ШАКИР Олжобай: ЫНТЫМАК ЖӨНҮНДӨ ПРИТЧА: КҮНӨӨЛҮҮ ЭРДИ-КАТЫН

Коңшу жашаган эки башка үй-бүлө болуптур. Бири качан болсо ыр-чыры бүтпөгөн, бири качан болсо эриш-аркак, бейпил турмуш сүргөн бүлө экен. Бир курдай бейпил турмушта жашаган коңшусуна ичи күйгөн бейжай бүлөөнүн зайыбы күйөөсүнө айтып турганы:
– Коңшунукуна баш багып эмне үчүн алар дайыма тып-тынч жашаганын байкап келсең.
Күйөөсү жөнөйт. Дабыш чыгарбай байкоо сала баштайт. Караса, коңшусунун зайыбы үйүнүн тактайын жууп атып, бир нерсеге алаксып кухнясына жөнөйт. Ошол тапта күйөөсү үйдүн босогосун аттай берерде, байкоостон чакага мүдүрүлүп, ичиндеги суусун төгүп алат. Тарса-турс дабышты уккан зайыбы ары жактан чуркап чыгып күйөөсүнөн кечирим сурап ийет:
– Алтыным, кечирип койчу, күнөө сеники эмес, меники.
– Жок, жаным, мени кечир, күнөө менден кетти, – дейт күйөөсү.
Муну көргөн тиги коңшусу ойго батып, үйүнө жөнөйт. Зайыбы сурайт:
– Байкоос алып келдиңби?
– Ооба.
– Эмне экен?
– Мен баарын түшүндүм! Сен экөөбүз өз күнөөбүздү моюнга албайбыз, а коңшуларыбыз болсо, «мен күнөөлүүмүн» деп турушат экен.

Которгон Олжобай ШАКИР