АКМАТБЕКОВА Сагын: СЕРГЕЙ ЕСЕНИНДИН «КАРА КИШИ» ПОЭМАСЫ САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН КОТОРМОСУНДА

Поэма

Досум ай, досум, досум!
Оорумун, оорулуумун,
Оорумун өтө катуу.
Бул оору качан, кайдан
Жабышты, билбейм, билбейм.
Өзүмдөн өзүм кирдеп,
Өзүмдөн өзүм зилдейм.
Кечээ, же мурдагы ичкен
Кээриби ичкиликтин.
Жыйрылып кабак-кашым
Чыңалып ооруйт башым.
Ылымта, ыктоо таппай,
Ыргалам жерге батпай.
Күндөрү сентябрдын
Күбүгөн жалбырактай.

Кийими, ырай, түсү
Карадан кара киши,
Карадан кара киши
Карасы көзгө саяр.
Караңгы кирер замат
Кашымда болот даяр.
Барактап бир китепти
Ар сабын талдап, иргеп:
«Билчүмүн мен бирөөнү
Угуп ал, угуп ал! – дейт –
Ал өстү бир өлкөдө,
Айрыкча декабрда
Тумандуу асманынан
Актан ак жааган кары.
Алдамчы, алдым-жуттум,
А бирок адамдары.
Жаракөр, сүйкүмдүү түс
Жан эле авантюрист.
Анан да акын болчу
Кулаалы, тоту куштан
Куралган топту бузган
Курч, терең болбосо да
Кур эмес талант, шыктан.
Алпейим эле жигит
Ак сүйүп, өчүп-күйүп
Аялды кырктан өткөн
Гүлбурак кызга теңеп,
Жаным деп эркелеткен.
Ал айтчу: Бакыт кимде?
Эптүүдө, эсептүүдө.
Салбаска колду салуу,
Карабай эч нерсеге
Каалаган илип жемди,
Карышып алчуну алуу.
Жалтырап турсун тышың,
Жабыркап жан-көңүлүң
Ит үрүп… эчтеке эмес
Ичиңден иригениң».
Досум ай, досум, досум!
Оорумун, оорулуумун,
Оорумун өтө катуу.
Бул оору качан, кайдан
Жабышты, билбейм, билбейм.
Ыргалам ыктоо таппай,
Чачылам жерге батпай.
Күндөрү сентябрдын
Күбүгөн жалбырактай.
Ышкырып туш-тушуман
Тургансып ызгаар үйлөп.
Чыйрыгам, туталанам
Чырагым, отум күйбөй.
Көрүнөт дайым түндөп
Көңүлү, көзү кирдеп.
Карадан кара киши,
Карадан кара киши.
Олтурат, турат, басат
Кайдагы бир акындын
Качанкы ырын казат.
Казат да минтип айтат:
«Качандыр, качандыр бир
Калуга, Рязандабы,
Кыраңын жоош кыштактын
Кыялап эркин өскөн
Билчү элем бир баланы.
Барга тооп, жокко кайыл
Көзү көк, чачы сары
Бала эле пейли жайыл.
Ал кийин ырыс, жолдуу
Ааламга болбосо да
Алыска аты кеткен
Атактуу акын болду.
Алпейим болду жигит
Сүйүппү, же сүйбөппү,
Жубанды кырктан ашкан
Жубардай кызга теңеп
Жубум деп тааныштырган».
Досум ай, досум, досум!
Оорумун, өтө оорумун.
Оорумун кошул-ташыл,
Оорумун үзүк-созул.
Тирмиет… иңир кире,
Тирукмуш кара бирөө
Көзүмө көзүн матап,
Албаган мен моюнга
Арамдык, куулук аттуу
Аёосуз бир чындыкты
Ийчүдөй бетиме чаап…
Кайрылып терезеге
Караймын түрүп парда.
Кар мында, аяз анда
Кароолун ак аткарган
Кароолчу атчандардай
Карабак тараптардан
Карк этет жалгыз карга.
Күтөмүн көңлүм зилдеп,
Көрүнүп дайым түндөп:
«Билүүмчө сен дагы акын
Ырлардан чырга жакын,
Киркирейт: «Билдиңби?» – деп,
Зиркирейт: «Көрдүңбү?» – деп,
Дайынсыз көптөн бери,
Не кылып, кайда жүрөт?»
Кабагы, ырай, түсү
Карадан кара киши,
Карадан кара киши!
Кайдагы акын менен
Бар менин кандай ишим.
Жосунсуз адаттарын,
Жоготуп адашканын,
Жомогун, санааттарын
Башкага айт, мага айтпагын!
…Тумчугуп тирилип, өлүп,
Туттугуп, жиним келип,
Тулгадай союл менен
Тумшукка калдым берип.
…Ай батып, таң агарып
Албырды Чыгыш сууган,
Бөлөк жан, бөлөк из жок
Бөлмөмдө жалгыз турам.
Катыгүн, караңгы түн!
Калкыттың кандай ишти
Артымда дубал бүтүн,
Алдымда сынган күзгү.
1925

Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА,
Ала-Тоо, апрель, 2016