ШАКИР Олжобай: КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КЫРГЫЗДАН ӨТКӨН ДУШМАН ЖОК

Башкасын айтпайлы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия деген топ бар. Чү деген жерден эле ушул Улуттук комиссия курамындагылардын көзүнө такап көрсөтөр береги каталарды караңыздар (каталардын алды макаланын автору тарабынан атайы сызылды)! Ошол сызык түшкөн сүйлөмдөр катабы же ката эмеспи, баарыңыздар күбө болуңуздар!

Адегенде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө ЖОБО дегенге көңүл бурсаңыздар, Жалпы жоболордун 1-пунктынан эле көзгө урунган каталарга чалынасыз. Мына алар:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жаагындагы бирдиктүү саясатты контролдоочу (!) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Мына ушул ээрге кыйшык отургандагы көчүккө келсек, 1-пункттагы биринчи сүйлөмдү эле алалы, макул, жаатындагы дегенди компьютер клавишасын терген бирөөсү жаза басып алып т менен г тамгасынын орду алмашып калган үчүн жаагындагы болуп калыптыр дейли, а контролдоочу ыйгарым укук деген сөздүн ордун алмаштырар кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгү жокпу?!

Ушундан улам Улуттук комиссияда отургандардын төмөн жактагы негизги милдеттерине көңүл бурган соң:

  1. Улуттук комиссиянын негизги милдеттери
  2. Улуттук комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык чөйрөсүндө, анын ар тараптан жана толук колдонулушун камсыз кылуу;

— мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү стратегиясын аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгаруу иштеринде мамлекеттик тилдин иштешин ырааттуулук менен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;

— мамлекеттик тилдин ролун жарандык коомду курууда, ошондой эле кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн калыптандырууда жана өнүктүрүүдө жогорулатуу;

— Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мамлекеттик тилди эркин билүүсү үчүн зарыл уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүү;

— жарандардын кеңири чөйрөсү мамлекеттик тилде жазуу жана оозеки тилде иш алып барууну өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк жана шарт түзүү.

Так ушул жогоруда көрсөтүлгөн милдеттердин бири да аткарылып аткан жери жок! Тескерисинче, Улуттук комиссиядагылар бүгүн так ушул өздөрүнүн негизги милдеттерин өздөрү толук бузуп келаткандыгы аталган комиссия тарабынан жарыкка чыккан китептерди барактап чыккан кишинин көзүнө оркоюп көрүнөт. Ал аз келгенсип, мамлекеттик тил комиссиясынын mamtil.kg аталышындагы интернет сайтына баш багып көрсөңүз, грамматикалык да, орфографиялык да каталар көзүңдү кылкандай кычыштырганына не дешибиз керек?! Корректор, редакторлукка отургузар киши таппай калышканбы булар?!

Жолуң болгур тил комиссиясындагы тилчилерди кыргыз тилин өнүктүрүүнүн балакетин аласыңарбы дечү киши барбы деги?!

Биз бүгүн карышкырга кой кайтарткансып, кыргыз тилин кедергисинен кетирген Улуттук тил комиссиясындагылардын кесипкөйлүк шалаакылыгына канчага чейин карап отурууга тийишпиз?! Төмөн жакта да көңүл бура кетер айрым мүчүлүштүктөрдү караңыздар:

Улуттук тил комиссиясынын mamtil.kg сайтына баш баккан эле жерден көзгө урунган айрым титулдук баракчаларда: Кыргызстандын көркөм-сүрөт искусствосу (Тандалган макалалар) деп турат да, эми ошол тандалма макалалардын топтомунан буларды көрөсүз: “Кыргызстандын корокм сурот искусстосу” Б. Буудайчиев.

Кыргыз элинин психологиялык ойлорунун онугуусу3

“ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕНИН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР” Омурова Ж.

“Ата-энелер сиздер учун” Г. Мадаминов

“Мектепте көркөм окутуунун методикасы” Ж. Дуйшеев

Ж. Дуйшеев “Манас китеп”

“Каныбек” К. Жантошев

Чү дегенде эле ушул титулдук баракчада көзгө урунган каталарды оңдоп-түзөө колунан келбеген Улуттук тил комиссиясынан башка дагы эмнени күтүүгө болот, азиз окурман! Кыргыздын ӨҢҮ тамгаларын эмне мынча жеришет?!

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев мүмкүн жакшы кишидир, бирок жогоруда көзүбүздү кылкандай өйкөп турган каталарга эмне дээр экен?..

Олжобай ШАКИР