АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: АЙЛАКЕРДИН АМАЛЫ

Тамсил

Кайдан-жайдан учту кут:
эгин суусу буулуп,
чөп-чары куурап,
тоо-талаада өсүмдүк өспөй
мал-жанга түштү жут.
Арстан, Илбирс, Жолборс…
акылмандар жол издеп,
башын баары катырды.

Калгандар да тим турбай,
аман калуу жолун ойлоп,
оокат табуу көйгөйүн козгоп,
улуу-кичүүгө акыл салышты…
Тамак аттуунун баасы ашты.
Сакалдуу Эчки
далайдан бери
эртели-кеч акыл сала,
мекиренип,
кээде кекирейип
ич күптүү болуп жүргөн.
Башчылыкка жетүүнүн амалын ойлоп,
баш айланма убакты күткөн.
Акылманды түгөл
ороого түртүп,
өзүнө атаандашпас, жол талашпас
жан-жаныбар менен
калуунун айласын түздү.
Тилине кирсе,
максатына жетип,
чалкалаарын билип,
тымызын күлдү.
Ортого чыгып:
— Мен айтам акыл,
бириң калбай мени ээрчи, – деди.
— Таап беремин көк майсан чөптүү
тулаңы мол,  өстөндүү жерди…
Ал жерде жыргайсыңар;
— ичкениңер – булак,
таза аба болот, жутканыңар!
Мамык болот, жатканыңар!
Кыскасы
бакытка балкып, куунайсыңар!…
Ага ишенди баары:
Эл башы болгон
Арстан, Жолборс, Илбирс
Аюу дагы.
Эчкинин жетеги менен
эпсиз жол басышты.
Курсагы ачып,
тамагы какшып,
кайрат-кубат,
сүлдөрү качып,
жыгылаарга араң калышты.
Алдыда бараткан Эчки
аларга айтты кепти:
— Менден артта калбагыла!
Күчүңөрдү чамдагыла!
Мен айтканда секиресиңер
тулаң чөпкө жетесиңер!…

Аны уккандары
жарыша чуркашты.
Жар башына жеткенде
Эчки ойт берип,
четке чыга качты.
Жабыла чуркагандар
жол талашып,
күүлөнүп барып
биринен бири ашып,
таштан-ташка урунуп,
терең аңга түштү күп.
Бири калбай эсен-соо
аңга толду өлүмтүк…

♦ ♦ ♦

Арада бар
Эчкидей куу, шүмшүк.
Өз максатына жетүү үчүн
ак жүрөк,таза адамды жок кылышат,
түрдүү  жосунга ар качан  түртүп.