ШАКИР Олжобай: ЭМИЛ КРОТКИЙ: ТУРМУШТАН АРТТА КАЛБАЙЫН ДЕП ТАЖИЯДАН КАЛБАГАН ДА АДАМДАР БОЛОТ

Балет – кулагы укпагандар үчүн опера.

* * *

Жашообузда көңүл бурбаган нерселерди китептен жанталашып окуйбуз.

* * *

13-числодо жолум болбойт деген бирөөнүн өмүр бою жолу болбоду.

* * *

Кайсы шаарда ишиң жүрүшпөсө, курулушу кызыксыздай көрүнөт.

* * *

Эгерде классиктердин алдына чыккың келсе, башсөзүн жаз.

* * *

Уйкусуздуктан куткарчу жыргал эле уйку.

* * *

Акчаны көргөндө акылдуулар менен кассирлер гана сабырдуу болушат.

* * *

Акча жана өмүр жөнүндө качан ойлоо баштайбыз? Аягына жеткенде.

* * *

Өлгөнгө барып кайгыргандардын өңдөрү репетициядагы актерлорго окшош болот.

* * *

Турмуштан артта калбайын деп тажиядан калбаган адамдар да болот.

* * *

Падышалардын модадан чыккан модасы кошоматчылар үчүн чыныгы модага айланат.

* * *

Тоту куштардын сүйлөгөндөрү да, жазгандары да бар.

* * *

Эчнерсе жасабаган эчбир жаңылбайт, бирок эчнерсе жасабаганы – жаңылыштык.

* * *

Адамдарды бирнече Жаңы жыл эскиртет.

* * *

Бирөө эчнерсе окубаган жазуучу болчу.

* * *

Көзү тирүү адам эмес, көзү жок адам жөнүндө айтпаганды айтабыз.

* * *

Ал айым балмуздактай тоң болгону менен балмуздактай тез эричү.

* * *

Ал айым эл чогулган жерде французча көп сүйлөбөгөнү менен телефондо көп сүйлөчү.

* * *

Ал айым ойношторун колгаптай алмаштырчу, а колгабын эчкачан алмаштырчу эмес.

* * *

Ал айым латынча аталыштагы дарыларды гана колдонбосо, орусча которулган дары-дармектерден сакайчу эмес.

* * *

Кээ бир айымдардын жанкурбуларына айтпаган сыры – гардеробдогу кийилбеген кийимге окшош.

* * *

Арким аркандай чабак урат, бирок чөккөндөрдүн баары окшош.

* * *

Дарчыдан (акробат) жөнөкөйлүктү эмес, арка моюндун астыда калышын талап кылат.

* * *

Бирөөнүн курч сөзүн пайдалануу – башканын сакал алгычын колдонгондой кеп.

* * *

Мыкты аңгеме кыска, начар аңгеме андан да кыска болуш керек.

Которгон Олжобай ШАКИР