СОЛЖЕНИЦЫН Александр: Чыркыраган чындыктын кичине чымчыгы (Бекташ ШАМШИЕВ, «Азаттык»)

Александр Солженицындын «ГУЛАГ топ аралы» (“Архипелаг ГУЛАГ”) көркөм изилдөө тажрыйбасында 1918-жылдан 1956-жылга чейинки репрессия, большевиктик бийликтин тынымсыз улантылып келген жазалоо механизми көрсөтүлгөн.

Хрущевдик “алабаардын” желаргысы менен советтик “Новый мир” журналына жарыяланган “Иван Денисовичтин бир күнү” аңгемесинен кийин жазуучуга репрессиядан жабыр тарткандардын эскерүүлөрү жаай баштайт. Аны көрүп Солженицын баштаган ишин аягына чыгарууну чечип, совет бийлигин жандап келаткан кандуу жазалоолорду иликтөөгө киришет.

Бул иштин өтөле опурталдыгына карабай, жазуучу айтылуу чыгармасын аягына чыгарат. Куугунтук курмандыктары тууралу чындык толгон-токой тоскоолдуктарга карабай акыры ачыкка чыкты. Бул иш советтик мамлекет кулагандан кийин гана ишке ашты.

Жазуучуга жааган каттар

Александр Исаевич (Исаакиевич) Солженицын (11.12.1918, Кисловодск — 03.08.2008, Москва) православ динине негизделген мамлекеттик түзүлүштү жактырган, көзү тирүүсүндө опсуз мактоону, ошол эле мезгилде сай-сөөктү сыздатчу катаал сындарды да көп уккан сүрөткер. Бала кезинен ыр жазып, марксизм классиктеринин эмгектерине кызыгып, адабий жөндөм-шыгы эрте ойгонгон менен, Ростов университетинин математика факультетине кирип, так илимди тандап алган. Адабиятка кызыгуусу аны баары бир филологияга алып келген. 1939-жылы Москвадагы Философия, адабият жана тарых институнунун Адабият факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган.

Кийин кан майданга аттанып, ал жерден сырдашы жазуучусу Николай Витковичке жазган каттарында “өлкөнүн атасы” совет адамдарына «жерге бекитилген» (крепосттук) заманды орнотуп койгонун билдирген.

Аскер чалгын кызматкерлери адабиятка кызыккан капитанды камакка алып, 1945-жылдын июлунда 8 жылга кесилген. Абактагы оор турмуш учурунда жабышкан оорудан жакшы сакая элегинде Солженицын 1953-жылдын башында абактан бошогон. Жазуучу жаш кезинде жактырган марксизмден түрмөдө жүрүп биротоло кол үзүп, өлкөнү орустун салттуу дини менен патриоттук идея жакшы башкара алат деген ишенимге үмүт артып чыгат.

Бул идеясын ал өмүрүнүн аягына чейин ачык айтып келди, Орусияны кантип кайра куруп чыгуунун чоо-жайын баяндаган айтылуу макаласында да ал ушул идеясын алдыга жайып, федерациялык өлкөгө жалаң славян агайындары менен биригип гана ыймандуу жакшы мамлекет курушарын, тили-дини башка элдерди славяндардын бирикмесине кошпой деле коюш керектигин жазган.

Иши кылып, Александр Солженицындын саясый көз карашында талаш чакырчу жагдайлар биртоп эле. А бирок «ГУЛАГ топ аралы» (“Архипелаг ГУЛАГ”) иликтөөсү ушу кезге чейинки документ менен көркөм форманын ыктуу айкашынан жаралган туундулардын мыктысы, совет бийлигинин бетине чиркөө болчу оор кылмышын тартынбай ачып берген чынчыл чыгарма катары белгилүү.

Солженицындын көркөм иликтөөсү оголе кенен мейкин-мезгилди камтыган чыгарма. Жазуучу “кызыл террор” качан чыкканын, ага негиз болгон тарыхый-саясый негиздерди, коомдук абалды, эмнеликтен жаркын идеяны алдыга жайган большевиктердин зордук-зомбулукка ооп, жалаң кыргын-сүргүн менен жашап келатканын ачып берген.

