ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ЖИНДИ КООМДУН ЭГЕМЕНДИГИ

Эгер эсти калчасак: Эгемендик
эркиндигин алдык деп неге келдик?
Эгемендик жылдары элди турмуш
эзди канча! Эх кандай тебелендик!

Шар көтөрүп тарсайып үйлөтүлгөн,
шаңдуу ураан жаңырттык үйрөтүлгөн.
Шардай жеңил, шардай бош курган элди
шамал-куюн айдады Чүй бетине.

Чүй, Бишкекте тирилик таппаганы
тентти туш-туш: жанды эптеп сактаганы.
Айран, кымыз соодалап көнбөгөн эл
абийир, намыс не калды сатпаганы!

Тарыхтагы тукуму кыраандардын,
так талашы токтобой «чыгаандардын»
талап-тоноп кайран эл ырыскыңды
тагдырына туш кылды цыгандардын.

Туулган жерге кул болуп көбү келбей,
туш-туш жакта кыргыздар өлүп-өлбөй,
турмуш кечкен кыздарың Москвада
тууп саалууда көчөдө лөлүлөрдөй!

Аттиң, алоо өрт турат өзөгүмдө:
Атажурттан алыста аза-муңда
бейиш жерден жыргабай мекендештер
бөтөн жердин жүрүшөт тозогунда!

Куру сүрөөн курусун азаттыгың:
«кул» деп турса биртууган казак бүгүн!
Таап келген жук болбой карызыбыз
тартып жатсак турмуштун азап жүгүн.

Тентип туш-туш ар кимге жемелендик,
тезек сымал чачылдык, себелендик.
Улутту да камгактай удургутаар
Урдум ушул болсо эгер эгемендик!

Эгемен доор келди дээр калкым мына:
ээлеп ар дин о улук салтыңды да,
коңшу элдерге чегараң тебеленип
коргой албай турасың баркыңды да!

Үзөңгү-Кууш, Каркыра бекер өңдүү
устакандай тартылып кете берди!
Кайтып келгис ажоолор кылчактатып
кароолдогу кайберен текелерди…

Кудай берген байлыгың тебеленип,
Кумтөрүңө кузгундай тегеренип,
ээлик кылган башкалар. Эми кара
эшик аттап кытай, түрк келе берип…

Көзкаранды өлкөбүз көрүнгөнгө,
арданбаган абийри төгүлгөнгө.
Көөдөн кагып кайсыга мактанабыз
көөнө кыргыз карызга көмүлгөндө.

Шар тарсайып үстүндө шаарыбыздын,
шардай көңдөй көкүрөк баарыбыздын!
2012-ж.