ШАКИР Олжобай: Бакыт жана шор

Хун ЦЗЫЧЕН  

XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу

Адамдар бийик даража, атак-даңкка жетүүнү кубаныч деп ойлошот. А атак-даңк, бийик даражасыз жашоо чыныгы кубаныч экенин билишпейт. Анан да адам бечараң жашоонун ач-жылаңач, суук күнүн баштан кечирүүнү азап деп ойлойт. Чын-чынында үшүп-тоңуп, ач-жылаңач күндү баштан кечиргенден өткөн анык азапты атактуулар менен мансаптуулар тартаарын түшүнүшпөйт.

*  * *

Төрөт алдындагы эненин оюнан коркунуч кетпейт, капчыгы калың адамдын оюнан ууру кетпейт. Кайгы-касирет баштан өтмөйүн – кубанычты билбейсиң. Жокчулук – шүгүрчүлүккө, оору – денсоолукка кам көрүүгө үйрөтөт. Жамандыксыз – жакшылыктын жышааны болбойт. Ошонүчүн акыйкатты тааныган адам кайгы жана кубаныч жанаша жүрөрүн билет, бирок көп учурда анысын да, мунусун да унутуп коёт.

 

* * *

Жалгыз аяк жолдо баратсаң, бетмаңдайыңда келаткан жолоочуга жол бошот. Алдыга тамак келгенде кичинекей бөлүктү өзүң алып, көлөмдүүсүн жаныңдагыга бер. Бу дүйнөдө дайыма бактылуу болуштун сыры ушул эле.

*  *  *

Агер адам бу жашоонун бергенине токпейилдик күтүп жашаса, жоктун жону эч качан катуу болбойт. Агер адам көңүлүнө бейпилчилик орнотконго жетишсе, ага бу жашоодо эч ким айдарын тикпейт.

* * *

Нарктуу адам майлуу-сүттүү энчиге үмүт артпайт. Көк Теңир да ошол напсиси үчүн ага марттык менен өз шыбагасын аянбайт. Нарксыз адам өз энчисине туйтунганды гана каалайт. Көк Теңир анын ошон үчүн ырыскысын шыпырып, эсинен ажырар күйгүлтүккө салат. Көк Теңирдин көсөмдүгү ушунда, аны көрбөй коюуга мүмкүн эмес. А адам акылы Көк Теңирге каршы эмнеге жарайт?

* * *

Бакытка куулук-шумдук менен жетпейсиң. Жашоодо кубанганды бил – ошонун өзү бакытка тунганың. Жамандыктан жан үрөп кутулам дебе, тек гана ниетиңди жакшылыкка бур – ошонун өзү сени жамандыктан оолактатат.

* * *

Туура жүргөн адамдын көңүлү көктө болот, ошонүчүн анын бактысы чексиз да, түпсүз. Анын бардык ишинде эркиндиктин мөөрү бар. Жаман адамдын пейили да тар, ошонүчүн анын таалайы тайкы. Андайлардын аракети текке кетме.

* * *

Ойлогон оюбузду кыстаган турмуш жеңген кезде – бизди курчаган дүйнө касиеттүү ийнеси, дары-дармектери менен баарыбызды билдирбестен өзү айыктырып коёт. А ойлогон оюбуздун баары ишке шыдыр ашкан кезде – бизди курчаган дүйнө айбалтадай жалаңдаган мизи менен баарыбызды жантындым кылат.

* * *

Адамдын баары кайгыны да, кубанычты да өздөрүнө өздөрү жаратат.

* * *

Жылуу аба ырайынан бардык өсүмдүккө жан кирип, сууктан баары өлө баштайт. Кабагы карышып жүргөн адам Асмандын жылуулугу чулгап турса да бакытты барк албайт. Кабагы жарык адамдар гана түбөлүктүү сүйүү менен чексиз бакытты башынан кечирүүгө жөндөмдүү.

* * *

Санааң санга, оюң онго бөлүнүп жүрүп кайсы ишке качырсаң да майнап чыкпайт. Агер удургуган убайымга алдырбай, кайратыңан тайбасаң, бакыт сага өзү келет.

* * *

Биздин жашоо куурчактын ойнундай. Тек гана оюн чаташпас үчүн башкаларга карматпай, куурчакты ойноткон жипти өз колубуздан чыгарбашыбыз керек. Куурчакты ордунан качан козгоп, качан токтотушту өзүң сезип, өзүң чечкенде гана оюн чаташпайт. Дал ошондо сценаны тиктегендер сага арбалып турат.

* * *

Жакырчылыкты босогоңдон кууп чыгыштын кажети жок, тек гана жакырчылык жөнүндө камсанабай койсоң эле жүрөгүңдө ардайым чексиз бакыт, канагаттык пайда болот.

* * *

Чаңдаган сууну сен тундура албайсың, ал өзүнөн өзү тунат. Күзгүнүн бетине сүрөт тартып убара болбо, сүрөт ага өзүнөн өзү чагылат. Адам жүрөгү өз эркинин күчү менен тазаланат дегенге болбойт: тек гана арким жүрөккө так салар нерседен оолактаса, адам өзүнөн өзү арууланат. Кубанычты тышкы таасирден эмес, жүрөгүңдөн издеп, тынчыңды алган ойлордон кутулсаң, кубаныч өзүнөн өзү жүрөгүңдөн түнөк табат.

* * *

Көңүлүң жаркып турган кезде, караңгы түнү да асман ачык көрүнөт. Башыңдан кара түнөк ой кетпесе, жаркыраган айланаңда шайтан-шабыр шапар тээп жүргөндөй туюлат.

Кыргызчалаган О.ШАКИР