“Архипелаг ГУЛАГ” китеби кандай тоскоолдорго кабылып, кол жазманы табыш үчүн коопсуздук кызматы жазуучунун сары изине түшкөн куугунтугуна карабай, алгач чет жерде, горбачевдук “кайра куруунун” заманында совет өлкөсүндө ири нускада басылып чыккан. Бирок бу кезде социализмдин өзүнүн тагдыры кыл үстүндө кылтылдап, анын мындан ары болор-болбосу бүдөмүк турган кез эле.

Изилдөөнүн жыйынтык бөлүмү “Сталин жокто” деп аталат. Отуз жылдан ашуун бийлиги канга малынган өкүмдар эчендерди эчкиртип ыйлатып, бу жалганды таштап кеткенден кийинки тарыхый жагдайды жазуучу минтип сүрөттөйт:

“Албетте, үмүтүбүз үзүлбөй келди, эртеби-кечпи ачуу чындык баарына жетиши, тарыхта болгон нерселер айтылышы керек эле. Бирок бул жакын арада болоруна ишенич жок болчу – ага чейин кыйлабыз өлүп жок болмокпуз. Анан жагдай да өзгөрүлүп кетти. Мен өзүмдү Архипелагдын баяндоочусумун деп эсептейм, колум каламдан ажырабады, тынбай жазып жаттым, аларымды көзүмдүн тирүүсүндө көрүп каларыма деле ишенич жок эле.

Тарыхтын жүрүшүндө кээде ойдо жок бир таңкалыштуу окуялар болот ко, андай окуялар болочокту көрө билгендердин оюна деле келбейт. Мындай болорун биз билген эмеспиз, кандай болору капарыбызга келген эмес: зыңгырап бекем турган зоболо шамалы жок эле ийилип, баары кыймылга келип, анан аз-аздан билинбей тынч турган жер ачылып – андан чындык деп чыркыраган эки-үч чымчык көккө көтөрүлгөнчө, кайрадан кара эшик карс жабылып калды го.

Мага чейин канчалар жаза албай кетишти, жазгандарын сактай албай кетишти, жөрмөлөп жете албай кетишти, жанына бара албай кетишти! — а мага бакыт жылмайды: чылк темир менен капталган кара дарбаза кыйчылдап-кычырап кайра жабылгыча,- сары майдай сактаган чындыктын бир үзүмүн ачыкка чыгарууга жетиштим.

Бардык башка нерселердей эле аным чоң каршылыктын кучагында кысылып калып калбай жарылып кетти!

Жарылганда да кандай жарылды, артынан калдактап каттар учуп, чындыкты айткысы келгендердин катары көбөйүп кетти, — муну көрүп-туюш керек эле. Булары аз келгенсип гезиттерге жайнап чыккан макалаларчы – канча заарды, жек көрүүнү, көңүлкоштукту жарып өтүп – калп мактоо, чеке томуйтууну тоотпой жарыкка чыккан макалалар.

Түрмөдө отуруп келгендер гезиттерге жайнап чыккан үндөрдөн кайсы бир абак жайлар тууралу повесть чыкканын, аны гезитчилер жабыла мактап атышканын көрүшүп, баары көнүмүшкө салып минтишпедиби: “дагы калпты шыпыртышыптыр! сүйлөшүп алышкан да, ушуну да калпка айлантып”. Биздин гезиттер качан чындыкты мактап чыгышты эле – мындайды күндүзү эле эмес түшүңдө да көрбөйсүң го! Башкалар менин повестимди колуна алыштан коркушту.

Анан алып окуй башташканда – баарынын көөдөнүн жарып чыккан үшкүрүк угулду, биралдын кубанычтан чыккан – кайгыга баткан арман. Анан каттар жаады.

Бул каттарды мен сактап жүрөм. Менин мекендештерим коомдук маанилүү маселелер боюнча дайым эле пикирин бөлүшө бербейт, ал эми зектерден мындай сөз да чыкпайт. Канча ирет умсунуп калышты экен, канча ирет алданышты – бул ирет ишеништи, о айланайын акыйкат айтчу учур келип калганбы, коркпой айтуунун, жазуунун кези келдиби?

Канча экенине карабай бул ирет да алданып калышты.”

