ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ЖЕР-ЭНЕНИН УБАЛЫНАН КОРКПОГОН КЫРГЫЗ

«Башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн эл тагдырын изилдеген тарыхчыларга экмет: жер үстүндө кайсы калк билимсиз болсо, ошол калк эзилип келген». (Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ)

90-жылдардан кийинки кыргыздын кымгуут жашоосу элди дагы бир тарых сыноосуна кептеди. 70 жыл бою бапестеп багып өстүрдү, окутуп-чокутту деген социалисттик түзүм кыргызды борпоңдукка үйрөтүп, элдин аң-сезимин даяр ашты гана аңдыганга көбүрөк тарбиялап келиптир.

Эмне болсо Совет өкмөтүнүн камкордугуна үмүткөр болуп көнгөн калкыбыз кийин «өз алдынча эгемен өлкөгө ээ болдук» дегени менен өз чарбасын жүргүзө албай очорулду. Турмушка, эмгекке болгон жөндөмүбүз жогунан бүтүндү бүлдүргөнгө гана маш экенбиз – союздан калган капиталды да сактап кала албадык. Мейли, завод-фабриканын, мамлекеттик мүлктүн таландыга кабылган тагдырынан да айыл-чарба, мал чарбага ыңгайлуу жайыт-кыштоолорду туура пайдаланып, Жер-Эненин убалынан корктубу кыргыз? Жок!

Киндик кан тамган мекенибиздин ыйыктыгына караганда кара жандын кайгысын көбүрөк ойлогон улут экенибиз ушул — «улуу элдин урпагыбыз» деп мактанган улут туюкка камалды. Ошол улуттун уул-кыздары урунуп-беринип издеди амалды. Бейиштей жерибизден берекке таппай безе качканда көрдүк абалды. Тоолуу мекенибиз тозоктой көрүнүп токтоосуз миграция толкуну жаралды. Караламан калкты кой, журт башылардын кимиси жолду таба алды?!

Сырткы миграцияны мындай коелу, ички миграцияны токтото албаган кыргыз бийлигинин чабалдыгына келсек, акыркы отуз жылдан бери Сары-Өзөн-Чүйдүн чүйгүн жерлеринин канча миң гектары тарыды?! Жер-Эненин убалын ойлодукпу? Жерди сарамжалдуу колдонууну ойлонбогон кыргыз канча миң гектарлаган айдоо аянттарды баскынчылык менен жаңы конуштарга айлантып тынды да, канча гектарлаган жерлери мүрзөгө айланып баратат бүгүн?!

Кыргыз өз жерин өзү душмандын жерин басып алгандай басып алаарын өлкөдө эки жолку мамлекеттик төңкөрүштө көрдүк. Айрыкча Чүйдүн чүйгүн жерлеринин далайы талоонго кабылып, алтынга алмашкыс айдоо аянттарына ээлик кылууга жетишкен шылуундар айыл чарбасы гүлдөп, бүрдөп турган жерлерди кездеме саткандай бычып сатты го? Ит бекер баада сатылган айдоо талааларында пайда болгон жаңы конуштарды аралап көрөлүчү. Тоок кепеден айырмасы жок жепирейген үйлөр жайнайт. Ошолордун ордуна заңгырата асман тиреген үйлөрдү кургандын ордуна Жер-Энеге жарым жапайы жырткычтай мамиле кылган биздей улуттун келечеги оңорбу?!

Элибизди тоюнтуп келген айыл чарба жерлерибизди аярлап, сарамжал мамиле кылгандын ордуна, Бишкектин жака-бели улам кеңейген сайын Сары-Өзөн-Чүйдүн берекесин кемиттик. Жер басып алууга катышкандар башка улуттун өкүлдөрү болгон жок. Жалаң жолуң болгур кыргыздар жулунуп-жутунуп, Биштектин айланасындагы мөмө-жемиши мол жерлерди, жүзүм талааларын талкалап, жайнаган жер үйлөрдү куруп алганына кыргыз бийлиги да кол шилтеп мамиле кылганын көрүп, ичиңден кан өтөт…

Догурунуп жер талап кылган караламан калктын өктөмдүгүнөн корккон саясатчыларыбыз болсо кызматынан кыйшайып калбоонун амалы үчүн жаалдуу элдин ыгына жетеленип отуруп, Чүйдүн чүйгүн жерлерин жаңы конуштар ээледи.

