынан шыкаалайт. Капталынан шимшилейт, үстүнөн үңүлөт. Даамдуу жытка шилекейи чуурат…
А Турнага эмне: мойну узун. Тумшугун малып, кумуранын түбүнөн бери аз-аздан чокулап жеп көздү күйгүзөт. Баарын жеп болуп, айтып турганы:
– Капа болбо, Түкөш. Колумда болгонун бердим, башка эч нерсем деле жок.
Ой, бир ошондо Түлкүнүн ызаланганычы! Ушунчалык таарынган экен: сыпайыгерчилик үчүн деле ыраазычылык билдиргенге жарабай кетип калат.
Турнанын сый тамагы оборун ача турган тамак болгон экен, бирок аттиң, даамын татпады да!
Ошондон кийин Турна менен жакындагыс болуптур.

Которгон Олжобай ШАКИР