Жазуучу миллиондогон адамдардын акыркы үмүтүнө кол шилтеп басып кете албай, совет өлкөсү тууралу эчен жылдар жашырылган чындыкты элге жеткирүүнүн коркунучтуу, опуртал жолуна түшүүгө бел байлайт. Мындай аракети үчүн ал тизмеге кирип, алары анык болуп калган Лениндик сыйлыктан куржалак калат.

Талаштуу чыгармаларын өзү окуп макулдук берчү компартия жетекчиси Никита Хрущев 1964-жылы кызматтан шыпырылып, анын ордун ээлеген Леонид Брежнев совет бийлигин апачык сындаган чаарбаш жазуучуну дагы түрмөгө тыгып, ошону менен маселени чечүүнү жактырса, а кездеги КГБ жетекчиси Юрий Андропов Солженицынды жарандыктан ажыратып чет өлкөгө кууп жиберүүнү туура көргөн.

1970-жылы Александар Солженицын Нобелдик сыйлыкка ээ болуп Мекенинде жарыкка чыкпаган чыгармалары чет өлкөлөрдө басыла баштайт.

“Тоскоол баары бир талкаланды! Деле урабачудай, кулабачудай, кылым өтсө кылт этпечүдөй калптын бийик дубалы зыңгырап турду – карасаң эми ортосу оюлуп түштү. Кечээ эле бизде эч кандай лагерлер жок, Архипелаг дегендин атын укпаптырбыз деп атышты – азыр элдин баары, жаамы дүйнө көрдү го: лагерлер! болгондо да фашисттик лагерлер салынган.

Эмне кылыш керек? Эчен жылдар калптын казанын боркулдатып кайнатып келгендер, бийликтин ишарасы болбосо деле аптыгып мактоого алчулар! – силерге не болду, унчукпайсыңар го. Апей – уялып атасыңарбы? Силер ошо калптын казанында кайнап калсаңар экен…

Кайдан, андай болбоду. Калптын казанын кайнатчулар, култ этип бурулуп кетчүлөр жабылып дубалдын тешигине баш тыгып киришти. Алар ушул учурду, ушул кезди эчен жыл күтүшкөн тура, уят-сыйытты билбеген денелери менен аңырайган ачыкты жаап, кубанычтары койнуна батпай, канаттарын каккылап турушат ко чиркин. Таңданган элге Архипелагды көрсөтпөй, аңырайган тешикти жаап салганга аракет кылып атыры.

Биринчи кыйкырыгы – а деп ооз ачканда, акыл калчагыча таап алган сөзү бул болду: мындан кийин мындай болбойт! Партияга даңк! – мындай эми кайталанбайт!

О, акылыңардан айланайындар, аңырайган ачыкты заматта бүтөй калчулар! Мындан кийин мындай болбойт, өзүнөн өзү эле ушинтип кайталанбай калчу болсо, эмнеге азыр андай эмес. Келечекте деле болбойт, азыр антмей жок.”

Калптын дубалы кулай элек

Миллиондорду жок кылып, анан андай болгон эмес деп калптын бийиктен-бийик дубалын куруп салып, ага ишенип отурган системанын кандайлыгы, анын адам табиятына каршы кылмыштары ушу азырга чейин толук ачыла элек. Ачылышы да кыйын.

Себеп дегенде, СССРде сталиндик репрессия тушунда канча киши жок кылынганынын так эсеби жок. Кандуу статистиканын болушун каалабагандар катардагы статистика кызматынын жетекчилерине чейин жок кылышкан. Репрессия башталганда калк саны канча эле, кийин канча болгону жашыруун сыр катары катылып келди.

“Хрущев көзүнө келе калган жашты сүртүп, “Иван Денисовичтин бир күнү” аңгемесинин жарыяланышына уруксат бергенде, мунун баары сталиндик лагерлер, менин тушумда мындай лагерлер жок деген мурдун балта кеспес ишенимде болчу.

Андан уруксат алыш үчүн болгон аракетин жасаган Твардовский да чын дилинен эле мунун баары өткөн чак, анын баары жок болду деп ойлогон.

Твардовскийди түшүнсө болот: баш калаада жашагандар, аны менен чогуу жүргөндөр ошентип эле ойлошчу, мына алабаар келди, кармап кетүүлөр токтолду, бир эмес эки курултай өттү, тазаландык, жок деген кишилер кайсы бир жерден чыгып келип атышат, алар аябай эле көп экен, бирок кайтып атышат. Көздү тумандаткан боштондукка чыккандардын артында Архипелаг көрүнбөй калды, анын бардыгы билинбей калды.

