ГЕССЕ Герман: Жапониялык жаш калемдешке (эссе, которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

Герман ГЕССЕ (1877–1962) — немис жазуучусу, философ, ойчул. Нобель жана Европанын бир катар сыйлыктарынын лауреаты. Дин ишмеринин үй-бүлөсүнөн. 1912-жылдан Швейцарияда жашап, ошол жерде каза болгон. 1923-жылы ашынган улутчулдукка каршылык катары герман жарандыгынан аткез берген. Чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, «Романтика ырлары» (1899) аттуу жыйнак чыгарган. «Дөңгөлөк алдында» (1906), «Гертруда» (1910), «Чыгыш өлкөлөрүнө дербишчилик» (1932), «Бисер оюну» (1943) ж.б. ондогон повесть, романдардын автору. Өмүрүнүн акыркы жылдары рухий философиялык эсселерди жазуу менен алек болгон. Бул эссеси «Досторго кат» түрмөгүнөн алынды. Бул эмгекти маркум устатыбыз акын жана котормочу Алым Токтомушев кыргыз окурмандары үчүн «Жаңы Ала-Тоо» журналына 2013-жылы жарыялаган эле…

ЭССЕ

Кадырлуу калемдеш! Алчалар ажайып гүл ача баштаганда менин колума тийген Сиздин узун сабак катыңыз алыскы учуктун түйүнүндөй көп жылдан бери үн катпай келген өлкөңүздөн мага айтылган ысык саламдай туюлду. Байкашымча жана сиздин жазганыңызга караганда, сиз таптакыр эле башаламандыкка батып бараткан дүйнө кабатырлыгын мага кабарлап, кандайдыр бир чакырык таштап жаткандайсыз. Андан да, менден жана акыл-эс дүйнөсүнөн азырынча алыстай элек, асыл нарк менен дөөлөттөр баскычтарынын баркын кастарлайт делген, «адам суктанарлык аралдагы» менин өлкөмдөн өбөк издеп, ишенич арткандай түрүңүз бар.
Аныңыздын айрым жагдайлары, албетте, туура. Жаныңыз жалындап күйүп, ошол эле учурда корккон кооп менен күмөн күдүктүү ишеним өтмө катар чырмалган катыңыз жазарга кагаз, саларга конверт оңой менен табылбаган калдайган калаа урандысынан * жиберилгенин элестетип турам. Аны алча жыты аңкыган талаадан күнү кечке күкүк үнү угулган менин «отуз эки омурткасы» бүтүн үйүм менен алпейим айылыма ашкан ак көңүл почточу аял апкелди.
Сиздин катыңыз – өсүп келаткан муундун өтүп бараткан муунга жазган каты болгондуктан, ал менин жандүйнөмө бүкөнөбара бүлүк түшүргөн жок, тескерисинче, тополоң-тостуу ички толгонууларды кандайдыр теске, ыраатка салып койгонсуду. Албетте, ал жалпы батыш дүйнө жамааты кастарлаган, рух турмушунда тунук ишеним, туура салт катары жамандыр-жакшыдыр сакталып калган ыраат эместиги ырас. Арийне тос-тополоң, будуң-чаң түшкөн дүйнө менен кошо бузулбаган аралчада жашоосун жалгыз улантып аткан салт. Антип рух тарбиясына такыба берилип, жалгыз жашаган эски адамдар бул өлкөдө кыйла эле бар. Кайриет, аларга эч ким каш кайтарбайт, күлкүгө айлантпайт. Эң негизгиси – куугун-сүргүн кылбайт, тескерисинче, нарк-насилдин кунары куурап бараткан ушул мезгилде аларды кудум тукум курут болор айбанаттардай айрыкча аздектеп сактоого аракет жасашат. Атүгүл айрым учурда ал нукура Европанын баалуулугу, андай баалуулук өздөрүн аскар тоо санаган Америкада да, Россияда да жок деп сыймыктанышат, төш кагышат.