Кыргыз бийлиги эптеп болсо да эл талабын аткарып, элдин күнүмдүк нааразылыгынан коркуп отуруп, өлкөбүздүн түбөлүктүү стратегиялык өнүгүшүнө сереп салууга жарабады. Мурдунан алысты көрбөгөн аткаминерлерибизди Жер-Эненин тагдырына караганда креслодон ажырап калуу коркунучу көбүрөк тынчсыздандырат белем. Жер басып алуучуларга айыл чарба жерлеринин канчасын касапчыдай бөлүп бергени аз келгенсип, өздөрү да жүз миңдеген гектарларга ээлик кылып байыгандан башкага акылы жеттиби?!

Мамлекетибиз ошол жер талап кылган албуут, ажаан топтогуларга Чүйдүн жери резина эмес экендигин түшүндүрүп, калкты башка дубандардагы кысыр калган айдоо аянттарга, кайрак жерлерге отурукташтыруунун ордуна берекеси төгүлүп турган айыл чарба жерлерине өздөрү баш болуп ээлик кылганын ата-бабаларыбыздын арбагы кечиреби? Ушул Кудай-Тааланын бейиштей жери үчүн ата-бабаларыбыз эмнеге кан төгүп келди экен?!

Бишкектин айланасына шыкалып отурукташарын го отурукташтык дейли, бирок тирлик болгон жерде өлүм-житим болбой койчубу?.. Бүгүнкү күндө Чүй менен Бишкекке келип отурукташкан калк көбөйгөн сайын мүрзөлөр үчүн да жылдан жылга жер тарып барат. Көрүстөндөрдө жер калбай бараткан сайын сөөк көмүү көйгөйү күндөн күнгө коррупцияга айланып бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Айрым мүрзөлөрдүн арасында эстелиги тургузулган бир эле кишинин сөөгү жашырылган жер аянты бир боз үйдүн ордундай жерди ээлеп жаткан көрүнүштөр канча? Ал эми айдоо аянттары бүгүн тирүүлөр тургай, күнү куру эмес о дүйнө узагандардын сөөгүн жашырыш үчүн да тарыгандан тарып баратканын статистикалык маалыматтарсыз деле реалдуу турмуштан көрүп жатпайбызбы.

Демейде шарияттын жол-жобосун какшанган диний таксырлар эмнеге айыл чарба жерлерибиз күндөн күнгө азайып, мүрзөлөрдүн аянты кеңейип, сөөк коюудан жерибиз тарып баратканын айтып коңгуроо кагышпайт? Мусулманчылыкта адам сөөгүн жашыруу үчүн бир боз үйдүн ордундай жерге бир адамдын сөөгүн жашыруу Кудайга жаккан ишпи?! Таксырлар көп катын алуу маселесин байма-бай көтөргөндөн көрө – мусулманчылыкта мындайга жол бербеш керек экенин эмнеге айтышпайт?! Арийне, ошол сөөк коюуда молдокелерибиз мүрзө башында турат ко!

Агер Кыргызстандын расмий бийлиги да, дегеле жалпы коомчулук ушул кезден тарта крематорий ыкмасын колдонуу маселесин ойлонбосок, Бишкектин айланасында быкпырдай кайнап отурукташкан конуштар үчүн мындан 10-20 жылдан кийин эле мүрзөлөр үчүн Сары-Өзөн-Чүйдүн гектарлаган аянттарын садага чабууга туура келет…

«Азаттык»