А менчи, мен! Мен да ишенип албадымбы, бул мага кечиримсиз. Туура, мен Твардовскийди алдаганым жок. Мен ага аңгемемди, чындап эле өткөн турмуш тууралуу аңгемемди алып келдим деп ойлогом. Түрмөнүн шылдыр тамагын унута элек элем го, аны эч качан унутпайм деп ант бербедим беле. Ит багуучулардын кейпин кийип калдымбы? Архипелагдын баяндамачысы болом деп анын мамлекет үчүн керек экенин, ал өзү мамлекетке окшош экендигин билбей калдымбы? Мен өзүм, башкаларды билбейм, бирок мына буга, мына бул мыйзамга баш ийбейм дечү эмес белем?

Болгондун баары унутулат, калкыган сөөк унутулбайт.

Калкып чыкты го…”— деп жазган Александр Солженицын.

Окумуштуулардын ырасташынча, совет бийлиги кезинде репрессияга 25-30 млн адам туш келген. Буга атылгандар, асылгандар, абакка салынгандар, сүргүнгө айдалгандар, эркиндиги чектелгендер, жеринен көчүрүлгөндөр, бийликтен ыдык көргөндөр кирет.

Эл аралык “Мемориал” уюмунун маалымдашынча, репрессияга кабылгандардын саны 38-39 млн адамга жетет. Булардын 5 миллионго жакыны саясый айып менен кармалып, 1,1 миллион адам атылган. 6,5 миллион адам депортацияланган. 7 миллионго жакын калк ачарчылыктан жок болгон.

Башка бир адистердин маалыматында, 1923 – 1953-жылдары СССРде соттолгондор саны 40 миллион ашуун адамды түзөт. Бул эмгекке жарамдуу адамдардын ар бир үчүнчүсү соттолгондугун билдирет.

Адистердин ырасташынча, бул мезгилде абактарда 1,76 миллион адам каза болгон. Экинчи бир маалыматта мындайлардын саны 6 миллион адамга жетет.

Александр Солженицын “Башкаруучулар алмашат, Архипелаг кала берет” — дейт.

“Өзгөчө лагерлер карыган Сталинге жагып калган сүйгүнчүктөрдүн бири, деп ойлоого болот. Канчалаган тарбиялык жана жазалоочу жолдордон кийин ушул кабелтең жетишкендик: өзү бир түстүү, баары эсепке киргизилген, катып калган уюм, Эне-Мекендин этинен бөлүнүп алынган жалаңкыч, кирген из бар, чыккан из жок, жалаң душмандарды гана сугунган, өндүрүштүк жетишкендиктерди берип, артынан сөөк чыгарган мекеме. Баарын алдын ала билип турган Көрөгөч Уста өзү кыйналып-кысталып жүрүп түзгөн системасы кедеринен кетип, кылым турат деген системасы бир четтен сөгүлүп жок болуп атканын көрсө ичинен кан гана өтмөк”, —деп жазган Солженицын.

Мезгил өтүп, большевиктик бийлик адам үрөйүн учура турган жазалоо системасы азыноолок жумшарып, азыноолок акыйкаттыкка жол чабыла баштаганда эчен бейкүнөө адамдарды жок кылган, калптын казанын жүгүрүп жүрүп кайнаткандардын, коопсуздук, прокуратура, соттордун опсуз кылмыштары бир четтен калкып чыга баштаганда коммунисттик бийлик жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырып, ардактуу пенсионерлер жылуу-жумшак одүйнөгө узаганга чейин “мындайлар эми кайталанбайтка” байланыштуу материалдардын бир четтен жоготуп, өрттөп, тытып, кылым эсинен кеткис кылмыштын изин жоготууга киришти.

Александр Солженицындын «ГУЛАГ топ аралы» (“Архипелаг ГУЛАГ”) китеби дүйнө кезип, чындыктын үнүн окурман журтуна жеткирүүнүн үстүндө. Саясый көз карашы талаштуу жазуучунун артында калтырган адабий мурасынын баалуулугу ушунда.

Бекташ ШАМШИЕВ
«Азаттык»