МА Лао: Сапарлаш аял (аңгеме, которгон Назгүл ОСМОНОВА)

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

АҢГЕМЕ

Менин жанымда отурган аял чет элге биринчи жолу учуп жатпаган сыяктанат.

Ал коопсуздук курун тагынбастан отуруп алып, даараткананын суусундай токтобостон быдылдап сүйлөп жатты.

“Сиз чет жакка эч качан чыккан эмессизби?” —  деп сураган аял мага кайрылды. Бул өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнгүсү келген орто жаштардагы аял эле. Бирок үстүндөгү бир кызыктай кийими менен бетиндеги бырыштары бир караганда эле аялдын жашын айгинелеп койчудай. Мен жылмайып жооп бердим: “Ооба, билип алдыңыз. Башка өлкөгө алгач чыгышым”.

“Мага муну айтпасаңыз да, баары бир билип алмакмын. “Сен биерде биринчисиңби?” деген азилди уккан белеңиз: Ха-ха-ха… Ой, боорум, кандай күлкүлүү. Азыр сизге айтып беремин. Кыскасы, бир психиатриялык ооруканада, ха-ха-ха… Бул ушунчалык күлкүлүү! Ананыраак айтып берейинчи, бизде убакыт кенен эмеспи. Сиз андан көрө менин кызыл тапичкеме караңыз. Мен аларды өткөн сапар Италияда болгонумда сатып алганмын, бул бизде абдан кымбат турат”, — деген аял бутун өйдө кылды. “Ай-ай-ай, бул орундуктун тардыгын айтпаңыз. Ар дайым учактан түшкөндөн кийин тизелерим ооруп калат”, — кылыктуу аял кебин улантып, тизелерин укалай баштады.

“Мына бул юбканы көрүп жатасызбы? Аны да өткөн жолу Франциядан сатып алганмын. Канбийке Диана да качандыр бир ушундай үлгүдөгү юбкаларды сүйгөн экен. Мунун баасы эсиңизди оодарат. Жөнөкөй адамдар мындай баалуу буюмду ала алышпайт. Алар болгону дүкөндүн жанынан үшкүрүнүп өтүшөт”, — сүйлөөк аял табалай күлүмсүрөдү.

— Англия, Германияда болдуңуз беле? Ах, унутупмун, сиз деген чет жерге алгач чыгып жатышыңыз да. Англияда да ушул сыяктуу бир-эки жакшы үлгүдөгү кийимдер бар. Мен кооз кийингенди жактырам. Биз эмне үчүн өмүр сүрөбүз? Мен сулуулукту сүйгөн адаммын. Аял киши сулуулук үчүн жаралган да. Мына мисалы, менин кесиптештерим качан болсо эскирип тамтыгы чыккан кийимдери менен жүрүшөт. Биз али анчалык кемпир болуп калган жерибиз жок да, чынбы?!

— Ооба, кайдагы кемпир? Сиз али турмушка да чыга элек болушуңуз керек, — мен ачык эле мыскыл менен жооп кайтардым.

— Сиздин тамашаңыз орунсуз, менин кызым жакында турмушка чыгат! — деди аял канааттанган жүз менен.

— Ошондойбу? А мен сизди институтту эми эле аяктап, иштей баштаган экен деп ойлоптурмун, — дедим мен кайра.

— Чынбы? Сиз дагы менин табитимди мыкты деп ойлойсузбу? Чынын айтсам, мен институтта окуган жокмун. Бул үчүн мени күнөөлөөгө болбойт. А бирок башталгыч класстарда мыкты окугамын. Макул эми, муну унуталы. Себеби, азыркы жаштарыңдын диплому болгон менен билими жок. Менин жумушумдагы аялдарга келели. Алардын окумуштуулук даражасы болгон менен, табит дегенден эчтеме жок. Алар модадан артта калышкан, анан да өзүнүкүн бербегенин айтсаңыз. Кудум сиз сыяктуу! Ой, кечирип коюңуз! Мен ачык-айрым жана бетке айткан адаммын, оюмда эмне турса, ошону айта берем. Эч качан ким бирөөгө жагынганды билбедим. Аларды азыркы жаштар эмне деп атачу эле?.. “ПМП” дегенди уккансызбы? Буга мени кызым үйрөттү. Акырындап жашоодон артта калып баратам, ха-ха-ха…

Аялга карап туруп, анын мындай ар кайсынын башын чарпыган аңкоо кептерин токтотпой турганын түшүндүм. Көзүмдү жумуп, мындан ары угуу ниетим жок экенине ишаарат кылдым. Капысынан аял менин чыканагыма нукуп, уктаба дегенсиди. Мен көзүмдү ачып, каршылыгымды билдирип, башымды терезе жакка бурдум.

