АСАНБЕК Жетиген: ЭЗОП: МЫШЫК МЕНЕН КОРОЗ

Мышык корозду кармап алып жегиси келет. Аны жакшы ниет менен жемекчи болгондой түр көрсөтөт. Адегенде аны түн бир оокумда кыйкырып, уйку бербей элдин тынчын аласың деп күнөөлөйт. Анда короз, башкаларга эле жакшы болсун деп жүргөнүн, уктап калбай эрте туруп, күнүмдүк тирлигин кылсын дегенин айтат. Анда мышык:

— Сен абийирсизсиң, энеңди да, эже-карындаштарыңды да табиятка каршыгып жашырып жүрөсүң, – дейт.

— Кожоюнга эле пайда болсун дейм, жумурткасы көп болгону жакшы эмеспи, – дейт Короз. Айласы түгөнгөн мышык:

— Эмне десем да жообуң даяр болсо эле, жебей калат дейсиңби? – деп ач айкырык салган экен.

Бул тамсил карамүртөз адам караниети кармаганда, жакшы иш кылгандай көрүнмөкчү болуп, болбой калса, ачыктан ачык эле жаман ниетин ишке ашырарын билдирет.

Түлкү менен отунчу

Мергенчилерден качып бараткан түлкү отунчуну көрө коюп, айланайын жашыра тур деп жалынат. Отунчу кирип жашын деп, үйүн көрсөтөт. Көп өтпөй мергенчилер да жетип келип:

– Ушу жактан түлкү көрүндүбү? – деп сурашты. Отунчу үнүн бийик чыгарып:

– Көрбөдүм, – деди, бирок колу менен түлкү жашынган жерди мергенчилерге жаңсап көрсөтөт.

Мергенчилер отунчунун айтканын угушуп, а колу менен жаңсаганын байкабай калып, жолго түшүштү. Түлкү алар узаганча күтүп, караан көрүнбөй калганда, үн-сөзсүз жыла басып жөнөй берди.

– Эмне, тилиңди жутуп алдыңбы? – Отунчу күңкүлдөйт, – Өлүмдөн алып калсам да, бир ооз ракматка жарабайсың.

– Ракмат дейт болчумун, колуң сөзүңө жараша кыймылдаган болсо, – дептир анда түлкү.

Бул тамсилден өз пайдасын көздөп, сөзү менен иши эки ача адамдарды көрсөк болот.

 Короздор жана кекилик

Бир адам короз бакчу экен. Күндөрдүн бир күнүндө ага базардан үйдө багылган кекилик учурайт. Короздорго кошуп багайын деп сатып алып, үйүнө алып келет. Короздор аны жакын жолотпой чокулап, кууп салышат. Ызаланып көңүлү чөккөн байкуш кекилик булардын тукуму болбогондон кийин мени баары бир жактырышпайт деп ойлоду. Көп өтпөй короздордун бири-бирин канжалата чокушуп, урушуп жатканын көрдү. Ошондо ал: “Аа, кокуй, короздор мени чокуйт, кууйт деп таарынбай эле коёюн. Өздөрүн да аяшпайт турбайбы”, — дептир.

Акылдуу адамдар да жакындарын аябаган адамдардын жаман мамилесине болгону ошо болсо эмне кылсын деп, анчейин капа болушпайт тура.

Кыргызчалаган Жетиген АСАНБЕК