АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: БАРДАР КЕЗДЕ БААРЫЛЕ АЙТАТ САЛАМДЫ, \ БАШКА ИШ ТҮШСӨ КЫЙБАС ДОСТУ ТАБАМБЫ?

♦ ♦ ♦

Миң сандаган хромосомдон тандалып,

Неге келдим бул жашоого сандалып?

Кайда барам бул дүйнөдөн кеткенде

Билсем кана,  албайт белем камданып.

♦ ♦ ♦

Тентек ойлор чакырыксыз коноктой,

Кубалап көр кыйын болсоң жолотпой.

Капыс келип чыгат мээмдин төрүнө

Кууганымды,  сөккөнүмдү тоготпой.

♦ ♦ ♦

Бош капчык таап алгансып,

Ирээнжийт кээде көңүлүм.

Санаага батып миң түркүн

Сагынтат өткөн өмүрүм.

♦ ♦ ♦

Оо, жараткан тазалай көр дилимди,

Арам ойдон, арам иштен алыс кыл.

Ыйман бергин, напси бергин жулунтпай,

Ак-караны ажыраткан калыс кыл.

♦ ♦ ♦

Тынч жүргөндө бүлүк салып капилет,

Өлбөгүлө туугандар алыстагы.

Өлгөнүңдүн үстүнө көмгөн кылып,

Кыйын болду тыйынды табыш жагы.

♦ ♦ ♦

Колдо барда кокуй да айтат саламды,

Колдон кетсе толгон досту табамбы?

Бардар кезде баарыле айтат саламды,

Башка иш түшсө  кыйбас досту табамбы?

♦ ♦ ♦

Билип жасап,  билбей жасап сандаган,

Күнөөлөрүм кечир деймин Алладан.

О, Жараткан тозогуңдан сактай көр,

Орун бергин бейишиңден камдаган.

♦ ♦ ♦

Будуң чаң ойлорумду жыйнай албай,

Жан дүйнөм жыйылбаган үйдөй чачкын.

Кээ кезде тажап дүйнө түйшүгүнөн

Кайдадыр бир дүйнөгө келет качкым.

♦ ♦ ♦

Түйшүк менен өтөт адам өмүрү,

Түйшүк бүтсө бул жашооңдун бүткөнү.

Бала чагың кетти, болду бир чоң жүк

Өмүр бою мойунуңа жүктөлүү.

♦ ♦ ♦

Пейлиң тарып, жакырланса акылың,

Сезбейбиз биз жан дүйнөнүн жакырын.

Капчык бошоп,  мал түгөнсө короодо

Калдактайбыз кулачудай чатырың.

♦ ♦ ♦

Атак алып мыкты чыкса баласы,

Биздин уул деп бүткүл айыл мактанат.

Жаман чыгып тентек болсо баласы,

Атасынын жакшы атына так салат.

♦ ♦ ♦

Куш учат күүлөп канатын,

Куйругу керек конгонго.

Канат,  куйрук табасың,

Тууганың жакшы болгондо.

♦ ♦ ♦

Кыйлага жашым барса да,

Таңгалам кээде ушуга:

Кечээки он беш жашымдай,

Кыялдын чыкпайм учуна.

♦ ♦ ♦

Мезгилдин эмне өчү бар,

Кубалап жүрүп карытты.

Аябаптыр бир жанды

Аңтарып көрсөм тарыхты.

♦ ♦ ♦

Адриналин азайганбы канымда,

Алым кетип баштагыдай демим жок.

Шайдоот туруп, шартылдаган кез кана,

Шалдыраймын эңкейгенге белим жок.

♦ ♦ ♦

Ээсиз калган эски тамдай,

Эңгирейт кээде жан дүйнөң.

Татыйбы өткөн өмүргө

Тартактап тапкан бар дүйнөң.

♦ ♦ ♦

Орундуу сөз,  тунук ойдон сүйлөсөң,

Адам болбос кулак түрүп укпаган.

Ошондуктан ойлоп сүйлө сөзүңдү,

Ашмалтай сөз кошулбасын ыптадан.

♦ ♦ ♦

Миң ойлор мээге келет кашаң,  күлүк,

Миң ойлор жан дүйнөмө салат бүлүк.

Кашаңы иш бүткөн соң пайда болсо

Күлүгү эч карматпайт куйрук түрүп.

♦ ♦ ♦

Жакшы китеп көрсөм кыйып өтө албай,

Көп болду окшойт уурдаган күндөрүм.

Ууру кылган күнөө дечи, а бирок

Китеп алган бул күнөөбү билбедим…

♦ ♦ ♦

Ширин кымыз,  эти баглан козунун,

Кыргызымдын сүйгөн ынак тамагы.

Сиңиралбай ал тамакты ооруган

Атаганат  ден-соолуктун жаманы.

♦ ♦ ♦

Бул дүйнөгө келбей койсом не болмок,

Үзүлмөктүр бир тукумдун учугу.

Үч уул, бир кыз калтырдым мен артымда,

Бул дүйнөгө келген максат ушубу?..

♦ ♦ ♦

Жоготкон ойлорум көп жазып калбай,

Жоготкон жолдорум көп качып барбай.

Айтпаган сөздөрүм көп  айтып калбай,

Ашыкча айтканым көп кайтып калбай.

♦ ♦ ♦

Жашоодо бир берилген кайталангыс,

Моюнда карыздар көп кайтаралгыс.

