ЗОЩЕНКО Михаил: Коркок Вася (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Васянын атасы темир уста эле. Ал устаканада иштечү. Ал аяктан така, балка жана балталарды жасачу. Ал күн сайын устаканасына өзүнүн аткөлүгү менен барчу. Анын жакшы бир кара аты болор эле. Эртең менен аны арабага куруп айдап алып, кечинде гана кайтчу.

Анын уулу алты жашар Вася, арабаны айдаганды жактырчу. Атасы, мисалы, арабадан түшүп, үйгө башбагар замат, Вася арабага шак секирип чыгат да, токойдун четине чейин барып келчү. А атасы, алибетте, ага уруксат берчү эмес. Анын кылганын ат дагы жактырчу эмес. Вася арабага түшкөндө ат аны жаман көзү менен карачу. Куйругу менен ары-бери чапкылап, эй бала, түш менин арабам дегенсип калчу. Бирок Вася шапалак менен жон талаштыра чапканда, эти ооруй түшчү да, акырындап жүгүргөнгө мажбур болчу.

Бир жолу да атасы кечинде жумуштан кайтып келди. Вася адатынча арабага секирип түштү да, атты шапалак менен бир салып, короодон чыгып кетти. Бүгүн анын маанайы көтөрүңкү эле, ал демейдегиден алысыраак аралыкка баргысы келди. Токойду аралап баратып, ылдам айдагысы келип кара атты жонго улам чапкылайт. Бир убакта капыстан эле Васяны кимдир бирөө жон талаштыра чапты дейсиң! Вася таңгалганынан секирип тура калды. Ал атасы жетип келип арабаны уруксатсыз айдап кетесиң деп шапалак менен басып жиберген экен деп ойлоду.

Вася артына бурулду. Караса, жан адам жок.

Ал атка шапалагын кайра шилтеди. Бирок бул жолу да экинчи мерте белгисиз бирөө жонун тызылдата чапкылап кирбеспи!

Вася артына кайра бурулду. Караса, дагы эле эч ким жок. Бул эмне деген шумдук болуп кетти?  “Ой, тегеректе киши жок болсо, мени ким чаап жатат!”— деп ойлоду Вася.

Силерге айта кетиш керек, Вася токойду аралап киргенде бир бутак  дөңгөлөктүн чабагына оролуп калган эле, дөңгөлөк айланып келгенде чыбыктын учу ийилип келип Васянын жонуна тийип жаткан. А Вася алибетте, аны көргөн жок. Анткени караңгы кирип калган. Анын үстүнө коркконунан айланасын карагандан да чочуду. Чыбык Васяга үчүнчү жолу тийгенде, Вася баштагыдан да катуу корко баштады.

«Ой, балким мени тиги ат чаап жатпасын. Балким чыбыкты тиштеп алып, мен чапкан сайын ал да чаап жатпасын» — деп ойлоп кетти Вася. Ал бир аз артка жылып отурду. Ал артка жылар замат чыбык шак этип келип, бул жолу жонго эмес, моюн талаштыра тийди. Вася божуну коё берип, коркконунан  бакырып жиберди. Ал эми башкаруусуз калган ат, артка бурулуп түз эле көнгөн үйүн карай улам катуулап жүгүрүп жөнөдү. Дөңгөлөк катуулап чимирилди. А чыбык Васяны мурдагыдан да тез жана катуу сабай баштады. Чындыгында, мындай учурда кичинекей бала эмес, чоң киши деле коркмок.

Ошентип ат бардык күчү менен ала качып жөнөдү. А  Вася арабага жатып алып алынын жетишинче бакырды. Чыбык болсо аны сабап, сокку бирде аркасына, бирде буттарына, бирде көк желкесине тийет.

– Ой, ата! Ой, апа! Мени ат сабап жатат!— деп кыйкырды Вася.

Бир кезде ат үйгө жетти да, короонун ичине кирип токтоп калды. Вася арабадан түшкөндөн коркуп турбай жатты. Жатат, билсеңер тамакка да табити жок. Мына, атасы келди да атты арабадан чыгарды. Ошондо гана Вася арабадан жерге түштү. Анан дөңгөлөккө илинген бутакты көрө койду да, аны сабап келген ошо экенин түшүндү. Ал бутакты дөңгөлөктөн сууруп чыкты да, атка тап берип чапмак болду. Бирок аны атасы токтотуп калды:

— Атты сабаган жаман адаттыңды ташта. Ал сенден акылдуу, эмне кылышты айттырбай билет, —деди атасы.

Вася ооруган аркасын ушалаган боюнча үйгө кирди да уктаганга жатты. А түнкүсүн ал түш көрдү. Түшүндө ат келип ага: “Ии, коркок, жүрөгүң түштүбү? Фу, коркок болгон кандай уят”- деп жатыптыр.

Вася эртең менен ойгонду да чоң сууга балык уулаганга кетти.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