РУМИ Жалалидин: Ити ачкадан өлүп жаткан бедуин жөнүндө аңгеме

Бир бедуин[1] итин бекем кучактап,
Ыйлап жатты, жашын төгүп бышактап.

«Мынча неге жашың төктүң итиңе?»
Суроо салса жолоочу ал кишиге.

Жооп берет: «Өлүп барат, аяп жатам байкушту,
Ак кызматын кылчу билбей жай-кышты.

Аңга чыксам каз өрдөктү сүрчү эле,
Короочу эле, түнү тынбай үрчү эле».

«Оорудубу же сындыбы бир жери?
Очорулат дарты балким белдеби?»

«Жок, жолоочум себеби анын башкадан,
Кайран итим өлүп барат ачкадан».

«Бул жалгандын жок турбайбы тогосу,
Сабыр кыл», — деп кайрат айтат жолоочу.

«Колдон түшпөй буулган кабың жаныңда,
Кана айтчы, эмне оокат бар аныңда?»

«Бул каптабы? Нан бар, эт бар салынган.
Салгам анан башка азыктан табылган».

«Оо адамым, бөлүп алып кичине
Азыгыңдан бербейт белең итиңе».

«Акча тартыш, жол да алыс, бүтүмүм:
Бере албаймын кичине да күкүмүн.

Боорум ооруп кан өтсө да ичимден,
Көз жаш бекер, аны аябайм итимден».

«Каргыш алгыр! соолуп өлгүр! о акмак!» –
ачууланып жолоочу анда бакырат:

«Бош чаначтай жан экениң билинди,
Жан досуңдай итке бурбай дилиңди.

Жүз эсе өйдө, алдыңдагы ит жаткан,
Кесим нанды кымбат көрсөң көз жаштан.

А көз жашың – кан аралаш төгүлгөн,
Сууга окшош, чыкпаган соң көңүлдөн.

Баасы анын – тамандагы чаңга тең,
А сенин бааң бут алдында чаңдан кем».
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

[1] Бедуаин – көчмөн.