“Ал жакта эчтеме жок. Бул ибадатканалар, чиркөөлөр, имараттардын баары сыртынан окшош келишет. Чатырларынын кырларынын учтуулугу атүгүл, учактарды тешип кетиши мүмкүн, ха-ха-ха… Мына айтыңызчы, буларды сөзсүз тиктөө керекпи? Бардык жерде эле тоолор менен дарыялар бар да… А мен бул жерде болгомун. Бул кайсы жер эле? Ооба, туура айтасыз, Версаль! Учактан түшкөнүбүздө мен сизге бир жерди көрсөтөм. Версалдан анча алыс эмес жерде атыр саткан дүкөн бар. Силер, эркектер, бул жагынан эчтемке түшүнбөйсүңөр. Бирок мен сизге эң мыкты атыр тандоого жардам берем”, — аял дээрлик кыйкырып сүйлөп жатты.

— Сиз кайда баргыңыз келет? Пикассону көргүңүз келеби? Анын эмнесин көрсө болот? Менде бир Пикассо бар эле, бир жылдан кийин жакпай калып, кичүү иниме бере салдым. Анчалык деле жаман машине эмес эле, — аял камырабай сүйлөп жатты.

— Сиздин Пикассо машинеңиз бар беле? А Горькийчи? — мен аялдын акылын текшерүүнү уланттым.

— Сиз эмне, шылдыңдап жатасызбы? Мен баарын, ачуусун да, таттуусун да, туздуусун да таткамын. Ал түгүл, ашказаным да ооруп чыккан! — аялдын жообу ушул болду.

Мен кай жакты карабайын, аял өзүнүн дүкөндөр менен ресторандар тууралуу аңкоо кеби менен тоскоол боло берди. Бир нече сааттын ичинде мен анын үстүндө кийип турган кийимдеринен тартып байпагына жана бетиндеги атыр-упасына чейин алар кайдан жасалып, кайдан алынганын билип үлгүрдүм. Акырында ал минтип кошумчалады: “Мен эң кымбат үлгүлөрдү гана жактырам, арзан нерселердин мага кереги жок!”.

Учак конгондон кийин да аял артымдан калбады. Ал кудум менин көлөкөм сыяктуу эле. Мен биринчи жолу сүйлөй алган көлөкөнү көрдүм. Кайда барбайын, андан жашынууга туура келди. Бирок мунун баары майнапсыз болду жана бир нече күнгө чейин сый мамиле тууралуу унута турууну чечтим. Мен какшыктап да, аялдын дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып да, өзүмдү жайыма коюусун суранып да, талап кылып да жаттым. Бирок менин аракетим натыйжасыз болду. Ошол учурда өлгүм же… өлтүргүм келди. Тилекке каршы, менде андай мүмкүнчүлүк жок эле.

Ошентип, Европага жасаган сонун саякатым бир сүйлөөк аялдын айынан бузулду. Мен турагентствого барып, анын үстүнөн арыздангым келди. Бирок мындан эмне чыкмак? Бул чуулуу саякат тууралуу атүгүл, эстегим да келбейт. Бирок да көзүмдү жумарым менен эрксизден көз алдымда тиги жагымсыз аялдын элеси пайда болот. Канчалык аракет кылсам да, аны унутууга мүмкүн болбоду. Мындан кийин эч качан турагенттиктер уюштурган саякатка чыкпоону чечтим. Мындан сырткары, менин досторум, алтындай болгон кеңешимди угуп койгула: “Кай жакка саякатка чыкканыңар эмес, ал жакка ким менен барганыңар маанилүү!”