Энеңдин бир күн берген ак сүтүнөн

Канткенде кутулдук деп айталабыз?

♦ ♦ ♦

Ойноп-күлдүм,  жаш кезимде жыргадым,

Ак чач кошту,  санаа тарткан жылдарым.

Бул жалгандан кетээр мезгил бир карыш,

Али билбейм бул  турмуштун сырларын.

♦ ♦ ♦

Канымда кантым көбөйүп,

Кагылдым сүйгөн тамактан.

Айыккыс дартка туш кылып,

Азапка салды   жараткан.

♦ ♦ ♦

Элде сөз бар: «»тар болсо эгер өтүгүң,

Бул дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?»

Үй-бүлөнүн ынтымагы болбосо,

Өмүр чиркин өткөнү ошол бейпайда.

♦ ♦ ♦

Бул дүйнөдө эч нерсе жок себепсиз,

Жаратканга биз эмне үчүн керекпиз?

Бизге таккан миссиясын аткарбай,

Өмүрлөрдү короттукпу керексиз?

♦ ♦ ♦

Ой дүйнөмдө кээде түшөт будуң чаң,

Кайдан келдим, кай тарапка баратам?

Жөө тумандын арасында калгандай,

Бара жаткан багытымдан адашам.

♦ ♦ ♦

Жетип-жетпей жерге түшүп эриген,

Жазгы жааган сары кардай ойлорум:

Жылт-жулт этип эрип кетип жок болду,

Калды бир аз эстеп жазып койгонум.

♦ ♦ ♦

Кан коюлуп,  кан тамырлар тарыды,

Кант көбөйүп,  күндө ичемин дарыны.

Баш ооруну,  диетаны  билбеген

Жүрөгүмдө – жаштыгымды сагынуу.

♦ ♦ ♦

Чайкалмайын төгүлбөйсүң,

Көбөймөйүн бөлүнбөйсүң.

Жакшы иштерди жасабасаң,

Эл-журтуңа көрүнбөйсүң.

♦ ♦ ♦

Ажал келсе албайт кайрып,

Жанталашып тапкан байлык.

Сооп иштериң арбын болсо,

Жаткан көрүң болбос тардык.

♦ ♦ ♦

«Көп түкүрсө – көл» деген,

«Көл толкуса – сел» деген.

Кыргыз көлдөй толкуса,

Селдей ээ-жаа бербеген.

♦ ♦ ♦

Ак болбосо кара өңү билинбейт,

Ак жок болсо кара көзгө илинбейт.

Кара менен төрт бурчтукту толтуруп,

Кылымдардан Малевичи күлүңдөйт.

♦ ♦ ♦

Көчөлөрдө түркүн түстүү желектер,

Таркатылып көмүскөдө белектер:

Шайлоолордун шайтан ойнун башташып,

Жанталашат бийлик,  байлык керектер.

♦ ♦ ♦

Акча курсун,  байлык колдун кириндей,

Жан дүйнөңдү ээлеп алса билинбей.

Жигиттигиң,  адамдыгың унтулуп,

Жүгүрөсүң кулу менен күңүндөй.

♦ ♦ ♦

Өлүм деген оо дүйнөнүн ачкычы,

Өлүмгө бир – жаман менен жакшысы.

Өмүрүңдө бир жакшылык кылбасаң,

Ойлоп кетем,  өлүп калган жакшы ушу.

♦ ♦ ♦

Кээ бир күнү толуп ашып,  ойлоруң,

Ээ-жаа бербей сүйрөп жөнөйт алдыга.

Кээ бир күнү тажап ушул дүйнөдөн,

Качкың келет кара жердин алдына.

♦ ♦ ♦

Ич дүйнөмдү неге билбей козгодум,

Ич көйнөктөй чечип ички сырымды…

«Пессимист» деп баа беришти досторум,

Эптеп-септеп уйкаштырган  ырымды.

♦ ♦ ♦

Кереги эмне менин жазган ырымдын,

Адамзатка бары-жогум баары бир.

Мен айтпаган, мен жазбаган ойлорду

Акын чыгып айтып берет дагы бир.

♦ ♦ ♦

Бул жашоону ойноо үчүн бергендей,

Бул жашоого жыргал үчүн келгендей:

Балалыгым түйшүк, санаа тартпаган

Караан үздү, чөлдү кезген кербендей.

♦ ♦ ♦

Кайран жаштык, күнөө эмне билбеген,

Керек болсо кудайды да тилдеген.

Кечиримди сурайм күндө, а бирок

Ал күндөргө кайткым келет,  эмне мен?

♦ ♦ ♦

Жеген тамак, ичкен ашың бок болуп,

Жыйган оокат сынып, оңуп,  жок болуп…

Көз ирмемде өтөт тура өмүрүң,

Көзгө илешпей учуп өткөн ок болуп.

♦ ♦ ♦

Тилегиңди менден күткөн соолутуп,

Жүрөгүңдү,  көңүлүңдү оорутуп.

Күтүрөтүп жыйнабадым байлыкты

Үй салбадым алаканым жоорутуп.

♦ ♦ ♦

Жан дүйнөнү жакырчылык каптады,

Жандай көрүп,  кудай тутуп акчаны.

Акча үчүн,  байлык үчүн баш сайып,

Ата-энесин даяр турат сатканы.