АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КЫШ МААНАЙ

Жыртылып жылдыз көрүнбөй,

Капкара туман асманда.

Бурганак согуп, аппак кар

Кычырайт бутта басканда.

Эптеп жылыйт үй ичи,

Картөшкө манту касканда.

Күйпөктөп жүрөт байбичем,

Төшөгүн салып жатканга.

Унутпай уулум камдап кой,

Атаңдын тонун жапканга.

Капчыкта акча түгөндү,

Мал дагы арык сатканга.

Өнтөлөп жүрүп түшөбүз,

Өлүм шум салган капканга.

Эскерээр бекен балдарым,

Кызарып күнүм батканда.

* * *
Жылыткычтар иштеп сайылган,

Коюу түтүн чыкпайт айылдан.

Калдыркандай тоңгон шейшептер,

Жума мурун жуулуп жайылган.

 

Кайдадыр бир кеткен өмүрдөй,

Чана тепкен балдар көрүнбөй.

Баштагыдай эмес кары-жаш,

Баштагыдай күлкү төгүлбөй.

* * *
Көкөлөтүп бирде турмуш агымы,

Кол жеткиздей бийиктикке сермеген.

Жүзүн бурса тагдыр сууруп жаныңды,

Көз ирмемде жексен кылат жер менен.

 

Бүгүнкү күн телегейиң тептегиз,

Болгон бакыт, дөөлөт, ырыс буйурган.

Капыс тагдыр тетир бурса далысын

Кум сыяктуу салаалардан куюлган.

* * *

Байлык, мансап, узак жашоо тилеген,

Көп сөз угам ага-тууган, досумдан.

Байкап көрсөм ажыратат бул үчөө

Бирге жүргөн тели-теңтуш, досуңдан.

 

Байлыкты ээрчип жүзүн бурду нечен дос,

Мансапты ээрчип нечен досум кол үздү.

Узак жашоо улам бирден азайтып,

Ажыратат досторуңдан көрүшчү.

* * *
Өмүрдүн ар секунду

Өткөөл жол, сынак тура.

Өтпөгөн ал сынактан,

Өчөйүп сынат тура.

 

Тарам жол тарак сымал,

Танда деп чыгат тура.

Тандаган жолуң ошол

Тагдырың сунат тура.

 

Байлыгың көбөйгөндө,

Байлап кул кылат тура.

Байлыкты чанып куусаң,

Байпаксыз кылат тура.

 

Жокчулук кендир кесип,

Жонуңду тилет тура.

Чыркырап кыйналганың,

Чын жолдош билет тура.

 

Мезгилиң жулуп жарып,

Мээңден алат тура.

Менсинген жигит карып,

Мээсиз чал калат тура.

* * *

Анда менин студенттик курагым,

Троллейбус,көп ичинде турамын.

«Берип ийчи бул билетти байке», — деп,

Бирөө айтса тызылдаган кулагым.

 

Байке десе карган сезип өзүмдү,

Ал жигиттен алгым келген өчүмдү.

«Ата, жыл»,- деп кечээ бирөө базардан,

Аттиң чиркин, жаштык демим өчүрдү.

 

Бир тепкичтен бир тепкичке секирип,

Өмүр жашың баратканын кетилип…

Кабарлашып арт жактагы инилер,

Кууйт тура калбасын деп кечигип.

Балдарыма

«Алтымышта атаңдын,

Алдап-соолап күчүн ал».

Деген сөзүн элиңдин,

Эсиң болсо эсиңе ал.

 

Жыйырмадагы кезимдей

Жалындаган кезим жок.

Казандай таш аңтарган

Кайратым жок, күчүм жок.

 

Кыймылдасам бел ооруп,

Бөйрөгүм түшөт жамбашка.

Кетмеги кыйын экен го,

Бир дарты келип жармашса.

 

Булчуңдарым бошоңдоп,

Билектеги күч кетти.

Чекчеңдеген бала элем,

Челектей болуп ич кетти.

 

Акыл-эс бирок ордунда,

Акыл айтсам угуп кал.

Ар түркүн кызык кебимди

Акылыңа түйүп кал.

 

Турмуштун шарты ушундай,

Туулдуң кайра өлөсүң.

Кыска, тез, жашоо ичинде

Кыйланы балам көрөсүң.

 

Кечээки көргөн бүгүн жок,

Кайрылбайт өткөн өмүрүң.

Гүлгө окшоп назик, үлпүлдөк,

Калтырба адам көңүлүн.

 

Жаш бойдон балам турбайсың,

Жаштыгың өткөн кез келет.

Ороңдоп турса балдарың,

Ошондо кадыр тепселет.

 

Атаңды сыйлап барктасаң,

Балаңдан сыйды көрөсүң.

Абалтан турмуш ушундай,

Чыр болсоң чырды көрөсүң.

 

Сый көрөм десең бирөөдөн,

Сыйлай бил өзүң бирөөнү.

Сыпайы бол, сылык бол,

Сез, оңдо кылган күнөөңдү.

 

Абайлап кулак төшөсөң,

Акыл көп айткан сөзүмдө.

Алып калбай көзүм өткөн соң,

Аттиң деп кийин өкүнбө.

* * *

Отурсаң, турсаң кокуйлап,

Муундар ооруп шалдырап.

Жей албай сүйгөн тамакты

Бооруңдан коркуп жалдырап.

 

Баштагыдай көрө албай,

Көздөрүң турса тунарып.

Каңырыш укса кулагың,

Кайра айтчы деп суранып.

 

Өргө бассаң күйүксөң,

Долонго чыккан немедей.

Акылың айтсаң балдарга

Угулуп калса жемедей.

 

Барган жерде төргө өтсөң,

Жамбаш болсо алганың.

Баягы кайран жаштык жок,

Калжайып карып калганың.

* * *

Тешикти тапса кичине,

Теминип кирип ичине.

Алдууга жолош каякта,

Асылылып ачка кишиге.

 

Жыртыкты көрсө кичине,

Жылмышып кирип ичине.

Жалдууга тийиш каякта,

Жабышып торук кишиге.

 

Бүтсө да мөөнөт март менен,

Дооматын артып кетпеген.

Көмүргө кошуп жактык ко,

Өмүрдү долу кыш менен.