Арийне, бизге окшогон эски жазуучулар, картаң ойчулдар же катардагы карапайым такыба адамдар батыш дүйнөсүнүн башы, көзү, жүрөгү болуудан калды, биз – түгөнүп бараткан тукумдун калдыгыбыз, анда да катаал айтсак, андай болбоско аргабыз жок, биздин урук уланбайт. Кой, сөз төркүнүн сиздин катка буралы. Сиз негедир мага кайдыгер каламбы деп кабатыр болосуз. Сиз менен чогуу окуган студенттер мени Түштүк Германияда жашаган жашык лирик катары карашат деп жаныңыз күйөт. Эмне үчүн мен ойлогондой эле чындыктын чыныгы баатыры же чыркыраган курмандыгы дешпейт дейсиз. Арийне, алардыкында да, сиздикинде да акыйкат үлүшү болушу да, болбой калышы да ыктымал. Анысын да, мунусун да акыйкаттын аныгы катары кабыл алуу туура эмес. Андан да ашыра айтсак: Сиздин жолдошторуңуздун мен тууралуу ой-пикирин оңдоп-түзөө кажетсиз, не дегенде, ал ой-пикирлер туурабы, туура эмеспи, эч кимге эч кандай зыян келтирбейт. Тескерисинче, кадырлуу калемдеш, мен тууралуу түшүнүгүңүздү дагы тескеп, мага берген бааңызды кайра дагы карап чыгуу кадыресе зарылдыр, канткен менен жүрөк өйүгөн өкүнүч жаралса, ушул ыңгайдан жаралышы ыктымал.
Не дегенде, пейил камы, ниет туташтыгы бир сыяктанган китеп колуна тийсе, көккө жеткире көкөлөтүп ойлоп алган жаш окурман жалгыз сиз эмессиз. Антүүгө ар бир окурмандын акысы бар, ар бир окурман акылынын жетиши, жүрөгүнүн каалоосуна жараша кандайдыр бир китепти жакшы көрөт же жаман көрөт, андан эч кимдин кылы кыйшайбайт. Арийне, сиз ажытына жетпей эле албырттап-жалбырттап алгыдай анчалык жаш окурман эмессиз да. Жазганыңызга караганда, кырчындай кезиңизден дүйнөнүн чыныгы чырайын таанууга аракет кылган, адамдарга жарык тартуулап, акыйкатын айтууга ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын арнагысы келген адабиятчы, менин жаш калемдешимсиз. Менимче, алды-артты айра тааный элек окурман менен жаш адабиятчы, китеп жазып, китеп чыгарган адамга коюлар талаптын айырмасы асман менен жердей: адабиятчы өзүнө жага түшкөн тигил же бул автордун китебин сын көздөн өткөрбөй көкөлөтө мактап, өнтөлөп өзгөчө баалай берүүгө акысы жок.
Менин китептериме мээримиңиз түшүп калганын, албетте, айыптабайм, арийне ага кандайдыр бир калыс сын, ченем-чек жетишпегендей, демек, алар сизди адабиятчы катары алга сүрөй албайт. Сиз менин китептеримден өзүңүз эңсеген максатты, туу кылган туура жолду гана көрүп атырсыз, андыктан мени туурагыңыз келип атыр; сиз мени акыйкат үчүн жанын аябаган ашкан баатыр, адамдарга жарык тартуулай турган жараткандын өкүлү, атургай жарыктын өзү санап алдыңыз. Ушунун өзү эле укмуштуудай куру кыял, балалык баёо түшүнүк тургай, алакеттен берекет чыгарбас адашуу, куйка куруштурган жаңылыштык экендигин жакында түшүнөсүз. Китептин каймагын калпый билбеген карапайым окурман жазуучуну кандай каарман кылгысы келсе өз эрки, анын бизге ысыгы да, суугу да жок; бул эми кумдан да үй куруп көрбөгөн адам архитектура тууралуу талкуу уюштургандай убайсыз сөз.
Албетте, өз авторлорун өлө жакшы көрүп, пир тутуп алган жаш жазуучу, мүмкүн, атайылап максат кылбай, мүмкүн, жөн эле атын чыгаргысы келип адабият менен китеп тууралуу туура эмес пикир таратканы анчалык айып деле эместир, арийне анын оңой эмес опурталы бар, ал башкага эмес, абалы өзүнө зыян келтирет. Андыктан сиздин мага ысык ымала менен жазган катыңызга алты ооз алкыш жөнөтүүнүн ордуна ушул саптар аркылуу жооп берип жатам. Сиз келечектүү адабиятчы катары өзүңүзгө жана келечектеги окурмандарыңызга олуттуу жоопкер экениңизди сезишиңиз лаазым.
Сиздин көңүлүңүздү эргитип, өзүңүздү келечекте ошондой көргөнүңүз келген авторуңуз – адамдарга жарык жайылтар аарманыңыз ошентип менин ороюма туура келбейт. Ал мага ашкан көркөм, жеткен көңдөй, куру даңазага кулдук урган адам уркунан чыккандай сезилет, эң негизгиси, анын тамыры батышка терең байланган, ал эч качан сиздин чыгыштын кыртышында көктөбөйт. Сизге кандайдыр бир канат байлап, дем бергени үчүн өзүңүздү өзгөчө милдеткер сезген жазуучуңуз жарык ташуучу да, жарык да эмес, ал ашып кетсе окурмандардан жарык тоспогон терезе, анын эмгегинин эбегейсиз эрдикке, жалаң жакшылыктын насаатына, опол өрнөктүү программага эч кандай тиешеси жок, тек ал терезе катары жарыкты жаппайт жана анын жаркыраган агымына тоскоол болбойт.
Агер ал ариети аябагандай бийик адам жана адамзат камкорчусу болууну каалап калса, ошондой болууну көгөрүп көздөп алса, андай аракет ак жолунан адаштырып, терезеден түшөр жарыкты бүтөп салышы толук ыктымал. Канткен менен чыгармачылыктын тили кесир күтүп келберсүүнүн же алажипти аттабаган такыбалыктын тилине эмес, жарыкты сүйүүнүн, турмушка айдан ачык тийүүнүн, чыркырап чындык издөөнүн тилине байланууга тийиш. Албетте, мен аларды эжелеп эсиңизге салгым келбейт, анткени сиз жапайы же өрнөктүү окуу-илимден жабыр тарткан жан эмессиз, дзэн-буддизмдин жолун жолдогон, демек, жарыкты тоспоо, чындыкка моюн сунуу өңдүү өтө сейрек жөндөмдү кемелине келтирген рух амирине акылыңыз жетип, күмөн-күдүк күтпөгөн адамсыз. Ал керемет кемелди сиз айрымдарын азыр тамшануу менен атап өткөн биздин батыштын бардык китептери аркылуу да байытып, кеңейтип атасыз. Мен дзэнге улуу урмат менен, сиздин европалашкан түркүн түстүү идеалдарыңыздан да ири урмат менен мамиле жасайм.
Дзэн акылдын байманасын ашырып, жүрөктүн мартабасын ташыткан таң калыштуу мектептердин бири. Аны сиз менден жакшы билесиз, бул жерде, биздин Батышта аны менен салыштыра турган салт аябагандай аз, ошол азыбыз андан бешбетер азайып барат. Ошентип мына экөөбүз, жаш жапон – сиз, картаң европалык – мен, илме кайып иш көргөн сыяктуу бири-бирибизге ар башка жаралган табиятташыбызга тымызын таң калуу, тамшануу менен карап атырбыз.
Ар кимибиз ар бирибиздин бизге таасын тааныш эмес кенендигин, бизге таасын тааныш эмес тереңдигин боолголоп атырбыз. Менимче, улут уңгусуна жат таасирлер менен жалган идеализмден сизди сиздин дзэн сактайт, азыркы рух кырдаалына кыжырым кайнап, түпкү таянычымдан тайып, индиялыктардын же башкалардын йога багыттарына батып кетсем, мени менин мээримдүү антикчилдигим менен христиандыгым сактайт. Анткени азыркы мезгил ашкере азгырмалуу, жазгырмалуу экендигин танууга мүмкүн эмес. Анткен менен менин европалык тарбиям канчалык кадырлаганыма карабай, мага түшүнүксүз же жарым-жартылай түшүнүктүү азиялыктардын насыт окуусуна оп тартылууга жол бербейт, тек терең ишенген түшүнүктүн тегерегинде гана жаша дейт. Ал ишеним менин рухий мекенимдин таалими менен тажрыйбасына терең тамырлаган.
Дзэн багытындагы буддизм сизге өмүр бою жол көрсөткүч, чабыт баштагыч таянар таянчык болуп кала берет. Ал сиз баштан кечирип жаткан тополоң заман, кысталаң доордон аман чыгышыңызга жардам берет. Албетте, качандыр бир ал сиздин адабий ишмердикке катуу каршылык көрсөтүшү ыктымал. Дин окуусунан жакшы тарбия алгандарга адабият аябагандай опурталдуу кесип. Адабиятчы жарыктын актыгына илеп тартпай ишениши керек, аны такааты бекем тажрыйбасы аркылуу таанып, ага алдын жетишинче ар дайым ачык, кең-кесири болушу шарт, бирок ал өзүн жарык берүүчүнүн же жарыктын өзүмүн деп ойлоого тийиш эмес. Антсе эле терезе жабылат, антсе биздин амирге эч качан баш ийбес жарык башка жактан жол таап кетет.
Бир нече күндөн кийинки кошумча Басмага басылып жиберилген материалдарым жана бул каттын түпнускасы улуксат жок деген шылтоо менен почтодон кайра келди. Дүйнө акыл айраң калгандай өзгөрдү: сиз – жеңилген өлкөнүн жана жеңгендер башкарып жаткан өлкөнүн жараны мага он беш барак кат жөнөтүүгө укугуңуз бар да, мен – кичинекей бейтарап өлкөнүн жараны ага жооп берүүгө укугум жок. Мүмкүн, мен жолдогон саламды качандыр бир гезиттен окуп каларсыз.
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